«Мени жанынан артык сүйүп, сыйлап турган Намыста эмне күнөө? Ал сымбаттуу, жогорку билимдүү, колунда бар үй-бүлөнүн баласы болгонуна карабай, мен карапайым айылдык бир жигитти сүйүп калдым...» деп кеп баштады редакцияга келген ак жуумал Мээрим аттуу бийкеч.
СҮЙГӨН КЕСИП
– Кичинекейимден орган кызматкери болууну самап, мектепти аяктаган соң Ички иштер министрлигинин академиясына тапшырып, аны ушул жылы аяктап, милициянын лейтенанты деген даражага ээ болдум. Сүйгөн кесибимдин ээси болдум деп кубанычым койнума батпай турганда мага Баткен облусунун Тажикстан менен чектешкен айылдарынын биринде иштөө жөнүндө буйрук чыкты. Буйрук деген буйрук, ал жерге барып иштөөгө каршы болгон жокмун. Бирок ата-энем, бир-туугандарым, курбуларым жадакалса 3 жылдан бери сүйлөшүп жүргөн жигитим да каршы болуп туруп алды. Жигитим турмуш куруу тууралуу сунуш киргизди. Мен макул болбодум. Ага жок дегенде бир жыл иштеп, анан турмушка чыгарымды айттым. Бишкекте төрөлүп-өскөнүмө байланыштуу жакындарым «сен шаарга көнүп калгансың, айылда иштей албайсың. Ал жакта байланыш, интернет да жок...» деп айтышты. Мен оюмдан кайткан жокмун.
Кесибиме аябай берилгендиктен, эч кимдин сөзүн укпай Баткенди карай жөнөдүм. Айласы кеткен ата-энем макул болуп ийгилик каалады. Атам мени алып келип, жайгаштырып кетти. Жумушта баары мени жылуу тосуп алышты. Тез эле аларга аралашып, жергиликтүү жашоо-шартка көнүп кеттим. Менин алыстан келип иштеп жатканыма түшүнүү менен мамиле жасап, колдорунан келген жардамдарын берип, колдоо көрсөтүштү.
Кесиптештеримдин арасынан Кайрат аттуу жигит экөөбүз жакын жашагандыктан, жумушка чогуу келип-кетчүбүз. Ал мага көп жардам берип, иштин айынан кеч калган күндөрү күтүп, үйгө жеткирип койчу. Ошентип жүрүп экөөбүз достошуп калдык.
БААРЫНА ДАЯР НАМЫС
– Жигитим менен телефон аркылуу сүйлөшүп турсам да, Кайрат менен болгон жылуу мамилебиз сүйүүгө айланды. Мени жанынан артык көрүп, сүйүп, сыйлап турган Намыста эмне күнөө?.. Ал сымбаттуу, жогорку билимдүү, колунда бар үй-бүлөнүн баласы болгонуна карабай, мен карапайым, айылдык бир жигитти сүйүп калдым. Жигитиме аны сүйбөөрүмдү айтуу мен үчүн өтө оор эле. Экөө менен тең сүйлөшүп жүрдүм. Убакыт өтүп, Намысты эмес, Кайратты сүйөрүмдү түшүнүп, Намыска баарын айттым. Башка бирөөнү сүйөрүмдү билсе да, ал мага үйлөнүүгө даяр. Намыс, мени кечир, жүрөккө буйрук бере албайт экенсиң. Мен чындап Кайратты сүйүп калдым. Мен сени сыйлайм жана алдай албайм. Туура түшүнөсүң деп ишенем. Айла жок ушинтип гезит аркылуу сага кайрылууга аргасызмын. Бактылуу бол!
Мээрим