ЧЫРДАН ЧЫККАН ӨЛҮМ

2012-жылдын 13-сентябрь күнү Нарын ШИИБинин нөөмөт бөлүмүнө «Нарын шаарынын М.Исаков көчөсүнөн бычактан жаракат алып бир адам каза болду» деген маалымат түшкөн. Иликтөө иштеринин натыйжасында өлгөн адам Нарын шаарынын тургуну, 1987-жылы туулган Бекболот Курманкожоев болуп чыкты. Бул кылмышка шектүү катарында Нарын шаарынын тургуну О.М. кармалды. 13-сентябрь күнү саат 16:00 чамасында Бекболот досу менен бирге атасы Жанышты издеп Гүлнара аттуу айымдын үйүнө барган. Бирок кожойке үйүндө жок болгондуктан, анын уулу О.М. сыртка чыгат. Бекболот менен уруша кетишип, ыза болгонунан бычак менен Бекболотту бир жолу жүрөк тушуна жана бир жолу сол колтук тарабына сайып жиберген. Жогорудагы факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 516, 21-27-сентябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан