Ушул жылдын 11-сентябрь күнү саат 22:30 чамасында Ат-Башы районунун Бишкекке каттаган автобусу Нарын шаарынын автобекетине токтогон. Ошол жерден жашы 35 чамасындагы адам «мен милиция кызматкеримин, паспортуңар барбы?» деп Ат-Башы районунун тургундары Орозалиев, Асанкулов, Боогачиевди коркутуп, өзүнүн Гольф-3 автоунаасына салып, «айып төлөйсүңөр» деп ар биринен 170 сомдон акча алып, белгисиз тарапка качып кеткен.
Бул факт боюнча Нарын ШИИБи тарабынан кылмыш иши козголуп, Ат-Башы айылынын тургуну, мурда сот жообуна тартылган Ж.Н. кармалган. Текшерүүнүн жүрүшүндө кара түстөгү Гольф-3 үлгүсүндөгү автоунаанын документи жок болуп, аны Ж.Н. Каракол шаарынан уурдап келгендиги аныкталган. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.