ӨКМӨТ БАШЧЫ НАРЫНДЫКТАРДЫ КУБАНТТЫ

Ноябрь айынан баштап минималдуу өлчөмдө пенсия алгандардын пенсиясы көбөйө турганын өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев Нарын облусундагы иш сапарында айтты. Аны менен катар өкмөт башчы социалдык төлөмдөрдүн баары кечиктирилбестен берилип турарын, ал үчүн керек болсо акимдердин, министрлердин айлыгы кыскара тургандыгын да белгилеп өттү. Премьер-министрдин Ат-Башыдагы эл менен жолугушуусуна айылдын тургуну, I топтогу майып Зарлык Бакалов өзү жасап алган жыгач коляскасы менен келип, ага собол таштады.
З.Бакаловдун айтымында, анын үйүнүн чатырын катуу шамал алып кеткен. Аялы экөө биригип 7 миң сом пенсия алышат. Майыптарга арналган арабасы жоктугуна байланыштуу өзү жасап алууга аргасыз болгонун билдирди. Аны уккан Жан­төрө Сатыбалдиев мындай майып, жардамга муктаж кишилер аткаминерлерге эмес, тескерисинче, алар майыптардын үйүнө барып кабар алып турушу керек экенин айтты. Ошол жерден район акими Ильич Максүтовго З.Бакаловдун маселесин чечип берүүнү тапшырды.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
KR-777
2012-09-25 11:35:44
Жантро мырза ишин, айыл жергелерин кыдыруу менен башталду, элден кабар алып, элдин койгойлуу маселелерин чечиш зарыл, элди колдоп, элге кызмат кылган киши, элдин колдоосунда болот дайыма
0
Lion-x
2012-09-25 11:43:11
Азыркы Окмот башы оор учурда келди бул оордуна, бюджетте дефицит, кыш алдыда, социладык тармакка акча жок, депуттар саясий оюндар менен алек болгону аз келгенсип, бул адамга бут тосууда 22 кундо жакшы иштебесе башка Премьерди шайлайбыз деп. Мындай адам элибизге жардам кылмак тургай, кайра ишке жаны келген адамды сынга алып, ишине тоскоолдук кылып жатат
0
Nasipa
2012-09-28 06:26:55
Урматту министирлер, депутаттар, Атамбаев айткандай чондор, "Качан карапайым калктын турмушун ойлойсунар? Токтотсонор боло кресло талашканды. Канчага чейин ызы-чуу болуп только озунорду ойлойсунар. Озуунар мн быдылдабай реалдуу иш кылбайсынарбы?
Жаштарды колдоп, айлык, пенсияны которуп.
Кыргыз эли тарап бутту ар жакка. Жакында кенедей Кыргызстанды жоготуп алуу коркунучуу турат. Ойлонуп иш кылгыла, эл учун иштегиле. Мен кыргызстан онолот деген ойума терен ишенем"
0
№ 516, 21-27-сентябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан