МУГАЛИМДЕРДИН МЫКТЫСЫ АНЫКТАЛДЫ

Нарын райондук билим берүү бөлүмү «Жаш мугалим» жана «Жыл мугалими» аттуу кароо-сынагын өткөрдү. Сынак 15-сентябрда академик Үсөн Асанов атындагы мектеп-лицейинде болду. «Сынактын негизги максаты – мугалимдердин чыгармачылыгын, жигердигин арттыруу, мыкты педагогикалык көрсөтмө куралдарды, табылгаларды таап чыгуу»,- дейт калыстар тобунун мүчөсү Бурулсун Исакова.
«Жаш мугалим» сынагында 1-орунду математика мугалими Медина Эсеналиева, 2-орунду информатика мугалими Гүлсүн Исакова алса, 3-орунга Сабыргүл Миң­жа­шарова ээ болду. Ал эми «Жылдын мыкты мугалими» деген наамга жана баш байгеге англис тили мугалими Жазгүл Калматова татыды. Аталган сынакта 1-орунду Гүлсүн Самакова, 2-орунду математика мугалими Айнура Абдылдаева, 3-орунду башталгыч класстарынын мугалими Астра Асанкожоева алды. Сынакта нааразы болгондор да болбой койгон жок. Эскерте кетсек, сынак үч жылдан бери өткөрүлүп келет.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 516, 21-27-сентябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан