Ош шаарында жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу үчүн автотыгын көп болгон жерлерге жер алдынан өтүүчү жол курулат. Бул боюнча Ош шаардык мэриясынын маалымат катчысы Гүлжан Ажыматова төмөнкүлөрдү маалымдады:
– Шаардагы автотыгындын негизинде жер астына жол куруу иштери каралган. Бирок ага көп каражат жана убакыт керектелет экен. Ал пландар ишке ашканга чейин жөө жүрүүчүлөр үчүн автотыгын көп болгон жерлерге жер алдынан өтчү жол куруу демилгеси Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов тарабынан көтөрүлдү. Бирок качан, кайсы жерлерге курулары аныктала элек.