Ош шаарынын тургуну, ардагер журналист, Жазуучулар союзунун мүчөсү, пенсионер Токтогул Кенжеев биздин редакцияга пенсияны бөлүштүрүүгө нааразы экенин билдирип кат жазган. Кадырлуу карынын катына кайдигер карай албадык.
– 76 жаштамын, бутум, боорум ооруйт. Түшүп калган тиштеримди салдырууга да акчам көп кетип калып жатат. Алган пенсияма нааразы эмесмин, Кудайга шүгүр. 1996-жылы пенсияга чыкканымда бардык документтер такталып, өзгөчө эмгегим үчүн пенсионер кылышкан.Мурдагы персоналдык пенсионердин жеңилдиктери сакталган. Бул ак ниет эмгекти адилеттүү баалап, аксакалдарды ардактаган көрүнүш эле. Бирок кийин Данияр Үсөнов ардагерлерге туура эмес иш кылды. Арзан жолдомо менен курортко барууну тыйып, бекер тиш салдырууну токтоткон.
Бул боюнча Ош шаардык Социалдык коргоо башкармалыгына кайрылсам, «билбейбиз!» деп коюшту. Өзгөчө эмгек сиңиргеним кайда калды эми?! Өкмөт эки жолу пенсияны көбөйтүп жакшы атка ээ болгону жагымдуу. Бирок пенсиясы аздарга 40, көп пенсия алгандарга 3 пайыз кошкону тамашабы?! Бул ардагерлерге оор тиерин билбейби?! Өзгөчө эмгек кылгандар менен катарда иштегендердин пенсиясын теңдеп койгонунун жообун эч кимден таба албай жатам. 2010-жылдан берки пенсияны көтөрүү жана бөлүштүрүү зээнимди кейитип жатат,- дейт Токтогул Кенжеев. Карыянын катына жооп издеп Ош шаардык Социалдык фондуна жана Ош шаардык Социалдык өнүктүрүү башкармалыгына кайрылдык.
Надежда Кривова, Ош шаардык Социалдык фондунун пенсия бөлүмүнүн жетекчиси:
– Токтогул Кенжеев Ош шаарында өзгөчө эмгеги үчүн пенсионер. Ал айына 11 153 сом пенсия алат. Булар боюнча документтер Бишкекте сакталат. Менде болсо, алгач канча алганын карап бермекмин. Өзгөчө эмгек кылгандар менен жөнөкөй пенсионерлердин пенсиясы теңелген жок.
Сыргагүл Султанова, Ош шаардык Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын акчалай төлөмдөрдү дайындоо секторунун башчысы:
– 2010-жылга чейин пенсионерлер үчүн коммуналдык төлөмдөргө 50 пайыз жеңилдик каралган. Ошол жылы энергия булактарына тариф саясатынын өзгөрүшүнө байланыштуу жарандардын айрым категорияларына акчалай компенсацияларды төлөп берүү жөнүндө президенттин 511-буйругу чыккан. Ошол буйрукка байланыштуу пенсиядагы жарандардын жагдайына карата категориялар бөлүнгөн.
Улуу Ата Мекендик согуш учурунда тылда эмгек кылып майып болгондорго 2000 сомдон, ал эми тылдагы эмгеги жана кынтыксыз аскердик кызматы үчүн СССРдин орден жана медалдары менен сыйланган, майыптыгы жок пенсионерлерге 1000 сомдон берилүүсү каралган. Токтогул Кенжеев мына ушуга кошулат. Сууга, электр энергиясына, таштандыга төлөнүүчү акчалар ушул 1000 сомдун ичинде.
Жолдомо боюнча, 2010-жылга чейин персоналдык пенсиядагы жарандар жыл сайын 50 пайызга арзандатылган жолдомо алып турушчу, азыр андай жок. Болгону, Ош шаардык кеңеши тарабынан «пенсиясы 4000ден ашпагандарга шаардык бюджеттен жардам көрсөтүлсүн» деген буйрук кабыл алынган. Ошонун негизинде биз пенсиясы 4000ден ашпаган пенсионерлерге жардам беребиз.