Ош шаарындагы аты чыккан ырчылардын ырларына «жан киргизип», клип тартып жаткан жаш жигит бар. Башка клипмейкерлерден жашы менен айырмаланган Нурсултан Кубатовдун чыгармачылыгына кызыкдар болдук.
Туулган жылы – 1994.
Кичи мекени – Кара-Кулжа району.
Хоббиси – Музыка угуу, кино, клип көрүү.
KG Эльмураттын «Сүйүүнүн күчү», «Кереги жок» аттуу ырларына, Сапар Исаковдун «Сенсиз жаным» ырына клип тарткан.
Учурда – Финансы-юридикалык колледждин студенти.
– Нурсултан, режиссёрлук сен үчүн эмне?
– Мени режиссёр деп атоого эрте. Улуу режиссёрлордон кечирим сурап туруп, бул тармакты кеп кылып берейин. Мен кичинемден режиссёрлукка кызыгып, анын пайдубалын клип тартуудан баштадым. Кыска метраждуу кинолорду тартып отуруп, бара-бара кино жаатында чебер болгум келет.
– Клип тартып жатканда сенде канча адамдын көз карашы пайда болот?
– Биринчиден, кайсы муундагы адамдарга арналып тартылып жатканына маани берүү зарыл. Анан ошого карап окуяны чагылдырып жаткан адамдардын образына өзүң түшөсүң. Терс роль жаратып жатса, анда ошол адам болосуң дегендей. Негизги нерселер ушулар болот. Анан түшүнүгү ар кандай көрөрмандар болот. Алардын көз карашына салып майдалап отурбайсың. Негизи, мен каармандардын гана эмес, көрүүчүлөрдүн да көз карашын колдонуп тарткым келет.
– Кандай жанрдагы кинолорду баалайсың?
– Мен романтика жана боевик кинолорду жактырам. Романтикалуу кинолорго көп адамдар кызыгат. Ал эми боевик кинолор бизде аз тартылат. Эгер мен кино тартсам, жөнөкөй кылып тартмакмын. Эл байлык-бийликти көп сындайт, ошого көп берилет. Адамдардын аң сезиминен мындай терс көрүнүштөрдү алып чыгуу үчүн романтикалык маанайдагы же корей стилиндеги жөнөкөй, бирок мааниси терең тасма тартсам деп ниет кылып жүрөм. Кыргыз киносуна чоң салым кошсом дейм.
– Клип тартууда кимден сабак аласың?
– Белгилүү клипмейкер Эрнист Сыдыков байкебизден сабак алам. Ал мага кеңештерин айтып турат.
Орус клипмейкери Павел Худяковдун клиптерин көрүп тажрыйба топтойм. Чет элдик ырчылардын акыркы клиптерине маани берем. Кандай өзгөрүүлөр болуп жатканын байкайм. Жаштардын табитине төп келген идеяларды издейм. Кайталанып келген эски стилден чыгып, жаңылануу алып келгенге аракет кылам.
Уулбү Каныбекова
оsh@super.kg