Көк-Ой айылы – Талас районунун борбору. Мына ушул айылда 2012-жылдын 18-сентябрында Талас шаарында жана Талас районунун аймагында жайгашкан 28 мектептин бүт окуучуларына спорттук бут кийимдер бекер таркатылды. Тагыраак айтканда, 10 400 окуучу «ADRA» гуманитардык жардамдар агенттиги аркылуу бекер бут кийимге ээ болушту. Бул иш-чара Көк-Ой айылында жайгашкан №6-кесиптик лицейдин имаратында болуп өттү. Ар бир мектептин директору жана алардын орун басарлары, ата-энелер комитети жана окуучулар арасындагы лидерлерден турган комиссиялар келип, өз мектептериндеги окуучулардын санына жараша бут кийимдерди алып кетип, мектептерде таркатууну улантышты.
Мындай бекер бут кийим Талас районунун акиминин орун басары Азиат Жаркыналиеванын атайын долбоор жана чет элдик донорлор менен иштешинин арты менен келгенин айта кетели. Андыктан ата-энелер, мектеп жетекчилери Азиат айымга алкышын аяшкан жок.