Касымалы Жантөшев атындагы музыкалык драма театрында 17-сентябрь күнү театрдын 30-сезондук ачылыш аземи болуп өттү. Салтанаттын көшөгөсүн театр жетекчиси Курсант Абдрахманов куттуктоо сөзү менен ачты. Андан сырткары КРнын Маданият жана туризм министринин Ысык-Көл облустук өкүлү Эркин Исмаилов жана аталган театрдын көркөм жетекчиси Орунгүл Кожомкулова дагы салтанатка катышышты. Андан соң «Өлүп-тирилгендер» спектакли элге көрсөтүлдү. Сезондун ачылышына карата үч күн катары менен театр жамааты даярдаган спектаклдер көрсөтүлөт.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.