ЖУМУШ ИЗДЕГЕНДЕР КӨБӨЙДҮ

Ысык-Көл облусунда жумуш издегендердин саны күн санап көбөйүп барат. Жаштар, эмгек жана ишке орноштуруу бөлүмүнө Каракол шаары боюнча жарым жылда 2000ге жакын адам жумуш издеп кайрылышкан. Алардын ичинен атайын жумушсуз деген статусу барлардын саны 800гө жакын. Бул тууралуу Жаштар, эмгек жана ишке орноштуруу башкармалыгынын Ысык-Көл облустук бөлүмүнөн кабарлашты. Жакынкы аралыкта эле шаардагы эмгек рыногунун абалы жөнүндө мониторинг жүргүзүлгөн. Анда программист-администратор, жогорку квалификациядагы тигүүчүлөр, экскаваторчу, соода агенттери, слесарь-монтажчы, гид-экскурсовод кесиптери талап кылынып жатканы белгилүү болду. Ал эми быйыл жумушка орноштуруу жана жумушсуздардын санын азайтуу аталган министрликте күн тартибине бекем коюлган маселе.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
AFRODITA-89
2012-09-24 14:17:21
нет коммент...
0
TolonturCN
2012-09-26 10:27:37
Жумушсуздарды да өкүмөт көзөмөлдөп туруусу зарыл, укук-таламын коргоп, тартипке салып дегендей.
0
Mirza-Ake
2012-09-29 23:31:34
Билбейм.Кайда баратабыз.Эртен эмне болот.Жашоо туман.
0
№ 516, 21-27-сентябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан