«КУМТӨРГӨ» УУРУ КИРИП...

Кумтөр» алтын-кен ишканасынын вице-президенти Жети-Өгүз РИИБине арыз менен кайрылган. Анын бил­ди­рүү­сүндө, 16-сентябрь түнү белгисиз адамдар компаниянын борбордук кампасына кирип, кабель уурдап кетишкен. Уурдалган кабель 81 метр келген ЗС,1/0 AW-2KV үлгүсүндөгү, наркы 2985 долларга барабар экендиги такталган. Ошол эле күнү ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында изи сууй электе Даркан айылынын 25 жаштагы тургуну А.А. аттуу адам кармалып, андан далил катары уурдалган кабель табылган. Бул боюнча 164-берененин негизинде иш козголуп, иликтөө иштери жүргүзүлүп жатканын облустук ИИБнин басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
TolonturCN
2012-09-25 17:11:01
Кумтөрдөн жаралган арман бүтпөй жатса, өз байлаыгыбызга суук колду салбай эле жашасак эмне.
0
samirchik
2012-09-27 22:30:44
кумтордон жаралган кайсы арманын бутпой жатат? ден соолукту бузуп жатышат, жаратылышыбызды булгап казып бутушту, алтындарыбызды ташып кетищти деген арманбы? ооба бир чети мен да кошулам бул нерсеге. НО кумтор канчалаган бюджетти жаап келе жатат. экинчиден канча уй булону багып жатат. Ысыкколдо кумтордо иштегендердин баары байлар. так что... Кумтор жабылбай иштеп турсун. Иштегендерге ден соолук берсин Жараткан!!!
0
samirchik
2012-09-27 22:34:21
а дархандык келесоону карасан, кумторго ууруга киргенин... чала болот камалып жат эми. жашоодон жок же кабельден жок болуп.

0
fanat.kg
2012-09-30 21:40:19
Канадалыктар уурдагандан коро озубуз уурдаганыбыз жакшы :), уурдап албасак биз кыргыздарга кумтордон 1грамда алтын тийбейт хехе:-).
0
№ 516, 21-27-сентябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан