Ысык-Көл облусунда акыркы 8 ай аралыгында жалпысынан 230 баш мал уурдалган. Анын 131и ээлерине кайтарылган. Ал эми түн ичинде 101 мал уурдоо боюнча факт катталган. Мында мал ээлеринин күнөөсү да болууда, мал жоголгондон 10 күндөн кийин гана милицияга кайрылгандардын саны арбын. Мындан улам облустук ички иштер башкармалыгы мал уурдоонун алдын алуу максатында түнкү күзөт жүргүзүүчү элдик кошуундарды уюштурууну колго алып, аны ишке ашыруу үчүн райондук жетекчилерге тапшырды. Уюшулган кошуундар райондордогу калктуу пункттарда иштей тургандыгын облустук ИИБ маалымдады. Мындай ыкма мал уурдоого ишенимдүү бөгөт коё алат. Эми түнкү күзөтчүлөрдүн ишин уюштуруу жоопкерчилиги райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн башчыларына жүктөлөрү белгилүү болду. Таман акы, маңдай тери менен табылган малдарын колу туткактарга алдырып жибербөө үчүн ушундай жол чын эле оң болор.