АПАМДЫН СЕГИЗ ЖАЛГАНЫ

Биздин гезиттин www.super.kg cайтында «Жүрөк сыры» бөлүмүндөгү lifeview аттуу колдонуучунун эне жөнүндөгү билдирүүсүнө көзүм түштү. Ал бирөөнүн жазган каты тууралуу экен. Ошол кат мени терең ойго салды. Ал тургай аны окуп отуруп тамагым буулуп, мукактанып, көзүмө жаш тегеренди. Апамды сагынганымды, анын мээримин эңсеп турганымды туюп, ага телефон чалдым... «Ал кандай кат болду экен?» деген ой жаралып жатса керек окурманда. Ал катты сиз да окуп көрүңүзчү. Көрсө, энелер дагы жалган айтышат экен, бирок...

Бардыгы мен кичинекей кезден башталды. Кедей үй-бүлөдө төрөлгөм. Тамак эч качан жетчү эмес. Бир нерсе болуп калса, апам өзүнүн тамагын мага салып берчү. Табагыма салып жатып мага жылмайып «ал, балам, мен ачка эмесмин» деп коёр эле. Бул апамдын биринчи жалганы.
Маал-маалы менен мага балык бышырып берчү. Бир жолу карасам, мен жеп бүткөн балыктын сөөктөрүн тазалап жаткан экен. Абдан жаман болуп кетип, «коюңузчу, апаке, мына муну чогуу жейли» десем, «жок, балам, өзүң эле же, мага балык жакпайт деле» деп койду. Бул апамдын экинчи жалганы.
Окуума акча керек болуп калды. Апам почтадагы жумушунан тышкары башка ишкананын кагаздарын да үйдөн толтурчу болду. Бир түнү ойгонуп кетип карасам, апам шамдын жарыгында жазып отурган экен. «Апа, кеч болуп кетти, эс алыңыз. Эртең менен эрте жумушка барышыңыз керек» десем, апам сүйүктүү көздөрү менен мени карап, «алтыным, жата гой. Чарчаган жокмун» деди. Бул апамдын үчүнчү жалганы.
Мамлекеттик экзамендер башталды. Колдоп келген апам мектептин короосунда мени беш-алты саат күтүп калды. Экзамен бүтөрү менен дароо апамдын жанына бардым. Ал мага суусундук ала келиптир. Сүйүнүп ичип жатып, апамдын да ысыктан чарчап, оозу кургап калганын байкап бөтөлкөнү сунсам, «жок, балам, апаң суусаган жок» деп жооп берди. Бул апамдын төртүнчү жалганы эле.
Кийинчерээк атамдын оорусу күчөп, акыры көз жумду. Ошондо бечара апам абдан кыйналды. Күндөн күнгө жашообуз оорлой берди. Айылдагы кошуналар апама «турмушка чыгып ал, жашсың, сулуусуң» деп айта башташты. Бирок апам «мен сүйүүгө муктаж эмесмин» деп койчу. «Өгөй атаны каалабайт» деп мени ойлогон окшойт, азыр ойлосом. Бул апамдын бешинчи жалганы болчу.
Университетти бүткөндөн кийин шаарда эле калууну чечтим. Апам пенсияга чыкты. Бирок ал дагы деле базарга чыгып, жер-жемиш сатып иштеп жүрдү. Мен жиберген акчалардын бир тыйынын да коротпостон чогултуп, «мага баары жетиштүү, өзүңдүн керегиңе жарата бер» деп кайра берер эле. Бул апамдын алтынчы жалганы.
Чет өлкөдө окуумду улантмакчы болдум. Ал жактан жакшы жумуш да чыгып калды. Апама «жүрүңүз, апаке, мени менен бирге жашайсыз» десем, мени кыйнап койбоюн деген ойдо «жок, менин башка жакка көнүп кетишим кыйын» деди. Бул апамдын жетинчи жалганы болду.
Бир нече жылдан кийин апам ашказан рагы менен ооруканага жатып калды. Кыргызстанга кайра келдим. Бөлмөсүнө кирсем, араң дем алып жаткан экен. Абдан карып калгандай көрүндү мага. Жанында отурганымда мени карап, кабатыр болбосун дедиби, айтор, жылмайганга аракет кылды. Бирок оору апамды өтө эле алсыз кылып коюптур. Акыбалы оор болуп калган экен. Көзүмдөн жаш агып, ичимден абдан жаман болуп жаттым. Болушунча өзүнө келгенге аракет кылып, «алтыным, ыйлабачы, мен кыйналбай элемин…» деп коёт. Бул апамдын сегизинчи жалганы эле.
Сегизинчи жалганын айткан соң бул дүйнөдөн өтүп кетти.

Мен бул катка эч нерсе кошумчалагым келбей турат. Бир гана: «Апалар, көп жашаңыздар!»- дегим келет.

Салтанат Мукасова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (63)
AFRODITA-89
2012-09-30 21:01:32
Аял деген: Апан-алдейлеген, эжен-эркелетип которгон, карындашын-сага эркелеген, уйундун-куту, кирсен сага жаркыраган! Аял деген-балдарындын энеси, керек болсо жанын берген. Аялды абайлабасан, озун кана кор болосун!
0
mahabat08.07
2012-10-01 00:04:27
Altynym enekem menin
Berekem baldaryn kutu senin
Enekem sagyndyk bis
Kyinaldyk bis sensis
Tawtap kettin sysdadyk
Kaldyk bis jyrokty ese yiladyk
Enekem sagyndym seni korgym kelet
Senin enelik meerimine batkym kelet
Mamalap jysyndo aittkym kelet
Ku4aktap enekelep janynda bolgum kelet
Enekem menin kyndo yilap jan dyinom kyiot
Yilap kyndop sen y4yn i4im kyiot
Altynym enekem kan4a kyinaldym
Ar bir kos jawym menen seni en
0
mahabat08.07
2012-10-01 00:12:32
Ar bir kos jawym menen seni ensep esile osymdy kyinadym
Senin bir akyl sosyndy uukkum keldi
Seni bir ku4aktam, seni bir jysyndy korgym keldi
Tawdadyn enekem baldaryndy
Bisdin kosybysdy seni ensetip jaldyrady
Jaldyrattyn bisdi kyndop kosdy jawka toltura
Jyrogyndo saga ait4u syrlar toltura
Kyiyn kyndor otty altyn enem Kimge aitam any, kim dep aitam
Jyrogymdyn syryn kimge a4am...sagyndym altyn enem
0
beuty
2012-10-05 13:12:34
ой мен да апакемди сагынып кетим аябай ыйлап албадымбы,эки жолу окуп чыктым сонун жазылыптыр.Мен да азыр алыс жакта журом , апам чалам, созсуз эмне дейм апалар бар болгула ден соолугунар бекем болушун кудайдан тилеп кетем.
0
bemakg
2012-10-07 20:48:46
ar biribizdin mandaiybyzga ata-enebiz aman bolsun,mama sagindim sizdi buiursa 1juma kaldy
baraarima
0
emilkyrshab
2012-10-13 23:16:56
ооба мен да апамды сагындым,коро элегиме 3 жыл болду,мени апам ушиньип алдап коёт,баары жакшы деп,суротторун карасам,каарып кетиптир,тиричилик,кор турмуштун айынан темселеп,тентип таалада иштеп жургонумо 3 жыл болуптур,арасында оюн-кулку,а апамдачы,байкуш менин акчам эмес,менин козумдун карасы апама керек экенин мен эми сезип жатам
0
benka80
2012-10-15 06:12:49
апаке аман болунуз сагындым...
0
parijanka
2012-10-28 06:35:57
Апалардын омурун узартып эле койсо... Эх! Апакооов сизди абдан сагындым! Айылга барып апакемдин колунан ысык, даамы кайталангыс тамгын ичеер кунумду кун санап кутуп жатам.
0
toxa-90-kg
2012-11-03 02:55:47
сен ооруба мен ооруйун АПАКЕ!!!
0
aj227
2012-11-09 00:21:24
мен да апамды,папамды ушундай суйоом алар бар биз бар,ошон учун достор алардын козу тируусундо сыйлай билели
0
_xXx_
2012-11-17 14:19:04
Апалар аман болушсун! Дуйнодо баарынан ыйык баа жеткиз кымбатыбыз биздин э? Мен да сагындым 10 айдан бери коро элекмин апамды-атамды.
0
ruslan_92kg
2012-12-02 02:38:32
Ач кадырын ток билбес. Ошол кундордун четин мен да кордум. Мени да ошентип алдачуу экен да корсо апам байкуш аллага мин ирээт шугур азыр ата энем Аман. Ылайым узак жашаса экен. Дегеле баардык ата эне
0
parus.kg
2013-01-04 15:13:56
Эне деген эн ыйык! апамды абдан сагындым...
0
Nasyrkg
2013-01-19 23:48:22
Мени туйшук тартып бакканы азкелгенсип эми тун уйкусунан калып менин балдарымды багып журот алтын энем..эмнеге
0
Cholpontai
2014-05-04 19:54:32
Менда апамды жакшы коруп кеттим жанына барып биилеп бердим
0
№ 516, 21-27-сентябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан