Зита жана Гита Резахановалар сиам эгиздери. Экөөнүн денеси чогуу, 3 бут менен төрөлүшкөн. Бактыга жараша, Орусия дарыгерлери экөөнү ажыратышкан. Ал кезде бул операциянын ийгиликтүү өткөнүнө бүткүл КМШ кубанган.Бирок бул алардын турмушун жеңилдете албады...
АЯГЫ ЖОК ООРУ
Операция боло элегинде экөөнүн 3 буту жана 1 жамбаш сөөгү гана болгон. Мындан 9 жыл мурун, тактап айтканда, 2003-жылы Москва шаарындагы Филатов атындагы балдар ооруканасынын дарыгерлери Зита менен Гитаны ажыратуу боюнча ийгиликтүү операция жасашкан. Тарыхта биринчи жолу ажыратылган сиам эгиздеринин экөө тең тирүү калган. Операциядан кийин эгиздер бирден буту, бирден бөйрөгү, жамбаш шакегинин жарымынан калып, жыныс мүчөлөрү сакталып калган эмес. Ичегиси жана заара чыгаруучу каналдары капталынан чыгарылган, ошондуктан эгиздер атайын заң чогултуучу дискти колдонушат. Зита менен Гитаны ажыратууга орустардын «Здоровье» телеберүүсүнүн алып баруучусу Елена Малышева жардам берген. Ал көптөгөн кымбат дарыларды алууда да жардамын аяган эмес.
Өткөн жылы Зитанын ичинде ириңдүү шишик пайда болуп, бөйрөгү иштебей, Москвада оор операция жасалган. Быйыл да Грузияга туугандарыныкына барганда ооруп калып, Тбилисиде дагы бир ирет операция жасалган. Ал операциясына баш-аягы 2550 лари (80 миң сомдой) короп, учурда оорукана акчасын доолап жаткан убагы. Аны төлөөгө таптакыр мүмкүнчүлүгү жок, эми сотко берсе кантем деп апасынын башы маң.
ОРУСТАР ДА УБАДА БЕРИП, АТКАРБАЙ КОЮШАТ
Айта кетчү нерсе, эгиз кыздар Кыргызстанда төрөлүп-өсүшкөн. Зита менен Гита быйыл Военно-Антоновка айылындагы жатак мектепте 9-классты аякташты. 2 жыл мурун ошол убактагы Орусиянын президенти Дмитрий Медведевге жардам сурап кайрылышканда андан эгиздер 9-классты аяктагандан кийин Орусиядагы медициналык колледждердин бирине сынаксыз кабыл алынары жана акысыз окутулары тууралуу жооп келген. Бул сүйүнүч көпкө узабады. 9-классты аякташкан соң орус чиновниктери бири-бирине жөнөтүп отуруп, кыздарды кабыл алышкан эмес. Эне үмүтү үзүлбөй, Орусиянын учурдагы президенти Владимир Путинге да кат жөнөткөн. Каттын жообу келип, анда сынак аркылуу гана кабыл алынары тууралуу жазылыптыр. Анысы да окууга документтер кабыл алынгандан кийин келген. Ал эми эгиздер жатак мектептен алган билими менен бул сынакты тапшырышы мүмкүн эмес эле. Башка окуу жайга окутууга ата-энесинде каражат кайдан?! Кыздардын заара-заңы түтүк аркылуу атайын баштыкка куюлат. Аны бат-баттан алмаштырып туруу керек болгондуктан, дайыма көзөмөл керек.
Экөөнүн тең экинчи буттары протез. Гита ага көнүп калганы менен, Зита операциядан кийин протез буттун үстүнө орнотулган корсетке отура албай калган.
«БИЗДИН ЖАБЫШЫП ЖҮРГҮБҮЗ КЕЛГЕН ЭМЕС»
Экөөнүн тең окуйбуз дегенде көздөрү төрт. Окубай калгандан бери кыздар күнүгө ыйлашат экен. Мурун «окусак, дарыгер болуп элди, өзүбүзгө окшоп ооругандарды дарыласак» деген үмүттөрү бар эле. Күнүгө бул тууралуу сүйлөшкөндүктөн, медколледжде окуп жаткандары түштөрүнө кирчү. «Жарык болуп турган келечегибиз караңгы туңгуюк эле боло түштү. Биз да эл катары окугубуз, иштегибиз келет» деп муңайышат эгиздер. Бош убактыларында китеп окуп, ар кандай буюмдарды токушат жана тагдырларына берилген оор сыноолор тууралуу күндөлүк жазышат. Анан тагдырларына нааразы болуп көпкө чейин ыйлаарын айтышты. «Бир нерсе менен алек болсок кичине унута түшөбүз, бирок бизде андай мүмкүнчүлүк жок» дешет. Кээде бири-бири менен чукчуңдаша да кетишет экен.
«Эмне үчүн мен ушундай төрөлүп калганымды эч ким билбейт. Менин да чуркагым, секиргим, бийлегим келет жана оорум сезилбесе дейм. Мен да башкалардай болгум келет. Биздин жабышып жүргүбүз келген эмес, бирок мындай жашоону да каалабайбыз. Бизге моралдык, физикалык жактан да оор, бардык жерибиз дайыма ооруп турат...» Зитанын күндөлүгүнө жазгандарынан.
«МЕН ӨЛСӨМ КЫЗДАРЫМ КАНТЕТ?»
Бардык нерсе түгөнгөн сыяктуу мен да чарчадым акыркы күндөрү» дейт кыздардын апасы Зумрият.
– Бир жолу кыздарымдын бөлмөсүнө кирсем, экөө тең өздөрүнүн керебетинде ыйлап отурушуптур. Урушуп кетишкен го деп ойлоп, эмне болгонун айткыла десем, мени карашты эле көздөрүнөн ооруну көрдүм. Кучакташып алып үчөөбүз тең ыйладык. Мени эл «акча сурай берет» деп эле айта беришет. Бизди түшүнүшпөйт. Майыптыгы боюнча экөө айына 2 миң сомдон 4 миң сом алышат. Бирок бул каражат экөөнүн дарыларына эмес, дайыма керек болгон витаминдерине да жетпейт. Кыздарым кыйналганда бирөөдөн тизелеп болсо да акча сурагым келип кетчү. Дарылары аябай кымбат, мисалга, вируска каршы дарынын бир эле ампуласы 12 миң сом турат, андайдан 24 даана керек болду. Бийликте отургандарга кайрылган учурларым да болгон. Алардын кээси 20 миң, 30 миң сом берген. Ушул жылдын башында Чечен Республикасынын Президенти Рамзан Кадыров да эгиздердин дарылануусу үчүн 50 миң рубль бөлүп берген. Мен өлүп калсам кыздарым эмне болот деп корком. Атасы Рашид да гепатит С оорусу менен ооруйт. Мен да инфаркт болгонмун. Эгер өлүп калсак, кыздар кимге керек болмок эле?!
Эгиздер дагы деле келечекке ишеним менен карашат. Мүмкүн, аларга да ийгилик жылмайып, өздөрү каалаган дарыгерлик кесибине ээ болуп калгысы бардыр.
Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg