«Боз салкын» тасмасында «сүйүү-пүйүү – болбогон бир жомок» деп сүйгөнүн тарттырып жиберип ыйлаган Бурма эсиңизде болсо керек. Мына ушул ролду жараткан Элнура Осмоналиева учурда актрисалык эмес, режиссёрдук кесипти аркалап, бир топ тасмаларды жарыкка чыгарууга жетишти.
– Салам, Элнура, эң алгач тасма талаасына кантип келип калдың, ушундан маекти баштасак. Себеби сени көпчүлүк «Боз салкын» тасмасындагы Бурманын ролу менен таанып калды...
– Негизи, менде актриса болом деген кыял жок болчу. Мектепте окуп жүргөндө оператордук жумушка көбүрөөк кызыгар элем. Анан 1998-жылы мектепти аяктап, АКШга окууга кеттим. Ошол жактан телевидение боюнча сабак алдым. Кино тартууга аралашып калганым ошол АКШдан башталды деп айта алам. Себеби ал жактан 3 мүнөттүк «Кызыл шапкечен» деген тасма тарттым. Келгенден кийин БААУнун журналистика факультетинде бир жыл окуп, анан саясий илимдер бөлүмүнө которулуп кеткем. Студент болуп жүргөндө деле кино тартууга болгон кызыгуум өчкөн жок. Бирок жан багыш үчүн жумушка орношуп, академиялык тыным алып, чет өлкөлөргө кетип калып жаттым. Ошентип жүрүп окуумду 7 жыл дегенде араң аяктагам.
2006-жылы ойдо жок жерден эле Эрнест Абдыжапаровдун «Боз салкын» тасмасына кастингден өтүп, Бурманын ролун жаратып калгам. Тартуу учурунда режиссёрдун ар бир жасаган ишин карап отуруп мага режиссёрлук кесип жакын экенин түшүнүп, мындан кийин эмне менен алек болорумду чечтим. Тартуу учурунда да «мындай тарталы, тигиндей тарталы» деген сунуштарымды айтсам, режиссёр кабыл алып жатты. Ошондон улам да «Эрнест агайдын ассистенти болуп жүрүп эле капысынан роль алып калган» деген сөздөр чыккан.
– Дээриңде актрисалык кесипке жакын болбосоң, роль жаратуу кыйынчылыкка турса керек?
– Мен үчүн башка образга кирүү ошончо кишинин алдында бир топ эле оорчулукту жаратты. Баары бир уяласың да, анан да өзүңдүн ой-пикириңе каршы иш болсо да, аны аткарышың керек. Мисалы, тасмада Бурма Муратты көлдүн жээгинен башка кыз менен көргөндө жөн эле ыйлап кетип калат го. Ошол жери мага жакпай, режиссёрго «шаарга кетип эле башка кызды жетелеп келген немени чыныгы жашоодо бетке бир чабат болчу. Ошондой кылып тартпайлыбы?» десем, режиссёр болбой койгон. Эгерде мен Бурманын ордунда болсом, жаакка чаап басып кетмекмин.
– Эми бала чакка кайрылбайлыбы, кайсы жердин, кимдин кызы болдуң экен?
– Мен 1981-жылы Ош шаарында төрөлгөм. Ата-энем Аксыдан болот. Атам ал кезде кайсы бир жетекчиликте иштеп, апам студент экен. Жети айга толгонумда апамдын окуусу үчүн мени айылга чоң энемдикине жөнөтүшүптүр. 4 жашымда атам жумушунан которулуп, Кызыл-Кыя шаарына көчүп кеткенбиз. Ал жакта 9 жыл жашап, орус мектепте окудум. Анан кайрадан Аксынын Кербен шаарчасына көчүп келдик. Ошол 1995-жыл биздин үй-бүлө үчүн оор жылдардан болду. Шаардан айылга көчкөндө көп нерселерди эптей албай кыйналдык. Атам мал багуу, жер иштетүү дегенден алыс болуп калган да. Ал кезде ишенген кишиң жок, ата-энеңдин акчасы жок болуп турса, эмне кылмак элем? Мен өз жашоомду колго алууну чечтим. Өзүмдү келечекке даярдап, англис тилин үйрөнүп, чет өлкөгө барууга камдана баштагам. Анан 11-классты бүткөндө оюм орундалып, АКШга бир жылга окууга кеткем.
– Анан эле өз жашооңду куруп кеттиңби?
– Ооба десем да болот. Албетте, алгач ата-энем «кыз балага чет жерде эмне бар?» дегендей каршылыктарын көрсөтүштү. Бирок мен апама айттым, «апа, эгерде силер кийин мени өз акчаңар менен АКШга жибере алам десеңер, анда барбайм» дедим. Апам «мен андай убада бере албайм, менде андай мүмкүнчүлүк жок» деп мени жиберүүгө аргасыз болгон.
– Учурда сени режиссёр катары көрүп калдык. Маекти ушул тууралуу улантсак...
– Жогоруда айтып кеткендей, алгачкы тасмам АКШда тартылган. Менин тасмаларымдын көбү даректүү жана социалдык темаларды козгойт. Андан кийинки тасмам 2008-жылы «Шам чырак» деген ат менен тартылды, көркөм тасма, 20 мүнөттүк. Башкы ролду Асема аткарган. Кийинкиси «Алмаз» деген даректүү тасма болду. Учурда да мекендештерибиздин кыйынчылыгы жана мүмкүнчүлүгү тууралуу тасма тартып жатабыз.
– Чет өлкөлөргө байма-бай каттаарыңды билем. «Жолдошу Кыргызстанда жашабайт, ошол себептен» деген сөздөрдүн чындыгы бар окшойт...
– Жок, жолдошум менен Бишкекте эле турабыз. Кинофестивалдарга чет жактарга көп чыгабыз.
– Жолдошуң менен таанышып, баш кошуп калганыңардын да чоң окуясы бар деп уккам...
– Биз 2006-жылы Сочиден жолугуп калдык. Анда 26 жаштамын. Жолдошум 36 жашта эле. Таанышканда эле токтолбой 2 саат кино тууралуу сүйлөшкөнүбүз эсимде. Ал дагы кино жаатына кызыгат экен. Ошентип сүйлөшүп калдык да, 3 айдан кийин үйлөнбөй эле бирге жашап калдык.
– Жарандык никеде жашоо бизде өөн учураган көрүнүш го. Ата-энең эмне деди?
– Ата-энеме кыйын эле болду. Баары бир кыргызбыз да. Атам «мектепти бүткөнчө биз эмне десек кыласың, андан кийин өз жашооң өз колуңда» дечү. Апам «андан көрө дагы окубайсыңбы?» деп кыйылды, бирок мен апама «эне болууну каалап жатам» деген жообумду айттым. Жолдошум Төлөндүн ата-энеси көп жылдан бери чет өлкөлөргө чыгып жүргөндүктөн, заманбап көз караштагы адамдар. Кошумчалап айта кетсем, кыргыздын салты деп эле ала качып барып бирөөгө зордоп жубай кылып койгон – зомбулук. Ал эми ага карганда жарандык нике кылмыш эмес, ага каршы эмесмин.
– Жолдошуңдун ишине кийлигишесиңби?
– Үй-бүлөдө аялы менен күйөөсү бири-биринин ишине аябай кийлигишип кеткенде ар бири өзүнүн жекелик сапатын жоготуп коёт. Кийлигишпейм. Кээде эле ой-пикиримди айтып, жарнама жана маркетингден жардам берем. Ал дагы менин ишиме кийлигишпейт.
Бахияна Сатылганова
star@super.kg