КАССИРДИ ӨЛТҮРҮП, БАНКТАГЫ АКЧАНЫ УУРДАШКАН

Өткөн аптада «Баткенде каракчылар кассирди өлтүрүп, акча уурдап кетишти» деген кабар бүт республикага дуу болгон. Иштин чоо-жайын билүү үчүн окуя катталган Кадамжай районунда болуп кайттык. Маркумдун жакындары «кылмышка шектүүлөр күнөөсүн моюнуна алса да, жазадан кутулуп кеткенге аракет кылып жатышат» деп кабатыр болушууда.

КАССИР ТҮШТӨНҮҮГӨ КЕТКЕН БОЙДОН КЕЛГЕН ЭМЕС
Эске салсак, 7-сентябрда Кадамжай РИИБине Кадамжай шаарчасындагы аманат кассасынын башчысы Бозулан Примов, аны менен чогуу сейфте сакталган 2 миллион 238 сом, 62 миң 650 рубль жана 14 миң 945 АКШ доллар (баары 3 миллион сомдон ашуун) суммадагы акча да дайынсыз жоголгону тууралуу арыз түшкөн. Буга удаа эле Бозуландын апасы да уулу жоголгондугун айтып милицияга кайрылган.
Окуя болгон күнү Кадамжай шаарчасынын 18 жаштагы тургуну Бозулан жумуштан түшкү саат бирде кассаны бекитип, күзөт кызматкери Канатбек Зайлапов менен түшкү эс алууга чыгып, түштөнүү үчүн өз үйүнө кеткен. Ал эми күзөттө турган К.Зайлапов түшкү тамактан кийин жумуш ордуна келсе, кассанын сырткы эшиги жабык, бирок ички темир тору ачык болгон. Бозулан болсо түштөнүүгө кеткен боюнча кайтып келген эмес. Арыздын негизинде кассирди издөө башталат. Кадамжай РИИБинин жана ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы башкармалыгынын кызматкерлеринин аракетинин аркасында Бозулан Примовдун өлүк денеси 8-сентябрда Пүлгөн айылынан бир канча чакырым аралыкта жайгашкан Анкурсай деген аймактан табылат. Кылмышка шектүү делинип, аталган кассада мурун иштеп кеткен Пүлгөн айылынын тургуну, 1987-жылы туулган Исак Салаев кармалып, жанынан 6200 доллар, 42 000 сом акча табылат. Тергөө учурунда бул кылмышка дагы 2 эргулдун: 33 жаштагы Алтынбек Абдыкадыров жана 27 жаштагы Каныбек Закировдун тиешеси бар экени маалым болот. Шектүүлөргө издөө салынып, көп өтпөй алар Бишкек шаарында кармалып, алар жашаган батирден 917 800 сом акча табылган.

ТӨРТӨӨ ДУБАЙГА КАЧМАКЧЫ БОЛУШКАНБЫ?
Кылмыштын бети ачыла электе эл арасында «банктын кассири достору менен биргелешип акча уурдаптыр. Дубайга качууну пландашып, билет да сатып алып коюшкан экен. Бирок билетти эсепчинин атасы көрүп калган. Кассирдин достору атасы милицияга кабарлап коёт деп чочулап, анын көзүн тазалап кетишиптир...» деген маалыматтар тарап кеткен эле.
Иликтөөнүн версиясы боюнча, окуя башкача болгон. Аларды колго түшүргөн Кадамжай РИИБинин башчысы Мурат Бороновдун билдирүүсүндө, түшкү тамакка чыккан Б.Примовду үч айылдаш таанышы кармап, күч колдонуп автоунаага салып, кассанын ачкычын берүүсүн талап кылышат. Жаш кызматкер ачкычты бербей койгондо үчөөлөп аны муунтуп, моюнуна бычак сайып өлтүрүшкөн да, кассадагы болгон акчаны алып кетишкен. Ал эми Бозуландын сөөгүн Анкурсайга алпарып көмүп салышкан. Кылмышка шектелип кармалган үчөө эч жерде иштечү эмес.

«АДИЛЕТТИК ҮЧҮН АК ҮЙГӨ ЧЕЙИН БАРАМ»
Курман болгон Бозулан Примовдун апасы, 65 жаштагы Гүлнара Примова ошол каргашалуу күндү мындайча эскерет:
– Мен Бозуландын баккан энеси болом. Аны кичинесинен багып-өстүрдүм. Үйлөнтүп, балдарын багам деген ниетим бар эле. Ошол күнү адаттагыдай эле «түшкүгө эмне тамак жасадыңыз?» деп сурап чалды. «Палоо жасадым, салат да даярдап коём» десем, «азыр барып калам» деди. 13:10дордо дайыма үйгө кирип келчү эле, 13:30 болуп кетти, келген жок. Чалсам телефону өчүк. Бутум ооруйт эле, дарыгерге укол алганы кетип калгам. 2 сааттай убакыт өткөндөн кийин абышкам чалып, «уулуң келдиби?» деп сурады. Келбегенин айттым. Ошондо жүрөгүм бир нерсе болгонун сезип, аксап баламдын жумушуна барсам жок экен. Негедир банкты айланчыктап мурда ошол банкта иштеп кеткен Исак жүрүптүр. Андан Бозуланды сурасам, «түштө үйүнө кеткен, мен почтага кирип кеттим эле» деди. Аңгыча башка бир банкта иштеген Нуркан деген кыз Исактан «сен кайда кеттиң эле?» деп сураса, «автобекетке» деп жооп берди. Ушул жерден эки башка сөз чыгып калды. Мен дароо милицияга арыз жазып, «Исакты суракка алгыла, билет баарын» дедим. Аны эки жолу кармап, эки жолу тең чыгарып жиберишти.
Түнү тоо тарапка чыгып алып «Улан, уулум, жашынбай чыкчы?! Канча акча болсо да төлөйбүз. Эч коркпо. Жаның аман болсо болду...» деп кыйкырып жүрө бердим. Кийин киши колдуу болгону билинди. Милиция кызматкерлери башында «уулуңуз акчаны алып качып кетиптир» дешсе, кийин «жаңылыптырбыз» деп кечирим сурашты. Күйгөнүм, Исактын атасы кезинде акимдин орун басары болуп иштеген, азыр Салык башкармалыгында бир кызматта. Ал «сот бүтсүн, уулум күнөөсүз болуп чыгат» деди. Мен акимге кирип «Аксакалдар кеңешин чакыргыла» дедим. Эгер бул иш аягына чыгып, адилеттүү чечилбесе, Ак үйгө чейин барам.
Учурда кылмышка шектелип кармалгандардын үстүнөн КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (киши өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат. Алар Кадамжай РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Ушундай, окурман. Жабырлануучулар «иштин чоо-жайы билинсе да, күнөөлүүлөр жазасын албай калат» деп чочулашууда. Биз болсо тергөөнүн жүрүшүнөн кабардар кылып турмакчыбыз. Бул иштин мыйзам чегинде адилеттүү чечилерине жалпыбыз ишеним артып туралы.

Рысбек Меражов
batken@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
AFRODITA-89
2012-09-24 15:04:13
бул учооно эмне жаза кылса да аздык кылса керек ушундай да мыкаачы болобу? Энени сыздатып ушул ишке кандай колу барды!
0
isana
2012-09-24 15:55:07
Учооун бириктирип туруп атып салыш керек! Башкаларга сабак болот!
+1
zirek.kyz
2012-09-24 16:07:23
Энесинин коз жашы ондурбайт го силерди,мыкаачылар.Уландын жаны жаннатта болсун.
0
spinkub
2012-09-25 11:27:59
Улан жанын жаннатта болсун! Учоон атыш керек адам эмес айбандар алар!
0
happy90
2012-09-26 18:54:24
Мен бир супермаркетте кечки сменде кассир болуп иштейм. Бул макаланы окуп алып, козум чекчейип калды... Кудай сактасын, жамандыктан алыс кылсын!
0
Bema2201
2012-09-26 21:14:03
Акча керек экен олтурбой эле алып кете бербейби, адамдар эмне болуп баратат
0
kuba060185
2012-09-27 11:43:36
Куноонун баары ошол банкты караган милиция кызматкеринде. Негизи анын, банкты жана банктын кызматкерлерин 1 секундагада кароосуз таштоого укугу жок болчу.
0
tt8888
2012-09-29 05:28:22
акча адамдан кымбатпы?3милион эмес 3милиард болсун!?атыш керек сразу учоону.тоносо деле адамды коркутуп тоноонун жолдору бар(толтура).болгон окуялар..ислам каримовдой атыш керек антпесе чыга берет жаны"кассирубийцалар"молодой.
0
Gulya_2012
2012-09-29 12:17:49
Улан жаткан жерин жайлуу болсун!бул учоон атыш керек.адам эмес айбандар.
0
№ 516, 21-27-сентябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан