КЫЛМЫШТАР ЖАНА КЫРСЫКТАР

ИЗДӨӨДӨГҮ ТҮРК ЖАРАНЫ КЫРГЫЗСТАНДАН КАРМАЛДЫ
Интерполдун Кыргызстандагы улуттук-борбордук бюросуна биздин өлкөнүн аймагында эл аралык издөөдө жүргөн Эрхан аттуу түрк жараны жашынып жүргөнү тууралуу маалымат түшкөн.
Иликтөө иштеринин жыйынтыгында, ИИМдин Интерпол кызматкерлери тарабынан 1996-жылы Кипрде киши өлтүрүп жашынып жүргөн, Түндүк Кипрде 1962-жылы туулган Эрхан Арыклы 17-сентябрда Бишкек шаарында колго түшүрүлдү. Аны текшерүү учурунда жанынан Түндүк Кипрдин мөөнөтү өтүп кеткен дипломаттык паспорту табылган. Анын кылмыш кылгандан кийин Кыргызстанда жашынып жүргөндүгү аныкталды. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

СОТТОР ДА КАРМАЛАТ
14-сентябрда ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан «пара алды» деген шек менен Ысык-Ата райондук сотунун судьясынын жардамчысы кармалды.
ИИМдин маалымат кызматынын билдиришинче, ал Чүй облусунун тургунунан «ишиңди оң жагына чечип берем» деп 200 доллар талап кылган. Натыйжада 9400 сом пара алып жаткан жеринен судьянын 34 жаштагы жардамчысы милиция кызматкерлерине кармалып отурат. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүп жатат.

«ОКУУГА ӨТКӨРӨМ» ДЕП ПАРА АЛГАН АЙЫМ КАМАКТА
Экономикалык кылмыштарга каршы Мамлекеттик кызматы «ЖОЖго өткөрөм» деп акча талап кылган аялды кармады. Аталган кызматтын маалыматына караганда, аларга бир жаран арыз менен кайрылып, Жанна деген аялга чара көрүүлөрүн суранган. Өзүн «Кыргыз-Орус Славян университетинин философия кафедрасынын мугалимимин» деп тааныштырган айым «медицина факультетинин дарылоо иши бөлүмүнө өткөрүүгө жардам берем» деп 4 абитуриенттен 10 800 доллар алган. Бирок алар акча берсе да, аталган факультетке өтпөй калышкан. Жанна айым «ишиңерди оң жагына чечип берем» деп, дагы 2 миң доллар талап кылат.
Экономикалык кылмыштарга каршы Мамлекеттик кызматынын тергөө бөлүмү Б.Ельцин атындагы КОСУнун философия кафедрасынын окутуучусу Т.Жга карата Кылмыш жана жаза кодексинин 166-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш ишин козгогон. 17-сентябрда аталган айым кармалып, Бишкек ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Иликтөө жүрүп жатат.

1 МИЛЛИОН СОМДУК АЛТЫН УУРДАПТЫР
3-сентябрда Бишкек шаарында УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынын кызматкерлери тарабынан автоунаасынан баасы 1 миллион сомдук алтын кошулмасы бар концентрат жана куюлган алтын табылып, бир жаран кармалды.
Маалыматтарга караганда, бул кымбат металл Нарын облусундагы Солтон-Сары кенинен уурдалган. 13-сентябрда бул факт боюнча УКМКнын тергөө башкармалыгы тарабынан «кымбат баалуу металлдарды, табигый кымбат баалуу таштарды мыйзамсыз жүгүртүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергөө жүрүп жатат.

ТААНЫША КОЮП, ЗОРДУКТАП...
18-сентябрда Бишкек шаарынын Ленин РИИБине Бишкек шаарынын 19 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Ал кыз 16-сентябрда түнкү саат 4төрдө Көк-Жар жаңы конушунда чала тааныш жигит аны күч колдонуп зордуктагандыгын билдирген. Ленин РИИБинин кызматкерлери тарабынан бул кылмышка шектелип 24 жаштагы А.К. аттуу жаран кармалды. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Taalaibek.
2012-09-27 00:08:39
баасы 1 миллион сомдук алтын кошулмасы бар концентрат жана куюлган алтын табылып, бир жаран кармалды. Бул калп болуш керк, себеби аты жону жок. Жон эле бир жаран кармалды деп эле жазып койуптур.
0
№ 516, 21-27-сентябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан