ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (24-сентябрдан 30-сентябрга чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Аптада алдамчылардын тузагына илинип калбайын десеңиз, бейтааныш адамдардын сунушунан баш тартканыңыз оң. Документ, жеке буюмдарыңызга сак болуңуз, жоготуп алышыңыз мүмкүн. Апта аягында каржы тартыштыгы жаралышы күтүлөт. Андыктан колдо бар каражатты үнөмдүү пайдалануу керек.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Бул аптада айрымдар жүрөктө калган сүйүүсүнө кезигип, сезим оту тутанышы мүмкүн. Бирок жарга такаган кадамга туш болбоюн десеңиз, үй-бүлө очогун сактаңыз. Шаршембиде кошумча каражат табууга түзүлгөн мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбаңыз. Бойдоктор үчүн жагымдуу жолугушуу аптанын соңунан орун алмакчы.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Жумуш издегендердин айрымдары ишке орношсо, айрымдарга көп каражатка ээ болууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бейшембиде эски тааныштардын бирине кезигесиз. Ишембиде көптөн күткөн буюмуңузду сатып аласыз. Аптанын аягын эс алууга арнаганыңыз оң.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Ишиңизде ийгиликке жетүү үчүн башкалардын кебине кулак салбаңыз. Чечкиндүү кадамдарга баруудан коркпой, чечимдерди өзүңүз кабыл алыңыз. Алыска сапар алам дегендер шашпай, аны кийинки апталарга жылдырганы оң. Болбосо кыйынчылыктарга туш болуп калышат дейт жылдыздар. Жума күнү сабырдуулукту сактасаңыз, чырдын алдын аласыз. Апта аягында үй иштери менен алектенүүгө туура келет.

АРСТАН (23.07-23.08)
Апта ичинде жеке жашооңузга байланыштуу чоң
өзгөрүүлөр болушу күтүлүүдө. Айрымдар кызматтан көтөрүлүшү мүмкүн. Шейшемби – ден соолукка кооптуу күн. Жолдо жана чарба иштерин аткарууда этияттык талап кылынат. Апта соңунда бош убактыңызды өзүңүзгө жумшаңыз.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Бул жумада кимдир бирөөгө жардам бергениңиз менен, ал сиздин көңүлүңүздү калтырып коюшу мүмкүн. Андыктан ашыгып кол сунбай эле койгонуңуз оң. Ишиңизде убара тартпайын десеңиз, так болуңуз. Бейшембиде уруш-талашка жол бербей, сабырдуулукту сактаңыз. Апта соңунда кумар оюндарына азгырылып, ашыкча түйшүккө кабылуудан сак болуңуз.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Күтүүсүз орун алган окуя жашооңузга өзгөрүү алып келет. Айрымдар окуяга тиешеси жок болсо да чыгым тартып калуусу мүмкүн. Жумушта маанилүү иштерге байланыштуу чечимдерди кабыл алууга эртелик кылат. Аларды кийинкиге калтырыңыз. Каржылык абалыңызды жакшыртууга кызыктырган сунуштардан оолак болуңуз, жаман ишке кириптер болуп калууңуз мүмкүн.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Дүйшөмбүдө жеке жашооңузга тиешелүү чечим кабыл алууга туура келет. Андыктан жети өлчөп, бир кесиңиз. Апта ортосунда уккан сөздүн чын-бышыгын билмейинче кимдир бирөөгө каршы жооп кайтарбаңыз. Ушул күндөрү керектүү буюмун жоготуп жибергендер таап, кубанышат. Апта соңунда күтүлбөгөн белек алууңуз мүмкүн.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Апта ичинде ишиңиздин жыйынтыгы өз жемишин берип, капчыгыңыз кампаят. Шаршембиде эки анжы ойго такаган окуяга тушуксаңыз, жакындарыңыздан кеңеш алыңыз. Ишембиде күтүүсүз жерден чыр-чатакка аралашып калышыңыз ыктымал. Апта аягында орду жок тамаша чырга себеп болуп калышы мүмкүн.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Бул апта жагымдуу окуялар, таанышуу, жолугушуулар менен коштолот. Айрымдар үй-бүлө очогун курууга жетишет. Көңүлдөгү буюмду сатып алууну көздөгөндөр акчаны туура сарптоо керектигин эске алуусу керек. Шейшембиде көптөн бери күткөн маалыматка ээ болосуз. Жекшембиде ден соолугуңузга кам көрүп, үйдө болууга аракет кылыңыз.

Суу куяр (21.01-19.02)
Жашооңузда өзгөчө жагымдуу окуя орун алат. Жумушуңузда кесиптештердин оюн эске албасаңыз, берилген иште ийгилик жарата албайсыз. Бейшембиде иш боюнча сунуш түшсө макул болуңуз, сиз үчүн пайдалуу болот. Апта соңунда конокко барууга даярдана берсеңиз болот.

Балык (20.02-20.03)
Бул аптада өзүңүздүн ички туюмуңуз менен иш кылсаңыз, адашпайсыз. Шейшембиде сөзүңүзгө маани берип сүйлөбөсөңүз, жакын адамыңызды таарынтып алышыңыз мүмкүн. Апта ортосунда эс алууга көңүл бөлөм деп, маанилүү ишти өткөрүп жибербеңиз. Ишембиде алдамчылардын тузагына илинип калуудан сак болуңуз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 516, 21-27-сентябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан