ТОЙ ДАСТОРКОНУНА КАНЧА КАРАЖАТ КЕРЕК?

Кыргызда бата алуу үчүн дасторкон жайып, айыл-апа, тууган-урукту чакырып той өткөрүү салт. Мурда бата алуу үчүн той ээси элди үйүнө чакырып дасторкон жайса, бүгүнкү күндө жумуш жагынан жеңилирээк деп той өткөрүүчү жайлардын кызматын колдонуп келишет. Учурда кафелерде бир кишиге орточо 800 сомдон, ал эми ресторандарда 1000-1500 сомдун тегерегинде алынат. Бул сумманын ичинде биринчи, экинчи тамагы, 4 салат жана 1-2 суусундук кирет. Ал эми калган тамак-аш, мөмө-жемиш, эт, салат, суу, ичимдик, таттууларды чөнтөгүңүзгө жараша өзүңүз алып келесиз.
Кээ бир той ээси үнөмдөйм деп тамак-аш азыктарын жеткире албай убара тартса, көпчүлүгү ашыкча алып келип, ысырапкорчулукту жаратат. Айрымдар тамак-аштын тизмесин кафелердин администраторлоруна эсептетип, ашыкча чыгым болгондорун да айтып жүрүшөт. Мына ушундай көрүнүштү эске алып, дасторконду даярдоого канча каражат кетерин базар баасында эсептеп көрдүк. Эгер тамак-аштарды үй шартында жасасаңыз, алда канча арзан түшөрүн да эскерте кетмекчибиз.

10 КИШИЛИК 1 СТОЛГО ҮЙДӨН ДАЯРДАП КЕЛИП КОЮЛУУЧУ КОШУМЧА ТАМАК-АШТАР

НАН
Боорсок – 2 килограмм=240 сом (1 кг – 120 сом, 10 столго 20 кг=2400 сом)
Нан – 5 даана=100 сом (1 даанасы 15-25 сом, 10 столго 50 даана=1000 сом)
Саңза – 8 даана=120 сом (1 даанасы 15 сом, 10 столго 80 даана=1200 сом)
Кытырак – 8 даана=80 сом (1 даанасы 10 сом, 10 столго 80 даана=800 сом)
Чак-чак – 2 даана=70 сом (1 даанасы 35 сом, 10 столго 20 даана=700 сом)
Бахлава – 350 грамм=70 сом (1 кг – 200 сом, 10 столго 3,5 кг= 700 сом)

Жалпы: 680 сом (10 столго 6800 сом)

ТАТТУУЛАР
Момпосуй – 450 грамм=125 сом (1 кг – 140-450 сом, 10 столго 4,5 кг=1000 сом)
Печенье, вафли – 400 грамм=60 сом (1 кг – 90-180 сом, 10 столго 4 кг=600 сом)
Торт – 1 килограмм=300 сом (1 кг – 300 сом, 10 столго 10 кг=3000 сом)

Жалпы: 485 сом (10 столго 4850 сом)

ЭТ АССОРТИСИ
Чучук – 150 грамм=37 сом
(1 даанасы 250-600 сом, 10 столго 1,5 кг=370 сом)
Сулп эт – 300 грамм=99 сом (1 кг – 330 сом, 10 столго 3 кг=990 сом)
Казы-карта – 150 грамм=67 сом (1 кг – 450 сом, 10 столго 1,5 кг =675 сом)
Кооздоо үчүн помидор – 200 грамм=3 сом (1 кг – 15 сом, 10 столго 2 кг=30 сом)

Жалпы: 206 сом
(10 столго 2060 сом)

ЭТ АЗЫКТАРЫ
Балык (судак) – 1 кг=150 сом (1 кг – 150 сом, 10 столго 10 кг=1500 сом)
Тооктун буту – 2,5 килограмм=225 сом (1 кг – 90-95 сом, 10 столго 25 кг=2250 сом)

Жалпы: 375 сом
(10 столго 3750 сом)

САЛАТ
Салат эки түр – 800 грамм – 130 сом (1 порция салат 50-80 сомго жасалат, 10 столго 8 кг=1300 сом)

Жалпы: 65 сом
(10 столго 1300 сом )

БЕШБАРМАК
Кесме – 0,7 килограмм=28 сом (1 кг – 40 сом, 10 столго 7 кг= 280 сом)
Кой эти – 5 кг=1350 сом (1 кг эт – 270-330 сом, ал эми 10 столго устукан тартуу үчүн 1 жылкы же 3 кой керек)

Жалпы: 1378 сом

МӨМӨ-ЖЕМИШТЕР
Алма – 700 грамм=42 сом (1 кг – 30-55 сом, 10 столго 7 кг=420 сом)
Шабдалы – 700 грамм=42 сом (1 кг – 60-65 сом, 10 столго 7 кг=420 сом)
Жүзүм – 700 грамм=49 сом (1 кг – 50-85 сом, 10 столго 7 кг=490 сом)
Банан – 800 грамм=84 сом (1 кг – 90-120 сом, 10 столго 7 кг=840 сом)
Мандарин – 500 грамм=100 (1 кг – 200 сом, 10 столго 5 кг=1000 сом)

Жалпы: 317 сом (10 столго 3170 сом)

ИЧИМДИКТЕР
Шампан – 1 даана=150 сом (1 даанасы 75-160 сом, 10 столго 10 даана=1500 сом)
Арак – 3 даана=300 сом
(1 даанасы 40-320 сом, 10 столго 30 даана=3000 сом)
Шарап – 3 даана=300 сом
(1 даанасы 65-300 сом, 10 столго 30 даана=3000 сом)
Коньяк – 1 даана=150 сом
(150 сомдон жогору, 10 столго 10 даана=1500 сом)

Жалпы: 900 сом
(10 столго 9000 сом)

КУРГАК МӨМӨ-ЖЕМИШТЕР
Өрүк – 300 грамм=45 сом (1 кг – 100-200 сом, 10 столго 3 кг=450 сом)
Бадам – 300 грамм=90 сом (1 кг – 200-400 сом, 10 столго 3кг=900 сом)
Кара мейиз – 250 грамм= 46 сом (1 кг – 150-220 сом, 10 столго 2,5 кг=460 сом)
Ак мейиз – 250 грамм=46 сом (1 кг – 150-220сом, 10 столго 2,5=460 сом)
Мисте – 250 грамм=131 сом (1 кг – 400-650 сом, 10 столго 2,5 кг=1312 сом)
Жер жаңгак – 250 грамм=25 сом (1кг – 100 сом, 10 столго 2,5 кг=250 сом)
Жаңгактын данеги – 250 грамм=62 сом (1кг – 200-300 сом, 10 столго 2,5 кг=620 сом)
Курма – 250 грамм=35 сом (1кг – 120-160 сом, 10 столго 2,5 кг=350 сом)

Жалпы: 480 сом (10 столго 4800 сом)

СУУЛАР
Минералдык суу – 2 литр=32 сом ( 1 таңгагы 128 сом, 10 столго 20 литр=320 сом)
«Фанта» – 2 литр=60 сом (1 литри 30 сом, 10 столго 20 литр=600 сом)
«Кока-Кола» – 2 литр=60 сом
(10 столго 20 литр=600 сом)
«Спрайт» – 2 литр=60 сом (10 столго 20 литр=600 сом)
Шире – 4 литр=340 сом (10 столго 40 литр=3400 сом)

Жалпы: 552 сом
(10 столго 5520 сом )

Ошондо өзүңүз алып келе турган азыктарга кетүүчү каражаттын көлөмү 10 кишиге (1 столго) 5438 сом сарпталат. Ал эми той өткөрүүчү жайдын баасын кошкондо 5438+8000=13438 болот, тагыраак айтканда, 1 кишиге 1344 сомдон айланат.

1 жылкы – орточо эсеп менен 60 000 сом (120-150 кишиге жетет)
1 кой – орточо эсеп менен 6000 сом (35-40 кишиге жетет)
Эгер конокторуңузга жылкы этин тартсаңыз, анда 100 кишиге 180 600 сом коротосуз. Ал эми кой сойсоңуз, 138 600 сом керектелет.
Мына, окурман, сизге даяр маалымдама. Акчаңызды санап, базарга жөнөй берсеңиз болот. Маалымдамадагы берилген азыктардын айрымдарын алып салуу же кошумчалоо өз эркиңизде.

Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (14)
Tendik
2012-09-24 19:47:30
8000 сомду жакшылап тушундуруп койбойсуздарбы. Кафеде бир кишиге 4 салат болсо 10 кишиге 40 салат, 8 миндин ичиндеби??
0
info
2012-09-25 14:24:23
Tendik, жок, туура эмес түшүнүп жатасыз. Бир кишиге эмес, бир столго. Бир столго он киши деп жазылган. Аны көбөйткөндө көрсөтүлгөн сумма чыгат.
0
Nurbek88
2012-09-25 11:53:49
той озун озу жабат го
0
altywah
2012-09-25 19:06:27
Санза,кытырак-деген эмне?Тушундуруп койгулачы.....
-1
AGAT
2012-09-26 12:44:14
altywah,
Саламатсызбы!
Саңза, кытырак - бул майга бышырылган, кытыраган, таттуу нандын бир түрү.
0
peach
2012-09-28 02:03:24
altywah, биз колдо хворост деп айтчубуз,билбейм неге..
0
kambardinova
2012-09-26 23:08:04
Айылда тойду откорсон ушул чыгашанын 25%ы кетет.
+2
merim
2012-10-09 04:27:47
МЕНИН иним да уйлонмокчу,буйруса тойго эмне жетсин!
0
isanov98
2012-10-31 12:49:51
Салам кандайсынар? Той озу аябай сонун бирок каражатты коп болуп кыйнап коёт. Негедир мен да уйлонгондо мындай каражаттан 2эсе коп кетет екенда ее? Деги азыраак кетсе жакшы болот еле!
0
azike
2012-11-17 20:02:23
тойго акча кошо берип жададым
+1
Lunatena
2013-01-10 01:34:39
Музыкант, тамада, ++++ алардын да акчасын жазып койгонунарда жакшы болмок,
анан балдарга кыздын себине канча кетет анан калынын, бааааары биригип 180 600*2= кобойтуш керек, ошондо туура саны чыгат майда чуйдолору менен канча кетиши
0
arzbek85
2013-03-24 12:16:28
тойдун ертеси чиии
+1
Ura1972
2013-08-04 03:18:20
"Беш жылдап иштеп тапканынарды бир отуруп жеп койгон эл экенсинер , жашоо тиричилигинер али бери ондолушуна коз жетпейт" деп илгер Германиядан Аким Озгон келип айтканы эсинердеби?!
0
Patriot92
2014-09-15 19:15:33
жашоо бир келет.той берууну баарыбызга насип кылсын.
0
№ 516, 21-27-сентябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан