Аида Баякова: «АЗЫР ЭКИНЧИ ЖОЛДОШУМ МЕНЕН ЖАШАЙМ»

Көптөгөн концерттерден скрипкасын колуна алып сахнага чыга келсе, зал жарыла колдоп-коштоп калганына күбө болгом. Ал тургай жаш жигиттердин «бах, чиркин, кандай сулуу кыз» деп суктанганын да угуп калчумун. 20-25 жаштагы жигиттерди суктандырган Аида учурда 36 жашта.

– Кандайсыз, Аида? Көптөн бери экрандан көрүнбөй калдыңыз...
– Иштеп эле жүрөм. Болгону Ассоль Молдокматова бир кезде продюсерим болуп, мени аябай пиарлап койгон. Ошондо экрандан көп көрүнүп жүрүп эл ошого көнүп калган окшойт. Азыр продюсерим жок. Чакырган той, концерттерге барып ойноп коюп жүрөм. Учурда мэриянын симфониялык оркестринде иштейм. Шубин атындагы музыкалык мектепте балдарга скрипкадан сабак берем.

– Балдар менен иштеш кыйынбы?
– Кыйын. Болгондо да аспаптардын ханышасы аталган скрипканы үйрөтүү өтө көп эмгекти талап кылат. Анан да 5-6 жашар кичинекей балдар келишет. Ар биринин тилин таап сүйлөшүш керек.

– Бала деп калдык, өзүңүздүн балдарыңыз тууралуу сөз кылсак...
– Чолпон аттуу кызым бар. Онунчу класстын окуучусу. Мени ата-энем кантип тарбияласа, мен да кызыма ошондой тарбия берүүгө аракеттенип келем, эркелетпей, эркелетүүнүн чегин билип дегендей. Болушунча бош убакыт калтырбай ийримдерге берип, тил үйрөнүүгө жардам берип жатам. Ал да мени тартып музыкага жакын. Фортепиано ойнойт, комуз да чертет.

– Скрипкачы?
– Скрипканы үйрөнүү канчалык кыйын экенин өзүм сезгенден кийин кызым кыйналбасын деп скрипкага бербей койгом. Азыр Чолпон «бул аспапта да ойногум келет» деп мени урушуп калат. Эми үйрөнсүн десем, кеч. Аны кичине кезден баштап колго алыш керек эле.

– Кызыңыздын атасы сизди ала качып кетип үй-бүлө булатып калганыңызды бизге берген бир маегиңизде айттыңыз эле...
– Жеке жашоомду жарыялагым келбейт. Учуру келгенде шашпай айтып берермин. Кызымдын атасы менен келишпестиктер болуп ажырашканбыз.

– Учурда турмушка чыккансыз да?
– Азыр экинчи жолдошум менен жашайм. Ал – жеке ишкер. Жолдошум «мени өзүңдүн чыгармачылыгыңа аралаштырба» деп суранат. Ошол себептен ал тууралуу аз айтам.

– Жашоодогу жетишкендиктерим деп эмнени айта аласыз?
– Аспирантурада окуганымды, 3 ирет жеке концерт бергенимди, фестиваль, сынактарга катышканымды, элдин сүймөнчүгү боло алганымды айта алам. Буюрса, бир же жарым жылдан кийин дагы жеке концертимди берейин деп жатам. Баары алдыда.

– Кичинеңизден музыка менен дем алып келаткан экенсиз. Музыкасыз жашоо барбы сиз үчүн?
– Музыка – менин жан дүйнөм. Бир кезде музыкасыз жашап көрүүнү да ойлонгом. 4-5 жыл машыкпай, педагог болуп иштеп жүрдүм. Бир нерсе жетишпей жаткансып, жашоодон канааттанбай каласың. Ошондо мага скрипкасыз жашоо болбойт экенин түшүндүм.

– Сиз да атактуулуктун даамын таттыңыз. Анын эмнеси оор?
– Мени элдин тааныганы сүйүнтөт. Ушактар аралап жүргөнү кейитет. Бирок ал нерсеге көңүл бурбай да койсо болот. Кээде эч ким мени тааныбай эле жөн жашасам деп ойлоп кетем. Башында бирөө жаныма келип, «сиз Аида Баяковасызбы?» десе, уялып «жок» деп койчумун. Азыр көнүп калдым.

– Шоу-бизнес чөйрөсүндө тоскоолдук, бут тосуулар болот деп көп угам...
– Ооба, майда-чүйдө бут тосуулар болот. Бирок мен аларды байкабайм деле. Андай маселе жаралса, кайра сүйлөшүп чечишип алса болот.

– Күйөрмандарыңыз да көп экендигин билебиз. Кээде бул жеке жашоого тоскоолдугун тийгизип коюшу мүмкүнбү?
– Телефонумду каяктан таап алышат билбейм, чалып алып тийишкендер болот. Мен аны тамаша катары кабыл алып, «мындай тамашаңарды койгула» деп кутулууга аракет кылам.

– Жаш кездеги күйөрмандарга кандай жооп кайтарчу элеңиз?
– Мектепте жакшы окуган балдарды жактырчумун. Мага жакпаган балдар кат жазса отуруп алып ыйлачумун, «эмнеге мага кат жазат?» деп. Жаккандарынан кат алсам кубанар элем.

– Эмне байлыгыңыз бар?

– Материалдык байлыкка кызыкпайм. Адамга керек нерселердин баары бар. Машинам бар. Машина мурда кооздук үчүн керек болсо, азыр жумуш бүтүрүү үчүн керек. Биз костюм, аспаптарды көтөрүп алып ар кайсы жакта жүрөбүз да. Бирок мурдараак көтөрүнүп алып маршруткада деле жүрчүбүз. Ошондо «машинам болсо, азыр минтип жүдөбөйт элем» дечүмүн. Ал эми материалдык байлык тууралуу миллионер, миллиардерлер сөз кылса жарашса керек. Мен үчүн азыр бир тууган, үй-бүлө, жумушум – байлык.

Перизат Музуратбекова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (18)
BEKA-KAGAN
2012-09-24 09:31:00
Кайсыл жердин сулуусу болот Аида
-2
baibolot71
2012-09-24 11:02:46
BEKA-KAGAN, Ушул жерден да бөлүп жаргың келеби? Aида Кыргызстандын эле сулуусу болот да.
+2
belka93
2012-09-24 16:22:24
baibolot71, сен туура тушунуп жаз! Ал болбойле, жон эле сурады! Значит эн биринчи ошол суроону берсен, демек сен озун болуносун!
+1
Tazash
2012-09-24 14:55:06
BEKA-KAGAN, ОШ жергесинин сулуусу.
0
tatakozy
2012-09-24 12:30:37
Азамат Аида кызы озудой болуп калыптыр.
0
univer
2012-09-24 14:02:41
Iygilik sizge kaida bolsonuz da.Munozu sonun da Aida ejenin,altyn eje da.
0
MiranA
2012-09-24 14:44:37
tiger_righ_03, Сайтта коомдук адепке ылайык келбеген сөздөрдү жазууга болбойт.
Эреже окуп, эсибизди жыйып келебиз!
30 күнгө БАН!
0
asemkiz
2012-09-24 17:21:22
жаш кыздай корунотко корсо чон кызы бар туура тан калыштуу
0
Tynka
2012-09-24 17:53:20
Озу кыз экенда кызым бар десе тан калдым, озунузду ар дайым ушундай жаш алып журун ийгилик сизге.
0
Bishkek
2012-09-24 18:00:40
azamat jakshy interw beriptir
0
REAL7
2012-09-25 11:47:28
jakwy maek boluptur maga jagat Aida eje.
+1
Gulzat.kg
2012-09-25 15:06:05
чындыгында абдан жаш корунот экен
+1
bopos
2012-09-26 16:56:04
жакшы,азаматсыз!ийгилик ар дайым.36жашта экен албетте жаш да окурмандар.30жаштагылардын балдары 7-8кл болуп калбадыбы.
-1
u86
2012-09-26 20:33:42
мага жакты
0
jiku_83
2012-09-27 00:12:33
Аида эже ийгилик сизге !
0
Mrs Asel
2012-09-27 19:51:38
Какая радость, Аида Баяковна моей учительницей была в музыкальной школе, она так классно играет на скрипке. еще раз хочу увидеть ее. успехов в творчестве
0
slm-81-10
2012-09-28 00:11:47
мага жакпады,музыка менин дуйном дегени,айрыкча
0
Bayas_Tural
2012-09-29 15:45:26
slm-81-10, сенин дуйнон эмне?
0
№ 516, 21-27-сентябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан