Балалык ар кандай мүнөттөр менен эсте калат эмеспи. Улуу кишилерден тил уккан, кээде, тескерисинче, мактоого арзыган күндөр ар бирибизде эле болсо керек. «Кичинекей кезимдеги кыялым – ата-энеме жагуу болчу»,- дейт улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун кызы Ширин Айтматова. Эл өкүлү бүгүн балалыгы тууралуу кеп салып берет.
«АЛТЫ АЙ БИШКЕКТЕ, АЛТЫ АЙ МОСКВАДА»
Эң 1977-жылы Москва шаарында төрөлгөм. Ошол маалда атамдын Москвада иштери бар эле. Жарым жыл Москвада, жарым жыл Бишкекте жашачубуз. Балалыгымдын эсте калган мүнөттөрү Бишкекте өттү. Үйдүн жанында мен жакшы көргөн булочка саткан дүкөн бар эле. «Суранам, мени жумушка алгыла-ачы» деп күндө сатуучулардын айласын кетирчүмүн.
Бишкектеги үйүбүз Тоголок Молдо-Киев көчөлөрүнүн кесилишинде эле. Атам сейилдегенди жакшы көргөндүктөн, кечинде сейил бакка мени ойноткону алып барчу. Негизи эле нукура кыргыз ата-энелер эч качан балдарын мактабайт го... Менин да ата-энем нукура кыргыздардын катарын толукташчу. Үйгө келгенде урушуп, «сен тигини туура эмес кылдың, эмнеге муну мындай кылдың? Баланчанын баласын карачы?!» деп башташчу. Анан эшикке ойноткону алып чыгышканда тыптынч болуп аларды угуп калар элем. Анткени ошол маалдагы эң чоң кыялдарымдын бири, ата-энеме жагып, бөлөк балдарды мактагандай мени да мактап, мени менен сыймыктанышса деп тилечүмүн.
«АТАМ МЕНЕН АПАМ «БИЗДИ УЯТ КЫЛДЫҢ»ДЕП ТААРЫНЫШКАН»
Үйүбүздүн жанындагы бала бакчага барчумун. Апам ушул убакытка чейин аябай катуу киши. Бала кезде апамдан кандай корксом, азыр 35ке чыксам да апамдан дале корком. Анын жанында созолонгон кыз болуп калганым менен, бала бакчага алпарып коюшканда тентектигим ого бетер күчөчү. Бир жолу эсимде, бала бакчада тарбиячылар жаттап кел деп ырдын текстин беришкен. А мен тентек болсом кайдан жаттамак элем?! Жаттабай барып эптеп-септеп бир нерселерди айтып берип кутулуп кеткем. Үйгө келгенде апам менен атам «сен бизди уят кылдың» деп катуу таарынышкан.
Кийин №5-кыргыз тилдүү мектепке бардым. Ал жактан да шоктугумду токтоткон жокмун. Окуучулардын бардыгын уруп салсам, менден тажаган мугалимдер ата-энеме «кызыңарды окутпайбыз, алып кеткиле» деп айтып, мени мектептен чыгарып салышкан. Ошондон кийин №13-мектепте окуп калдым.
Туулган күнүм жайында болгондуктан, каникулга туш келип калат. Мен дагы башка окуучулардай туулган күнүмдү окуу маалында өткөргүм келип, атайын башка күнгө жылдыртып, классташтарымды чакырып алчумун. Кука деген классташым бар. Азыркыга чейин аябай жакын курбуларданбыз. Кука дайыма айтып калат, «сен бир жолу сабакта боёктордун баарын сууга аралаштырып ичип алып, биз ата-энеңе «Ширин өзүн жаман сезип жатат» деп телефон чалганбыз» деп. Кука экөөбүз сабактан чыкканда бир автобуста үйгө кетер элек. Сумкаларыбыз да окшош болчу. Кечинде сабак окуюн десем эле, экөөбүздүн сумкаларыбыз алмашып кеткен болот. Түнү болсо да анын ата-энесине «сумкамды алмаштырып алайынчы» деп телефон чалып тажатканым эсимде.
Кийин бой жетип калганда Англияга конокко барып калдык. Бир кыз менен таанышып калып, ал өзү окуган кыздар интернаты жөнүндө айтып берди. Ата-энемди кыйнап «мени Англияга калтыргыла» деп жатып, ошол жакта окуп калдым. Кыйратып англисче билсемчи! Болгону, 3-4 сөз жаттап алгам. Анан да балдарга кошулуп «биз укукту коргойбуз» деген кайдагы бир демонстративдик митингге чыгып алганымчы!
Англияда окуп жүргөн убакта ата-энем Люксембургга көчүп келишкен. «Тажадым Англиядан, мени алып кеткиле» деп Люксембургга барып, ошол жакта окудум.
«ЭЛДАР ЭКӨӨБҮЗДҮ АЛМАШТЫРЫП...»
Ата-энем балдарын окуудан сырткары искусствого жакын болсун деп мени фортепиано сабагына беришкен. Азыркы Манас проспектисинде токулган кийимдерди саткан дүкөн бар болчу. Бир жолу апам экөөбүз ошол дүкөнгө кирсек, сонун желбегей бар экен. Ошону сатып бер десем, «фортепианодон сынакты «5ке» тапшырсаң сатып берем» деди. Андан «4+» алып, «5» алдым деп калп айтып койгом. Ошентип, желбегейди 3 жыл бою калп айтып койгонум үчүн өзүмдү ыңгайсыз сезип жамынып жүрдүм.
Анан да үйдөн конок үзүлчү эмес. Чачымды калың болуп өссүн деп дайыма таз кылып алып салышар эле. Үйгө келген коноктор иним Элдардын башынан сылап, «айи-ий, кызыңар аябай татынакай турбайбы» деп, мени болсо «нукура жигит экен» деп калышчу. А мен болсо аларга «жо-ок, мен деген Ширинмин, эркек эмесмин» десем, «аа» деп көзүнүн кыйыгы менен карап калышар эле.
«ЖАНЫБАРЛАРДЫ АЯП, СУУК БОЛСО ДА ЖЫНСЫ КИЙИП ЖҮРЧҮМҮН»
Атам иттерди жактырчу эмес. А мен, тескерисинче, жаныбарларды сүйчүмүн. Үйдө балыктан баштап итке чейин багар элем. Бир жолу «Эркиндик» сейил багына атам экөөбүз Тобик деген итибизди ээрчитип алып чыктык. Тобик бошонуп кетип «Эркиндикти» аралап чуркап жүрөт. Мен болсо атамдын колунан сүйрөп алып «Тобикти кармаш керек» деп бир топ убакыт анын артынан жүргөнбүз.
Чет жерде окуп жүргөндө ата-энем териден жасалган кийимдерди салып жиберишет. А мен «эх, кайсы бир жаныбар ушул кийим үчүн өлдү да» деп аны кийбей, суук болсо да жынсы кийип жүрө берчүмүн. Мен жаныбарларды аясам, ата-энем мени үшүбөсүн деп аяшчу экен да, көрсө.
Жаныбарлардан сырткары үйдө куурчактардын коллекциясы бар болчу. Куурчактардын түрүн саттырып алып, ар бири менен сүйлөшөр элем. Жакпай калган куурчактарга «мына сага, «2», жаккан куурчактарга «сага болсо «5» деп баа коюп, кагазга жазып чаптап койчумун.
Айдай Асанбекова
politika@super.kg