ЧЕЙРЕК КЫЛЫМ ӨМҮРҮН ЖЫЛАНГА АРНАГАН ЖЕТИМИШ ДОСКАЕВ

Жетимиш Доскаев 1960-жылы Өзгөн районуна караштуу Мырзаке айылында төрөлгөн. Үй-бүлөлүү. 3 кыз, 2 уулдун атасы. Бул ысымды башта кыргыз журтчулугу балбан катары тааныса, убакыттын өтүшү менен чыгаан көз боочу деп биле башташкан. Ал эми азыр анын ысымы өзү баккан жыландар аркылуу чыгып келет.

– Саламатсызбы, Жетимиш ага, соңку мезгилде көрүнбөй кеттиңиз. Эмне менен алексиз?
– Саламатчылык. Азырынча өздүк чарба менен алек болуп, жыландарым менен убарамын. Жакында Орусияга чакыруу менен барып, көз боочулук боюнча бир канча номерлерди көргөзүп, жыланымды эл алдына алып чыктым. Быйыл, буюрса, 52 жаш курагымды белгилейм. Ушуга шылтоолоп Кыргызстанды түрө кыдырып, элге өнөр тартуулап келсемби деп турам.

– Азыр эл кыдырган менен мурунку учурдун айырмасы болсо керек...
– Искусство тармагында 25 жыл эмгектендим. Көп жерде болдум. Биз айтылуу Чубак Сатаев менен көп жүрүп калдык. Ал кезде афиша чыгаруу деген жок эле, биринен бири угуп келе беришчү. Көз боочулук өнөргө кызыккандар мурун көп болчу. Мен концерт берип кеткен жерден эртеси жылан чыгыптыр деген кептерди көп уктум.

– Бул чөйрөдөн эмне таптыңыз?
– Катташканга көп тааныш, санаалаш таптым. Тапанча палван, Раатбек Санатбаев, Баяман Эркинбаев сыяктуу балбандар менен көп жүрдүм. Алардын кандай мыкты адамдар экендигин эми гана, 50дөн ашканда аңдап-сезип отурам.

– Көз боочулук деп калдыңыз, бул өнөр менен качан таанышып, ага канча убактыңызды сарптадыңыз?
– Өзүм балбандын тукумунанмын. 22 жашка чейин күрөш менен жүрдүм. Азыр жаштар билбей калышты го, айтылуу Тапанча палван деген болгон, ошонун шакиртимин. Бирок көз боочулукка башта кызыгуум күч болгондуктан, кийин спортту таштап, аны өздөштүрө баштадым. Өз алдымча элди ишендире алганда эл араладым, өнөр өзүм менен кетпесин деп шакирттерди тарбияладым. Гипнозчулук менен алектенгениме 25 жыл болду. Бирок мен билбеген нерселер дале көп. Азыр болсо ушул өнөрүм менен адамдардын жүрөк, баш, тиш ооруларын айыктырып, тамеки-арактан арылтуудамын.

– Каалагандын баары эле көз боочу боло алабы?
– Жок. Чынында, баарынын эле колунан келбейт. Бул бирөөлөргө керемет көргөзүү эле эмес, дарылоо касиетине да ээ. Оорулууну айыктырууга да көз жетиш керек да.
Көз боочулукта, эң башкысы, сыр ачылбашы керек. Элди ишендирүү үчүн колго укмуштуудай тездик керектелет. Мыкты көз боочулардын колдору секундуна 8-9 кыймыл жасайт. Менин колдорум олбурлуу болгондуктан, 1 секундда 6 кыймылга араң жетишем. Бул өнөрдү өз алдынча үйрөткөн китептер бар. Үйрөнсөңөр болот.

– Түшүнүктүү. Эми жыландарыңыз тууралуу суроо: Эмнеден улам жылан багып калдыңыз?
– Жыланга башынан эле кызыгуум бар болчу. Бир кооз номер үчүн керек болуп, ошондон кийин бул жандыкты багып калдым. Алгачкы жолу 22 жашымда биринчи жыланымды бактым. Андан бери колумдан 17 түрдөгү жүздөгөн жылан өттү. Алардын бир топ сырлары белгилүү болду. Алар ыйык да, санын айтпай эле коёюн. Бирок көбүнчө анаконда, уудат сыяктуу жыландарды кармайм. Алардын көбү чет өлкөлөрдөн алынган. Биздин жыландарды деле кармаса болот, бирок биздегилер кара чаар же башка сүйкүмсүз өңдө болгондуктан, элге суук көрүнүп, ага эч кимдин деле көзү токтобойт.

– Жылан жагынан кандай ачылыш жасадыңыз?
– Адам баласы 15-20 күндө бир жыланды көрүп турушу керек. Бул психологиялык тарбия берет. Ал сүрдүү болгону менен, жакшы мамилеге жакшы эле жооп кайтарат. Адамдардай эле жыландын да жакшысы жана жаманы, ооматтуусу, касиеттүүсү болот. Жакшы жери, жылан келе турган коркунучту адамдан 2 күн мурун билет. Жер титирээрин билип калса, өзү салынган тактайын талкалап болсо да чыгып кетет. Жыландын деле адамзат сыяктуу 50-100 жылдык өмүрү болот. Жыландын көзү жумулбагандыктан, бир көргөн кишисин 40 жылдан кийин да эстейт. Кеги болсо алат.

– Сиз жыландарыңызды кандай багасыз? Төлдөтүү жолдорун издеп көрдүңүз беле?
– Жыландарымдын баарына бирдей камкордук көрөм. Алар табиятынан өлүк жандыкты же даяр этти жебейт. Андыктан үйдө багылган ак чычкандарды жана медициналык институттардан алынган чычкандарды апкелип тирүүлөй салып берем. Азыр колумда 3-4 породадагы ийри жандыктар бар. Төлдөтүү жолдорун билем, бирок шугулданган эмесмин. Жылан 2 түрдө тууйт: жумуртка басат жана тирүү тууйт.

– Кыш жакындап келет. Асан Кайгы айтмакчы, суукта боору менен сойлогон жылан байкушту ойлоп кеттик. Кантет?
– Жылан муздак кандуу болгондуктан, көбүнчө муздакта жатат. Кышкысын ийинге кирип, жерге жылуулук киргенге чейин 4-5 ай анда жатат. Бул учурда алардын денелери жансыз абалга келип, кыймылдан калат. Демейде жыландын ыйык жерлери болгон башынан, куйругунан кармоо жана тез кыймылдар аны чочутат. Бирок бул учурда ал жыгач эле болуп калат. Сезүү органдары уктап калат. Мен кышкысын жыландарымдын «уктап» калуусуна жол бере албайм. Бөлмөгө лампочка жагып, анын жылуулугу менен кыштан чыгарам.

Максат Кудайбердиев
Ташболот Досалиев
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Жылан бир көргөн адамын 40 жыл унутпай, акыры кегин алат
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
Mirko.93
2012-09-25 10:30:05
Ох.:o жыланды елестетип алып буттарым чымырап кетти.
0
Gulzat.kg
2012-09-25 15:30:27
жылан алдымдан чыкса журогум жарылып кетсе керек. Абдан корком бул жандыктан
0
joysin77
2012-09-26 08:56:23
эсимде 1 жолу 1 жыланы качып кеткен Жетмиш акенин киин каналдан кармашкан мектеп ке жакыныраак жашайт эле ошондон окуучуларды каналга жолобогула деп предупреждение берип келген
0
aigulya-2012
2012-09-28 01:48:23
Oi jylan chyn ele janymda turgansyp denemdin bary kaltyrap ketti
0
kgnur90
2012-09-29 00:26:24
тушумо жылан коп кирет...
0
Asiyo
2012-09-29 01:35:52
Жетимиш акенин жыландары бугун тушумо кирбесе эле болду...ии-иий бекер туну кордум да!
0
Mirza-Ake
2012-09-29 23:34:23
Жетимиш аке ишинизге ийгилик.Биз Мырза-Акеликтер сиз менен сыймыктанабыз.
0
meder5
2012-10-21 05:01:46
БИз сиз менен сыймыктанабыз Мырзакиликтер сизди ар дайым кодойт
0
№ 516, 21-27-сентябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан