Консерваланган жер-жемишти жеп отуруп жайды элестетип, бышыкчылыктын жыты мурдуңа келери талашсыз. Андыктан, кожойкелер, өз колуңуз менен кышка даярдык көрүүнү унутпаңыз.
«КҮЗ БЕЛЕГИ» САЛАТЫ
Керектелүүчү азыктар:
Баклажан – 2 кг
Помидор – 2 кг
Болгар кызыл калемпири – 1 кг
Сарымсак – 50 гр
Ачуу калемпир – 2-3 даана
Уксус (9) – 100 мл
Туз – 2 аш кашык
Кумшекер – 3 аш кашык Лавр жалбырагы, тоголок кара мурч
ДАЯРДОО ЫКМАСЫ:
1. Баклажанды 2-3 сантиметр калыңдыкта кесип алабыз. Мындан жука кессеңиз, кайнатканда эзилип кетиши мүмкүн. Эми баклажанды туздап, жарым саатка коюп коёбуз.
2. Жашылчаларды даярдайбыз. Помидор менен болгар калемпиринин эки түрүн, сарымсакты жууп-тазалап, эт туурагычтан өткөрөбүз. Буга туз, кумшекер, өсүмдүк майын кошуп, 5-7 мүнөт кайнатабыз.
3. Андан соң баклажанды салып дагы 20 мүнөт кайнатабыз. Эсиңизде болсун, томат ширеси баклажанды сөзсүз көмүп турушу зарыл. Баклажан бышкан соң туз татымын көрүп, бууланган банкаларга салып, жабабыз.
«АССОРТИ» САЛАТЫ
Керектелүүчү азыктар:
Помидор – 3 кг
Бадыраң – 3 кг
Болгар калемпири – 2 кг
Ачуу калемпир – 3-4 даана
Пияз – 100 гр
Петрушка – 2 боо
Ашкөк – 1 боо
Тоголок кара мурч, туз, кумшекер, лавр жалбырагы
ДАЯРДОО ЫКМАСЫ:
1. Жашылчалардын баарын жууп-тазалап, суусун сарыктырып алабыз.
2. Пиязды жарым тегерек, болгар калемпирин чарчы, бадыраңды калыңдыгы 1,5-2 сантиметрдей кылып тегерек формасында туурайбыз. Ал эми помидорду майда кесимдерге бөлөбүз.
3. Бууланган банканын астына петрушканын 2-3 сабагын, ашкөктүн гүлүн, сарымсак, ачуу калемпирдин бир кесимин салабыз.
4. Жашылчаларды ирети менен, алгач пиязды, анан болгар калемпирин, бадыраңды, помидорду салабыз. Буларды ныктап салбасаңыз, банканын сыртынан кайнатканда салатыңыз жарымынан эле болуп калат. Помидордун үстүнө 5-6 тоголок кара мурч жана 1 лавр жалбырагын салып коюуну унутпаңыз.
5. Эми маринад даярдайбыз. Ал үчүн мискейге 2 литр суу куюп, ага 3 аш кашык туз, жарым стакан кумшекер салабыз. Кайнап чыкканда 150 миллилитр уксус (9) куюп, банкаларга куябыз. Андан соң банкаларды мискейге салып, сыртынан 7-8 мүнөт кайнатып, жаап коёбуз. Кышкысын столго коёрдо өсүмдүк майынан кошуп койсоңуз да болот.
Дамира Арстанова
kenesh@super.kg