«КАННАМ СТИЛИ» ДҮЙНӨНҮ КАПТАДЫ
Корей ырчысы PSY'нин «Gangnam Style»(«Каннам стили». Каннам – Сеулдун эң бай району) аттуу ырына тартылган клип поп жанрындагы музыканы сүйүүчүлөр тарабынан социалдык сайттар аркылуу дүйнөгө тарап, учурда дүйнөлүк чарттардын алдыңкы саптарын ээлөөдө. Ыр ушул жылдын июль айында жаралып, Азияда бат эле хитке айланган. Аталган клип АКШлыктарды да көңүл кош калтырган жок. Клипти интернет барактарынан бүгүнкү күндө
190 миллиондой колдонуучу көргөн.
Ырчынын өз аты – Пак Чэ Сан. Ал 1977-жылы 31-декабрда Сеулда туулган. АКШдагы Бостон университетин жана Беркли музыкалык колледжин бүтүргөн. 2001-жылы алгачкы жолу ырдап баштаган PSY – ошол убактан бери корей элинин сүймөнчүк жылдызы. «Gangnam Style» ырынын клиби Кореянын хип-хоп музыкасына пародия катары гана тартылган. Ага кореялык шоумен, телеалпаруучу сыяктуу атактуу адамдар катышкан.
ЖАСТИН БИБЕР МЕНЕН ИШТЕШҮҮДӨ
Ыр чыккан күндөн бир айга жетпей дүйнөлүк медиа бул чыгармага көңүл бура баштады. «Лос-Анжелес таймс» гезити «Gangnam Style» ырынын интернет аркылуу токтотууга мүмкүн болбогондой жайылып баратканын жазып чыккан. Чарттардын биринде Жастин Бибердин «As Long as You Love Me» («Сен мени сүйүп турган чакта») ыры жана Кэти Перринин «Wide Awake» («Ойгонуу») ырларынан да ашып, алгачкы саптарды ээлеген. Бул ийгиликтеринен улам Жастин Бибер ырчы менен чогуу иштешүү сунушун киргизип, PSY анын «Island Records» агенттиги менен расмий түрдө келишим түзүүгө да жетишти. 6-сентябрда ырчы MTV телеканалынын музыкалык видеоклиптерге сыйлык тапшыруу аземине катышты. Аземде ал «Billboard» журналынын версиясы боюнча Майли Сайрус, Рианна менен катар мыкты кийинген жылдыздардын катарын да толуктады.
Перизат Музуратбекова
star@super.kg