Акыркы убактарда мектептерде окуучулардын бири-бирине үстөмдүк жасоосу, акча талап кылууга байланышкан фактылар көп кездешүүдө. Өкүнүчтүүсү, бул көйгөйдүн айынан кээде жаш өмүрлөр жайрап калууда.
«БИЗ МЕНЕН ИЙИЛИП УЧУРАШКЫЛА!»
11-сентябрдан 12сине караган түнү Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы С.Ташиев атындагы мектептин 10-классынын окуучусу токмоктон каза болду. Бул түнү аталган мектептин 20 чакты 10-11-классынын окуучулары өз ара келишпестиктерди чечип алмакчы болуп Кара-Үңкүр дарыясынын жээгине «разборкага» чогулушкан. 11-класстын балдары 10-класстын балдарын «биз менен ийилип учурашкыла!» деп «тарбиялап», катарга тизип алып төштөрүнө уруп чыгышат. Катуу урулган соккудан улам 1996-жылы туулган 10-класстын окуучусу Кененбай Кубанычбек уулунун кабыргасы сынып, ооруканага жетип каза болгон.
Мушташка катышкан 11-класстын окуучулары милицияга сурак берип, төрт баланы ошол жерден камакка алышкан. Иш облустук ИИБинин тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилген. ОИИБинин маалымат катчысы Аида Зулпукарованын айтымында, бул факты боюнча «киши өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголуп, тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүп жатат.
Ал эми аталган мектептин директору Чолпонай Жулчиева жумушунан алынып, тарбия иштери боюнча директордун орун басарына жана райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысына сөгүш берилген.
Каза болгон Кененбайдын атасы Кубанычбек Туркменов «уулум мурун эч качан мектептеги уруп-сабоолор тууралуу айткан эмес» деп, төмөнкүлөрдү кошумчалады:
– Кененбай ушул жашка келип эч ким менен жаман айтышып, мушташкан эмес. Менин уруксатымсыз эч жакка да чыкчу эмес эле. Биздин үй окуя болгон жерден 2,5-3 чакырым алыстыкта, уулумдун уюлдук телефону да жок, кантип чакырып алышты билбейм. Кылмышка шектелип кармалгандардын арасындагы Кыял, Өмүрбек деген балдар бир жыл мурун да массалык мушташка катышып, ажыраткан мугалимдерди да укпай коюшкан экен. Ошондо бул райондук деңгээлде каралып, кайра жабылып калган. Мүмкүн, ошондо жакшы бир чечим чыкса, бул иш болбойт беле?.. Уулумду сабап өлтүргөн балдардын ата-энелери келип кечирим сурашты, бирок мен кечирбейм. Алар да өз жазасын алышсын!
«КАРАЛАР» МЕКТЕПТЕРГЕ «СМОТРЯЩИЙ» КОЮШАТ
Мектепте рэкет бар экендигин баары эле моюнуна алат. Көбүнчө аларга 5-9-класстын окуучулары кабылат. Кенже класстагыларды жогорку класстын окуучулары салык төлөөгө мажбурлашат же жөн эле ур-токмокко алышат. Бирок мындай зомбулукка кабылган балдар окуяны эч кимге айтпайт. Кээде мектеп жетекчилиги да билип туруп кошумча көйгөйлөрдөн чочулап, жаап-жашырууга аракет кылышат. Анан да мындай көрүнүш кыздарга, жаш балдарга чейин жеткендиги кооптондурат.
Мисалы, биз мурунку сандарыбыздын биринде Бишкектеги №54-мектептин беш окуучу кызы классташын мазактап сабаганы тууралуу иликтеп жазган элек. Ал беш «баатыр» кызга милиция тарабынан кылмыш иши козголгон. Бул ишти Биринчи Май райондук соту карап, 5 кызга тең кылмыш ишин токтотуп койгон. Бул жерде биздин соттордун «гумандуулугунан» улам күнөөлүүлөр эч кандай жаза албай калышкан.
«Мектеп – коомдун күзгүсү» деп айтылат эмеспи. Балдар айлана-тегерегинде көргөнүн кылышат, туурашат. Алар тер чыгарып иштебегендер байып жатканын, кылмышкерлер кылган кылмышына мактанып, ал кылмышы үчүн жазаланбагандарын көрүп жатышат. Кылмыш чөйрөсү «абактагылардын муктаждыктарына акча чогулткула» деп мектептерге өздөрүнүн «смотрящийин» коюшары да айтылып жүрөт. Мектепте абакта жаткандар үчүн акча чогултуп жатышса, балдар ал жактан кандай түшүнүктө тарбияланып чыгышат?..
КРИМДҮЙНӨГӨ АРАЛАШПАГАНДЫГЫ ҮЧҮН СОЮП КЕТИШКЕН
Жакында Казакстандын Түштүк Казакстан облусунун Арысь шаарында да кайгылуу окуя болуп өттү. Күндүзү эле шаардын так ортосунда топтошкон өспүрүмдөр Мадияр Нурулла уулу аттуу 17 жаштагы өспүрүмдү бычактап өлтүрүп салышкан.
Каза болгон өспүрүмдүн туугандарынын жана жакындарынын айтымында, өлтүрүүнүн себеби, Мадиярдын шаардык жаштардын криминалдык жашоосуна аралашкысы келбегендиги болгон. Кылмыш дүйнөсүнүн мыйзамдарына ылайык, бул жашоодон баш тартуу чакырыгы катары эсептелип, өспүрүмдүн ырайымсыз жазалануусуна алып келген. Мадиярдын ата-энеси полицияга бир нече ирет кайрылышса да, оң жыйынтык чыккан эмес.
«Бул облус бүгүнкү күндө криминалдык анклавга айланып, жергиликтүү бийлик жана укук коргоо кызматтары алсыздыгын көрсөтүп, кээде кылмыш дүйнөсү менен кызматташып келет»,- дейт Мусулмандар союзунун Казакстандагы филиалынын жана Борбордук Азия мусулман комитетинин жетекчиси Сырлыбек Мусабеков. Ал казак бийлигин кылмыштуулукка каршы күрөшүүгө чакырып, кылмыштуулук токтобосо эл өзү колуна курал алып, шаар көчөлөрүндө тартип орноторун билдирүүдө.
БЫЙЫЛ 9 ФАКТ КАТТАЛГАН
ИИМдин маалыматына караганда, республика боюнча өткөн жылы 24, үстүбүздөгү жылдын 8 айында 9 мектеп рэкетчилигине байланыштуу кылмыш иши козголуп, соттун кароосуна жөнөтүлгөн. Учурда республика боюнча 2 миллиондон ашуун жаш өспүрүм бар, алар менен иштөөчү тескөөчүлөрдүн саны 426 гана адам. Бул ар бир тескөөчүгө 4 миңдей өспүрүмдү тейлөөгө туура келет дегендик. Бул да болсо өспүрүмдөр арасындагы укук бузуулардын жана кылмыштуулуктун өсүшүнө өз таасирин тийгизет. Учурда ИИМ дагы башка беш министрлик менен бирге өспүрүмдөр арасындагы рэкетчиликти жоюу боюнча иш алып барууда.
Бешиктен бели чыга элек балдардын ээн баштыгы, мектеп рэкети – бир эле мектептин эмес, жалпы коомчулуктун чоң көйгөйү. Жеке эле мугалимдерди күнөөлөй бербей, ата-энелер, коомчулук да кол кабыш кылса... Мектептердеги рэкет менен коомчулук, ата-энелер түп көтөрүлүп күрөшүп, алдын албаса, жалгыз мугалимдер менен укук коргоо кызматтарынын колунан оолуккан өспүүмдөрдү токтотуу келбечүдөй болуп калды.
Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg
«Супердин» сурак бурчу
МЕКТЕПТЕГИ РЭКЕТЧИЛИКТИ КАНТИП ТОКТОТСО БОЛОТ?
Канат Садыков, Билим берүү жана илим министри:
– Быйыл мектептердеги рэкетчиликти жоюу үчүн беш министрлик тарбиялык иштерди чогуу жүргүзүүгө кол койдук. Буюрса, биргеликте иштесек, мектептеги кылмыштуулук жоголот деп ойлойм.
Гүлжамал Абдирасулова, студент:– Менин оюмча, ата-энелер менен мугалимдер балдарга жакшы тарбия бериши керек. Рэкетчилик тарбия жетишсиздиктен улам келип чыгат. Бирок ар бирокуучу өзүн жакшы алып жүрсө, тың болсо, ага эч ким тийишпейт.
Азамат Сыдыков, студент:
– Рэкетчилик буга чейин эле болуп келген жана боло берет. Салык салуу, ээн баштыкты токтотсок, буга чейин эле токтойт эле го... Катуу чара колдонсок, балким, азаят болуш керек, бирок токтобойт.
Базаркул Маматкулов, юрист:
– Мектептин жетекчилиги милиция менен чогуу иштеп, рэкетчиликти жойсо болот. Ал үчүн мектепте тартип катуу болуш керек. Ата-энелер да мугалимдерг
бат-бат жолугуп, балдарынын окуусунан, тартибинен кабардар болуусу абзел.
Даниза Орозакунова, мугалим:
– Мектептеги рэкетчиликти балдарга туура тарбия берип алдын алсак болот. Мектептерде адеп сабагы көп окутулушу керек. Окуучуларды кантип адептүү, тарбиялуу болууга окутсак, жакшы жыйынтык чыгат.
Эрлан Нурлан уулу, окуучу:
– Менин оюмча, мектептин тегерегине жана ичине видеобайкоо орнотуп, ар бир окуучунун эмне кылып жатканын карап туруш керек. Ошондо рэкетчилик жок болот.
Асхат Субанбеков
koom@super.kg