КАМБАР-АТА-1 ТАШКЕНТТИН ТЫНЧЫН АЛУУДА

ДУБЛЬ №2
Орусиянын президенти Владимир Путин өз делегациясы менен 19-сентябрдын түнүндө Кыргызстанга келип конду. Эртеси өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев менен көзмө-көз сүйлөшүп, андан ары кеңейтилген форматтагы жолугушуулар болуп өттү. Жыйынтыгында 6 документке кол коюлуп, эң башкысы, Камбар-Ата-1 ГЭСинин тагдыры чечилип, Кыргызстандын Орусиянын алдындагы 489 миллион доллар карызы 2 этапта жоюлмак болду.
Путиндин иш сапарын эксперттер чөйрөсү «экинчи аракет» деп атоодо. Буга чейинки биринчи аракет акталбай калган. Эске салсак, экс-президент Курманбек Бакиев «Ганси» авиабазасын чыгарам деп сөз берип, ГЭСтердин курулушу үчүн 2 миллиард доллар насыя алмакчы болгон. Бирок мурунку ажо сөзүнүн өтөсүнө чыккан эмес.

ӨЗБЕК АЖОСУНУН КӨЗДӨГӨНҮ ЭМНЕ?
Өзбекстан президенти Ислам Каримов Борбор Азия аймагында суу көйгөйү курчуп баратканын, анын кесепетинен согуш чыгып кетерин ачык эле айтууда. Түздөн-түз «Кыргызстандын айынан» деп айтпаса да, мындай билдирүүнү өзбек ажосу Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу стартта турганда, Орусия президенти Владимир Путин Кыргызстанга келер алдында, болгондо да Астанага болгон сапарында айтып чыкты. Муну серепчилер «Каримов Кыргызстандын ички саясатына кийлигишүүдө, ал чырга Казакстанды да тартууга аракет кылууда» деп баалашса, кыргыз коомчулугу кыжырдануу менен кабыл алды.
Каримовдун кооптонгону, эгер Камбар-Ата-1 ГЭСи ишке кирип калса, Кыргызстан энергетикалык жактан Өзбекстанга көз каранды болбой калат жана анын кээ бир аймактарына мурдагыдай сугат үчүн суу жетпей калышы мүмкүн.

ГАЗДЫН БААСЫН БЫЧАРДА СУУНУ ЭСКЕ АЛЫШСЫН
Өзбекстан газ маселесине келгенде Кыргызстандын кызыкчылыгын уруп ойнобойт да, сууга келгенде биз уруксат алышыбыз керекпи? Аргасыздан баягы карапайым кыргыздын өзбек досуна айткан «досум, дос элек бозо сүзгөндө, ажыраштык коон үзгөндө» деген сөзү эске түшөт.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (29)
Kantemir
2012-09-24 23:35:21
Камбар-Ата 1ди курса жакшы болмок. Озбектер дагы газды кымбат сатышабы? Биз дагы мумкунчулукту коё бербешибиз керек. Согуш ачса, Манастын урпактарыбыз урушканга даярбыз. Каримов коп калжындай бербесин.
0
abdumalik
2012-09-24 23:48:34
Kantemir, Рахмат силерге, азаматсынар. Мен да силердин катарынардамын. Бирок согуш 21-кылымда болбойт, самалёт менен бомбалоо болот.
0
Nurtilek82
2012-09-25 17:01:23
abdumalik, Озбекистанда самалет болсо болсо бизде суу сактагычтар бар ачып жиберсек озбекистан картадан жоголуп кетет ошону унутпа.
0
emilkyrshab
2012-09-25 14:44:41
Камбар-ата ГЭСи курулуп бутуп калса,чиновниктерибиз дагы бир ирет капчыгын толтуруп,жашоо шарттарына жетип, ашаарлык байлык уйлоруно ташып алышмак!
0
emilkyrshab
2012-09-25 14:46:52
бир аз куткончо,мамлекеттин казынасынан ГЭСке деп,чекесинен оюп жегенче отуруп турунуздар,УРМАТТУУ КАН СОРГУЧ ЧИНОВНИКТЕР!!! ГЭС буткончо бош отурбай дейм да
0
Tendik
2012-09-26 18:28:31
ошол гранттан жеп атканда тамагынан тешип чыгып башы мене жерге сайылып калса чочко ЧОНДОР.
0
evgeniya
2012-09-29 02:04:31
emilkyrshab,
хе хе хе туура ,мен эч тушунбойм бийликке жетсе муйуз чыгат бекен!?эч качан бийликке жолобойм жакындарымды да жолотпойм ,тынч эле жашайлы ,коро албастык болот ,атаандаштык эмне пайда андан?андан коро,бири-бирибизди колдосок ,жардам берсек !
0
rozaida
2012-09-25 17:21:21
Эн чон долбордун чечучуу мезгили деп айтсам жанылышбайм. Жакшы соз жан эритет, жаман соз жан кеитет дегендей озбек ажоосу макулуктун созун суйлоптур. Кыргызда жогоруда жазган балдар барда эч качан мекенибиз коз каранды болбойт!!! Азаматар силердин бир айткан созунорго журогум жылып калды бар болгула. Орусия ажосу КРга келгени кубандырат балким онугунун эн биринчи кадамы ушул деген умут куч алуда. Кыргыз ажосу жонокой саясатчы эмесго. Мен эки колум менен колдойм онугуу жолдорун. Эн жакшы кабар.
0
Taalaibek.
2012-09-26 07:18:14
Каримов оозуна карап суйлосун. Кыргыздар жоокер болуп осконбуз жана жоодон эч убакта тайманбайбыз. Онугу жагынан болсо ким кан каалабасын. Камбар-Ата ГЭСинин тез курулушун каалайбыз.
0
obol.kg
2012-09-26 18:19:24
Оз элин ушинтип коркутат чыгаар, деп койсо эли бурушуп калып конгонда. КЫРГЫЗды минтип коркуталбайт. Атамбаев барып "эй оозуна карап суйло"! деп койсо жакшы болмок.
0
Gul.08
2012-09-27 01:50:24
Баары тынччылык менен Эле болсун)))Кыргызстаныбыз онуго Берсин!
0
rashmoll
2012-09-27 01:51:50
Каримов Ислам ммддааа согушканга карылык кыласынго дейм согушпай эле кысыыыып журбойсунбу орто азияны дурботпой сенго жашаарыны жашап алдын не деген жаш балдар бар алар да жашасында согуштан го эч ким коркпойт мен да кыргыз жигиттеринин катарындамын
0
stan.kg
2012-09-27 10:49:36
Мамлекетибизге бир эмес 8 ГЭС курулган жатат.Бул ГЭСтердин курулушуна А.Атамбаевдин кошкон салымы абдан чон.Убагында Бакиев 1 ГЭСти баштап коюп кундо мактанчу эле,ал эми Атамбаев президент болгонуна 1 жыл болбой жатып КРдин келечеги учун стратегиялык коптогон иштер старт алды.Кытай-Кыргызстан-Озбекстан темир жолу, Кара-Балтадагы нефтини кайра иштетуучу заводдор курулуп бутуп калса олкобуз башкалардан кадимкидей коз карандысыз болуп калат эле.Азаматсыз Алмазбек Шаршенович! Ишинизге ийгилик!
0
stan.kg
2012-09-27 10:59:40
Каримовдун ошончолук эле кыйын экенин ГЭСтер курулуп буткондон кийин коро жатабыз.Биз аларга сууну дээрлик бекер эле беребиз,ал эми алар бизге газды аябай кымбат сатып жатышат.Суу болобу,газ болобу,нефть болобу баары тен кудайдын берген табигый нерсеси.Алар сатабы анда биз да сууну ошондой баада сатышыбыз керек."Эл башы болгончо,суу башы бол" дегендей,Кыргызстаныбыздын келечеги алдыда!Эн негизгиси озубуз ынтымакта болсок Манастын урпагы кыргызыма эч бир мамлекеттин кучу жетпейт! АЛГА КЫРГЫЗСТАН!
0
akumut
2012-09-27 11:23:35
Озбек эли менен коюндаш жашап алардын кулк-мунозун билип буттук, "Досум, дос элек бозо сүзгөндө, ажыраштык коон үзгөндө»ушул соз туура айтылыптыр,чыны алар ушундай, мына газ маселесин норма чечпей келишет оздору, эч ким согуш чыгат деген жок ко, а сууга келгенде согуш чыгышы мумкун дейт, булрга ишениш жок, чек арага жакындаган кыргызды атып олтуруп жатса, чек араны КРнын жеринен кошуп алып тосуп жатса, чек арада атышууну уюштуруп, анан КРна куноо койсо?! Качан
0
Ali1030
2012-09-29 20:10:22
Суу проблемасынан согуш чыгып кетиши мумкун-деп айткандар чын эле согуш жарыяласа анда кандай болот...Коргойбуз Ата-Мекенди...Кыргызбыз...
0
Aza_boy
2012-09-30 23:02:06
иштин башы жакшы,молодцы!биз да онуголучу алмаз байке.калган мактону качпасаныз ГЭС буткондо айтайын.
0
Aza_boy
2012-09-30 23:10:57
ал эми согуш бул жон гана соз.коп болсо блокода болот.
0
Zair5522
2012-10-04 02:43:52
kyrgyzstan rossiaga avtonomnyi bolup koshulusu kerek sonon bolmok hehehe
0
№ 516, 21-27-сентябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан