«Республикачы» депутат Максат Сабиров түрмөдө отурган Абдулла Юсуповдун айткандары боюнча «Ата Мекен» партиясынын 4 депутаты мандатын тапшырыш керек» деп чыкты. Айтымында, депутаттык кол тийбестик иликтөө иштерине тоскоол болот экен. Кызык жери Сабировдун принципиалдуулук тууралуу кеп козгогону болду.
Кесиптеши Исхак Пирматовго кылмыш иши козголгондо Сабиров эмне үчүн кол тийбестик, мандат тапшыруу тууралуу бир ооз сөз айтканга жараган эмес? Пирматовдун ишин деле депутаттык комиссия иликтеп чыккан, анда неге Пирматовдун кол тийбестиги тоскоолдук жараткан жок? Айтор, принципиалдуулук жагынан караганда Максат мырзага минтип өктөм сүйлөөгө болбоду дегенде моралдык адеби жол бербеши керек болчу