Урматтуу окурман, «Супер-Инфо» гезити «Соцкеңеш» рубрикасын сунуштайт. Бул аркылуу сиздин пенсия, жөлөк пул, сүйүнчү пул жана башка ушул жааттагы ар кандай суроолоруңуз же арыз-арманыңыз болсо, жооп аласыз.
«Супер-Инфо» гезити дайыма элдин көйгөйүн, калктын калың катмарында орун алган күнгөй-тескей маселелерди үзбөй чагылдырып келет. Гезитибиздин негиздөөчүсү, учурда Социалдык өнүктүрүү министри Кылычбек Султанов эл менен тыгыз байланышта болууну көздөйт. Айлап-жылдап министрдин кабыл алуусун күтүп жүрсөңүз, жазган катыңыз жогору жакка жетпей жатса, анда биздин «Соцкеңеш» рубрикасына кайрылыңыз.
Адатта, бийликтеги адамдарды «административдик ресурстарды пайдаланды» деп күнөөлөшөт. Тилекке каршы, андай айыптоолор негизсиз жерден чыкпайт. Кылычбек мырза, тескерисинче, өзүнүн ресурсун мамлекеттик иштин пайдасына колдонууну көздөөдө. Бул рубрика аркылуу элет жериндеги көпчүлүк суроосуна жооп алып, маселесин чече алса, биз да кубанычта болобуз.
Байланышуу үчүн (0312) 32-33-22 номуруна чалып, ошондой эле катыңызды электрондук дарегине жөнөтө аласыз. politika@super.kg