Башкы прокуратура 15-сентябрь күнү ЖКнын депутаты Туратбек Мадылбековдун уулу, Бишкек шаардык прокуратура кызматкери Элдар Мадылбековду убактылуу камакка алды. Ага «2010-жылдан кийин Максим Бакиевге караштуу имаратты жасалма документтер менен менчиктештирип алган жана өлкөгө 2 миллион долларлык чыгым келтирген» деген айып тагылууда.
Башкы прокуратуранын ички кылмыштарды иликтөө бөлүмүнүн жетекчиси Каныбек Турдумамбетов «Апрель окуясында бул имаратты Элдар Мадылбеков басып алып, кийин сатып жиберген» деди. Окуянын кызыгы «кимге саткан?» деген жерине келгенде билинип отурат. Имаратты «Ата Журт» фракциясынын лидери Садыр Жапаровдун 500 миң долларга сатып алганы белгилүү болду. Башкы прокуратура «бул имаратты мыйзамсыз басып алууга Садыр Жапаровдун катыштыгы бар. Алдамчылык иштерине аралашып, Максимге тиешелүү экенин билип туруп сатып алган» деп ага да кылмыш ишин козгоду. Бул ишке УКМКнын да катышы болгонун кошумчалады.
Садыр Жапаров: «Бул саясий буйрук, мен сурак берип бүтө элекмин, а Башкы прокуратура ЖКга мени кол тийбестиктен ажыратуу сунушун жиберүүгө жетишиптир. Бул имаратты юристим аркылуу текшертип көрүп, бардык документтери жайында болгон соң алгам. Эгер Максимге тиешелүү экенин билсем, сатып алмак белем?»- дейт. Садыр мырза бул имаратты кайра эле башка бирөөгө өз баасында сатып жибергенин, «Ата Журт» партиясы шайлоолордо штаб катары пайдаланып келгенин айтты. Буга байланыштуу»жакында шаардык Кеңешке шайлоо. Бийлик «Ата Журтту» штабынан кууп чыгып, бут тосууда» деген пикирлер да айтылып жатат.