ЖКда кылмыштуу топтун башчысы же мүчөсү болгон адамды мамлекеттик кызматка жолотпоо тууралуу мыйзам долбоору комитеттен колдоо тапты. ИИМдин орун басары Мелис Турганбаев «жарандын уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү же таза экенин сот аныктасын» дегенде депутаттардан суроо жаады. Эл өкүлү Бөдөш Мамырова «эгер силер «бандит» деп кармап берген адамды соттор актап жиберишсе кантесиңер? Анткени соттор алардан коркот, «кылмыштуу топтун мүчөсү» деген статус бере алышына күмөнүм бар» десе, депутат Төрөбай Зулпукаров кээде ИИМдин өкүлдөрү да аша чаап кетишерин, мындай укук берилип калса, эртең баары эле кылмышкер болуп чыгышы мүмкүн экенин, андыктан сот аныктаганы туура болорун айтты.
Колдоого ала турган мыйзам. Ал ишке кирсе, кечээ эле кылмыш кылып жүрүп, бүгүн мамлекеттик кызматка же ЖКнын креслосуна келип алуу мүмкүн болбой калар эле. Андай учурда Улан Чолпонбаев сыяктуу депутаттардын абалы кантер экен? Чолпонбаев учурунда кримавторитет Камчы Көлбаевдин тобунда жүргөнү, атүгүл анын кассири болгону эл ичинде айтылып жүрөт.