СИЗОдогу Абдулла Юсуповго журналисттерди киргизип жиберген Жаза аткаруу кызматынын өкүлдөрүнө кылмыш иши козголуп жатканын ИИМ билдирди.
ЖКнын депутаты Дастан Бекешев жарандардын суроолоруна онлайн-кабылдама аркылуу түз жооп берет. Төмөнкү даректер аркылуу байланышса болот: www.bekeshev.kg, E-mail: bekeshev.dastan@gmail.com
Буга чейин колдонулуп жүргөн «майып» деген сөздү «мүмкүнчүлүгү чектелген» деген термин менен алмаштыруу сунушу Жогорку Кеңеште көтөрүлүп жатат.
18-сентябрда Жогорку Соттун төрайымы болуп Феруза Жамашева шайланды.
Айгүл Рыскулова Мамлекеттик каттоо кызматынын төрайымдыгынан өз арызы менен бошотулду.
Өкмөттүн Чүй облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Айбек Азыранкулов дайындалды.
Мурат Суталиновдун ден соолугуна байланыштуу токтотулган 7-апрель боюнча сот иши 1-октябрда кайра улантыла турганын Осунбек Жамансариев билдирди.
Быйылкы окуу жылынын башталышы менен Ош облусунун Ноокат районунда 7 өзбек мектеби кыргыз тилинде билим берүүгө өттү.
ЖКда Түркиянын Ван провинциясында жашаган кыргыздардын балдары үчүн Кыргыз-Түрк «Манас» университетинен 5 орун, «Себат» лицейинен 5 орун бөлүп берүү жөнүндө токтом кабыл алынды.
Депутат Исмаил Исаков Кыргызстанда 2013-жылдан баштап рулу оң жактагы унааларды каттоого алууну токтотууну сунуштады.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
akumut
2012-09-28 12:08:33
"Быйылкы окуу жылынын башталышы менен Ош облусунун Ноокат районунда 7 өзбек мектеби кыргыз тилинде билим берүүгө өттү", эн туура жол, антпесе кээ бир мектептер озбек китептерин колдонуп, "президентимиз Исломжон Каримов" деп калышты эле булар. А то бизде"Уй ээсин коногу" башкарат болупжашап калдык эле.
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.