ЖЫЛДЫЗДАР БОЁКТОРУНА КАНЧА КАРАЖАТ САРПТАШАТ?

ГҮЛНУР САТЫЛГАНОВА:
– Мен үч жыл бою «Мэри Кей» фирмасынын косметикаларын колдондум. Бирок, бир эле косметиканы колдонуп жүрө берген болбойт. Ошондуктан, «Дермажетикс» деген француз фирмасынын косметикаларына өтүп алганыма жарым жылдай болуп калды. Бул эки фирма тең кымбат, ошого жараша сапаты жогору продукцияларды чыгарышат. Мисалы, «Мэри Кейдин» бир пудрасы эле 26 доллар турат. Ал эми «Дермажетикстики» андан да кымбат. Кыскасы, менин косметикаларымды бир толуктаганыма 200 доллардай кетет. Анымды 2-3 ай колдоном.

АЙЧҮРӨК ИМАНАЛИЕВА:
– Мен дайыма бир фирманын косметикаларын колдонбойм. Мисалы, азыр 5-6 түрдүү косметика колдонуп жүрөм. Алардын ичинен «Шамбор» фирмасынын пудрасын он жылдай убакыттан бери пайдаланам. Ал 850 сом турат. Андан тышкары «Мэри Кей», «Буржуа», «Максфактор», «Лореал» косметикалык фирмаларынын продюкцияларына да кайдыгер эмесмин. Мен сахнага чыкканда аябай көп боёном. Эгерде бир айлык гастролго чыга турган болсом, 300-400 долларлык косметиканы түгөтүп келем. Ал эми атырдан такай француз фирмаларыныкын колдоном. Жакында эле Москвага барганда 200 долларга жакшы атыр сатып келдим. Бирок, мындай кымбат атырларды кээде гана сатып алам.

САЛАМАТ САДЫКОВА:
– «Mиша» деген кореялык фирманын косметикасын үзбөй колдонуп келатканыма үч жыл болуп калды. Мен бул фирманын косметикаларын Корея өлкөсү­нө чыгармачыл сапар менен барып жактырып калып, сатып келгем. Ал жактан алгандарым түгөнсө кантем деп ойлонуп жүргөм, көп өтпөй биздин «Айчүрөк» дүрдүйнө дүкөнүндө дагы сатыла баштады. Көрсө, бир кыргыз айым азыр атайын Кореяга барып алып келип турат экен. Бет келбетим үчүн бир алганда эң аз дегенде 150 доллар сарптайм. Андан тышкары атырга да аябай маани берем. Мисалы, өзүмө жаккан «Шанел 22» деген духинин өзүн эле 200 долларга сатып алам.

АСЕЛ ТУРДАЛИЕВА:
– Негизи, аялзаты отуз жаштан өткөндөн кийин гана боёно башташ керек. Анын сыңарындай мен отуз жашыма чейин анча-мынча эле боёнуп койгонум болбосо, азыркыдай косметикага маани берип, көп боёнчу эмесмин. Мага «Мэри Кей» фирмасынын продукциялары жагат. Бул фирманын косметикаларын үч жылдай колдонуп, азыр башка бир француз фирмасынын косметикаларына өтө баштаганыма эки ай болду. Азыр экөөнү аралаш эле колдонуп жатам. Колу-бутума пайдаланчу каражаттар «Мэри Кейдики». Менин бир өзгөчө жерим, косметикага кеткен акчамды эч качан аябайм дагы, санабайм дагы. Баарын толуктап бир жолу алып коём, ошол бойдон жарым жыл бою «косметика сатып алыш керек» деген маселени унута турам.

НУРИСА АБАЗОВА:
– Менин бетиме жаккан бирден-бир косметикалык фирма – «Мэри Кэй». Бул фирмага ыктай баштаганыма үч жылдан ашып калды. «Мэри Кейдин» бир комплекти 200 доллар турат жана аны бир жылга жеткирсе болот. Бирок, меники бир жылга жетпей эле түгөнүп калат. Негизи, мен көп боёнбойм. Мисалы, көчөдө деле боёнбой жүрө берем. Бирок, сахнага макияжсыз чыга албайм.

КЕНЖЕ ДҮЙШЕЕВА:
– Жакында эле «Заде» аттуу жаңы фирманын косметикаларын колдонууга өттүм. Пудрасы болгону 500 сом. Бирок, мурда колдонуп жүргөн «Мэри Кей» фирмасыныкына караганда жакшыраактай сезилди. Бетке жакшы сиңет экен. Мен дүкөнгө косметика үчүн бир барганда 100 доллардын тегерегинде соода кылам. Ал сатып алганым беш айдай убакытта түгөнөт да, кайра эле дүкөнгө жөнөйм. Негизи, мага эле эмес, жалпы эле сахнада жүргөн ырчы айымдарга бет боёк түтпөйт.

ГҮЛНАРА ТОЙГОНБАЕВА:
– Менин «Ив Роше» фирмасынын косметикаларын колдоно баштаганыма беш жылдай болуп калды. Ушул фирмага көнүп алгандыгымдан, азыр башкага өтө албай жүрөм. Бул фирманы өтө деле кымбат дей албайм. Мисалы, пудралары 500 сом болсо, помадалары 250 сомдон жогору. Анткен менен аябай сапаттуу жана экономдуу келет. Бир сериясын бир жылга жеткирсең болот. Мен концерттерде гана көбүрөөк боёнбосом, көчөгө чыкканда бир сыйра эле сүртүп коём. Ал эми үйдө жүргөндө такыр эле боёнбойм.

АЛИНА ЖЕТИГЕНОВА:
– Биз, артисттер эл көзүндө жүргөн үчүн косметикага чоң маани беребиз. Анын сыңарындай, мен башка нерсеге акча жетпей турса да косметика үчүн эч качан акча аяп көргөн эмесмин. 100 долларга жарым жылдык косметикамды камдап алам. Мен башынан эле “Люмене”, “Лореал” сыяктуу француз фирмаларынын косметикаларын колдонуп келе жаткам. Сахналаш курбуларымдан жакшы деп угуп, жакында эле “Мэри Кейге” өттүм. Бирок, анын жакшы-жаманын азырынча байкай элекмин. Өзүмө жаккан “Шамбор” фирмасынын пудрасын такыр эле таштай албай койдум. Он беш жылдан бери колдонуп жүрүп, аябай көнүп калыптырмын. Менин боёкторум негизи, бат түгөнөт. Эгер пудрамды эч кимге бербей өзүм эле иштетсем, жарым жылга жеткирем.

Даярдаган Азиза Сатимбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 199, 25-31-август, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан