ЧУБАК АЖЫНЫ ЭЭРЧИГЕН ЧУУ ЖЕ АЖЫЛЫКТЫН АКЧАСЫ КАЙДА КЕТЕТ?

Акыркы учурда дин тармагы саясатташып, саясатчылар динге аралашып, айтор, бул жаатта да коррупция дегениң төргө өтүп кеткен. Атүгүл динди жамынып карапайым калктын капчыгын кагып алган алдамчылар да, бийликтин этегине жашынып ажылыктын акчасына бир эмес, беш колун матыргандар да бар.

КАРЫЯНЫН КАТЫ
Редакциябызга мурунку муфтий Чубак ажы тууралуу доомат каты менен Казыбек Арзыгулов аттуу 72 жаштагы аксакал кайрылды. Катта анын көп жылдан бери беш маал намазын үзбөй окуп келгендиги жана бир топ убакыттан бери ажылык сапарга барууга ниеттенип жүргөндүгү айтылган. Анан акчасын топтоп, 2011-жылдын 13-сентябрында муфтияттын кассасына өз колу менен Меккеге барууга жол кире, тамак-аш үчүн 2350 АКШ долларын, 1000 сом муфтиятка, 300 доллар курмандыкка жана видеого деп 500 сом төлөгөн экен.
«Тилекке каршы, башка улуттун өкүлдөрү ажылык сапарга аттанып, биздин райондон бир топ кишиге орун жок, кетпей калдык. Акчамды кеч кайрып беришти. Чубак ажы муфтиятты жаманатты кылып, ажылыкка барчу адамдардан миллиондогон сомду сол чөнтөккө сологон. Текебер болуп, мүнөзү да өзгөрүп кеткен. Даттанып барсам кыйкырып, кабыл албай койгон. Анын айынан ажылыкка барбай калдым»,- дейт Казыбек карыя.

«ЧУБАК АЖЫ МУФТИЯТТЫ УЯТ КЫЛДЫ»
«Ажылыкка деп чогулган акчаны муфтиятта иштегендер эле жеп коюшат» деген сыяктуу кептер акыркы кезде коомчулукта байма-бай айтылып келет. Балким, бул сөздөр жөн жерден чыга калбаса керек. Чын эле ажылыкка чогулган акча кайда кетет? Бийликтегилер да аралашып, пара алышабы? Буга чейин муфтияттан же бийликтен ажылыкка барчу адамдардан пара алгандар жаза алыштыбы? Айтор, мына ушундай суроолорго жооп алуу максатында иликтеп көрдүк.
Муфтиятка баш баксак, «Чубак ажы жумуштан кетсе да, жеген акчаларын төлөсүн же болбосо мыйзам алдында жооп берсин!» деген талап менен бул жакка жер-жерлерден беш-алты аксакал келген экен. Алардын бири «Бакай» аксакалдар кеңешинин төрагасы Токтобай ажы Сатаев:
– Чубак ажы ажылыкка бара тургандардын акчасын 7 ай мурда эле чогултуп алган. Анын үстөгү кайда кетип жатат? Анан себепсиз эле жол киренин баасына 100 доллар кошуп койду. Орточо эсептегенде эле ар бир кишиден 1000 сомдон жесе деле 5000 адамдан 5 миллион сом чогултуп алып жатпайбы?! Бул акчанын баары кайда кетти? Кудай жолунда жүрүп да ушуну кылабы? Ал бүткүл муфтиятты уят кылды,- деп арыз-муңун ортого салды.

МУРУНКУ МУФТИЙДИН РЕФОРМАЛЫК КАДАМДАРЫ ЖЕМИШИН БЕРДИБИ?
Көз менен көрүп, кол менен кармап албаган соң күнөөлүү деп айтыш кыйын. Ачыгын айтканда, 2011-жылга чейинки жылдардагы ажылык сапарларда ар кандай көйгөйлөр жаралып келген. Мисалы, Ала-Тоодон Меккеге чейин автобус менен жолго чыккан ажыга барчулар жетпей, орто жолдон кайра келген учурлар болгон, авиакомпаниялар алдап кеткен, жасалма паспорт менен бир канча чет өлкөлүк жарандар ажылыкка барышкан жана башка түрдүү маселелер...
Бир нерсени моюнга алыш керек. Маселе экс-муфтийди актоо эмес, тактоо иретинде. Чындыгында, Чубак ажы Жалилов муфтий болуп турган убакта ажылыкка сапар 2010-жылдагыга салыштырмалуу 2600 доллардан 2350 доллар болуп арзандаганы анык (ал жылы казактар 3700, ал эми тажиктер 3348 доллар менен ажылыкка барышкан). Ажылыкты уюштуруу муфтияттын көзөмөлүнө өтүп, барчуларга акчаны банк аркылуу төлөө да киргизилген. Бул, биринчиден, коррупцияны жоюуга ишеничтүү кадам жана ажыга барчулардын ишин бир топ эле жеңилдетмек. Муну менен өткөн жылы өлкөнүн казынасына биринчи жолу салыктан 1 миллион 685 миң доллар түшкөн. Андыктан 2011-жылдагы ажылык сапарды уюштуруу мурдагы жылдагыларга караганда кыйла жакшы уюштурулду десе болот.

«АКЧАНЫ АЛГАН АДАМ ОРУСИЯДА КАЧЫП ЖҮРӨТ»
Учурда Чубак ажы Уламалар кеңешинен чыгарылган. Ага жолукканыбызда жумушунан ден соолугуна байланыштуу кеткендигин айтты.
Жогорудагы өзүнө карата айтылган айыптоолорго Чубак ажы Жалилов мындайча жооп кайтарды:
– Былтыр Токтогулдан эки адамдын мага кайрылганы чындык, себеби биз былтыр реформалык кадам деп биринчи кезекте акчаны банкка төлөй турган кылганбыз. Мурункудай эле ойлоп, адашып, казыятта иштеген адамдарга акча берип алгандар да болду. Ошол учурда Сүйүн ажы Ашбаев деген мырза борбордогу мечитте имам болуп иштеп жаткан. Ал ажыга барчу көп адамдардан алдап акча алып, анан Орусияга качып кетип, дале дайынсыз. Дагы жакшы, сиздерге кайрылган Казыбек аксакал акчасын убагында алып калган, айрымдар ала албай калышты. Ал аксакал мени «көөп кетти, кыйкырды» дептир. Мен деле инсанмын, балким, ал кандайдыр бир көйгөй болуп жаткан учурда келгендир. Эгер ошондо катуу сүйлөп алган болсом, ал адамдан кечирим сурайм.
Дагы айта кетчү нерсе, 2009-жылы ажылыкка 900 кыргыз, 2300 өзбек кеткен. Чет өлкөлүктөрдөн биздин квота менен кеткен да фактылар болгон. 2010-жылы ажылыкты атайын Улуттук комиссия жетектеди, ал жылдагы ажылык боюнча бизде эч кандай маалымат жок. Ал эми 2011-жылы 5070 адамдын ичинен болжол менен 2000 кыргыз, 2000 өзбек ажылыкка барды. Калганы башка улуттун өкүлдөрү, 18-19га чукул жаш кыздарды да жибердик. Чет өлкөлүктөргө бир да квота сатылган жок. Муну барып банктан сурасаңар, баарын тактап берет.
Ооба, ажылыкка жол кирени эрте чогултканбыз, анткени ким барарын тактап, аларга Меккеде жата турган жерин эрте камдаш керек болду. Анын үстүнө кыргыздар көбүнчө «ажылыкка барам» деп бизге келишет да, барарга аз калганда «акча таппай калдым, жумуш чыгып калды» деп башташат. Ушунун алдын алдык.
Учурда Чубак ажы тууралуу чууну изилдеп жаткандар да жок эмес. Муфтияттын көзөмөл бөлүмүнө кайрылып, мурунку муфтийдин иши тууралуу сураганыбызда бизге бөлүмдүн жетекчиси Абдужапар ажы Алымсак уулу азыр комиссия иликтеп жаткандыгын, бир айдан соң жыйынтык чыгарын билдирди.

БЫЙЫЛ 4500 АДАМ АЖЫЛЫККА АТТАНАТ
Албетте, ажылыктын акчасы кайда кетерин ар бир эле жаран билбесе керек. Так ошол билбегендиктин айынан динди жамынып «мен муфтиятта иштейм, быйыл мынча сомдон чогултуп жатабыз» деген алдамчыларга карапайым калк алданып калууда. Жыйынтыгында эл муфтиятты күнөөлөп жатып калат. Ошол себептен элге так маалымат берүү үчүн биз 2012-жылдагы Республикалык ажылык штабдын жетекчиси, муфтий Рахматулла ажы Эгембердиевдин орун басары Замир кары Ракиевден жооп алдык:
– Быйыл ажылыкка бара турган адамдар чогулта турган сумма 2250 долларды жана 1000 сомду түздү. Мындан башка эч кандай акча чогултулбашы керек. 1000 сом – документ иштери жана зыяратчыларды медициналык эмдөө үчүн чогултулган акча. Ал эми 2250 доллар барып-келген жол киресине, чек арадан өтүү үчүн төлөнүүчү чыгымга, Медина шаарындагы жата турган мейманканага, ажылык сапарда Медина жана Мекке шаарларындагы зыярат кылынуучу жайларга баруу чыгымдарына жумшалат. Ал жактан өзгөчө кырдаалдар да болуп кетиши мүмкүн, ошол себептен дары-дармекке да чогултулат.
Ар бир 48 кишиге бирден ажы башчы дайындалат. Ага ошол 48 кишинин 2250 долларынан 50 доллар айлык катары бөлүнөт. Ал киши сөзсүз түрдө билимдүү болуш керек. А болбосо карапайым калк эмне кыларын билбей, чачыранды болуп кетет. Быйыл ажылыкка 4500 киши аттанганы турат, ал эми жылда берилчү кошумча квота бул жылы берилген жок.

ДАЛИЛИ ЖОК КУРУ КЫЙКЫРЫКПЫ?
Ажылыкка баруу мусулман баласынын парзы эмеспи. Ошондуктан бул парздан кутулууну көздөгөн адамдар арбын. Тилекке каршы, ар жыл сайын ушул кырдаалдан колдонуп, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалангандар да болот. Акыры барып акча кайда кеткени дайынсыз бойдон калат. Күнөөнү бири-бирине оодарат. Мисалы, 2010-жылдагы ажылык сапарда Эмилбек Каптагаевдин уулу Кубанычбек тууралуу чыккан чуу. Ага «ал Тышкы иштер министрлигинде иштегендиктен, ажылыкка барчулардан пара алган, жасалма виза, паспорт жасап берген» деген күнөө жабылган. Бирок чындыктын бети ачылбай кала берди.
Дин иштери боюнча улуттук комиссияны жетектеген депутат Каныбек Осмоналиевдин да дарегине «муфтиятка формалдуу түрдө гана башкартканы болбосо, мурдагы муфтий Мураталы ажы Жумановду коркутуу жолу менен каржы жагын Каныбек Осмоналиев тейлеп турган. Бакиевге бергенден калганын өзү эле жымырып жүргөн» деген сөздөр айтылып жүрөт. Бул сөздүн анык-төгүнүн билүү үчүн депутат мырзага кайрылганыбызда ал «ажылыкты уюштурууну муфтиятка өткөрүп бергенбиз» деп бул жөнүндө маалымат берүүдөн баш тартты. Мындан тышкары да көптөгөн адамдарга карата «жеди, пара алды» деп чарбактарына таш ыргып жүрөт. Ыйман-ахлак тууралуу сабак берчүлөр да пара алышса, анда башкасы кайда барат?.. Баягы эле далили жок куру кыйкырык же ооз басырыктан чыга албай жүдөйбүзбү, ким билсин...

Асхат Субанбеков
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Чубак ажыны ээрчиген чуу же ажычылыктын акчасы кайда кетет?
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (14)
Nasipa
2012-09-24 10:59:25
Азаматсыз Чубак ажы аябай жакшы ишеген экенсиз, ачык саясат жургузуп жаткан экенсиз. Коро албастык болуп кеттиби айтор белгисиз. Мындан кийинки ишинизге ийгилик. Кудай алдында ак болсонуз болду.
0
Kg_boy3239
2012-09-24 11:41:13
Chubak Ajynynyn kadyryn bilbedik attiiiiiiiinnnnnnn
0
future_kg
2012-09-24 13:54:07
Чубак ажыдай же Абдышукур Нарматовтой муфтий болгонго башка татыктуу адам жок, ак иштеген учун, жей алышпай айланадагылар эле кетирип жатат!
0
zirek.kyz
2012-09-24 15:53:01
future_kg, сизге толугу менен кошулам.
0
AFRODITA-89
2012-09-24 14:15:21
Чубак ажынын куноосу жок деп ойлодум. Алладан корккон адам эч качан бироону алдап, акчасын жеп жана башка ушундай жаман жолдорго барбаса керек.
0
alman0808
2012-09-24 15:57:43
Чубак ажы! Ит уро берет кербен журо берет. Ишинизге ийгилик!
0
nazi25
2012-09-24 17:14:18
Чубак ажыны колдойбуз!Эч бир кыныр иш кыла турганга окшобойт.Илимдуу,жонокой адам.Иштеринизге ийгилик!
0
Атасынын баласы
2012-09-25 09:20:32
Чубак ажы, мен сизди эн ыймандуу жана таза адам экенинизге бекем ишенем. Абдан да билимдуусуз, болгону ушу сапаттарынызды коро албай жатышат деп ойлойм. Андыктан Кыргызстан учун, мусулмандар учун, Алла учун кызматынызды талыкпай аткара беришинизге тилектешмин!
0
Таллас
2012-09-25 18:55:46
Куру доомат!
0
asdef
2012-09-26 18:43:52
Чубак ажыга Аллах ыраазы болсун!
0
star87
2012-09-27 06:44:24
Alla yrazy bolsyn sizge.
0
gunookor
2012-09-29 10:25:19
ALLAH сизге ыраазы болсун Чубак сады
0
gunookor
2012-09-29 10:26:39
Кечириниз Чубак аажы
0
kuba1985
2012-09-29 11:26:19
ушу молдолорго тийишпей эле койсонор туугандар олсонор ушу молдокелер эле куран окуйт
0
№ 516, 21-27-сентябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан