«Жүрөгү ашыктарды эгиз деймин...» деп жигиттердин жүрөгүн эзе ырдаган ырчы Эльзар Өскөнбаева түгөйүн таап, турмуш жолуна аттанды. Нарындын кызы Эльзарды көлдүн Чыңгыз аттуу жигити кыргыздын салты менен сөйкө салып алып кетти. Учурда эки жаш алдыда боло турган заманбап тойдун камында.
Ошондой эле «Дем» театрынын актёру Эркин Эгембердиев да үй-бүлөлүүлөрдүн катарына кошулду. Актёр Диана аттуу кызга үйлөнүп, 15-сентябрда заманбап той өткөрдү. Бактылуу болгула, жаштар!