Бүгүнкү күндүн Кожомкулу Нурлан Алишеров (Ташчайнар) жакында Германияда өтчү «Германия таланттарды издейт» аттуу долбоорго аттануу алдында турат.
«Германиядан чакыруу түштү» деп кубанганы менен, сынакка барып келүү үчүн 5 миң евро керектелерин айтып улутунуп алды. Учурда Ташчайнар демөөрчү издөөдө.
10 жылдык тарыхы бар бул долбоордун баш байгеси 1 миллион долларды түзөт. Башкача айтканда, жеңишке жетишсе, демөөрчүгө акчасын кайтарып деле бермек :)...
Бирок акча маселесинен улам былтыр Орусиядагы «Даңк мүнөтү» долбоорунда желегибизди желбирете албай калган Нурлан эми Германияда ийгилик жаратат деп ишенебиз.