25-сентябрда Бишкек шаарынын 134 жылдык мааракесине карата борборубузда массалык көңүл ачуулар, оюн-зооктор, спорттук мелдештер жана башка маданий иш-чаралар өткөрүлөт. Майрамдык оюн-зоокту мэрия Кыргызстандагы алдыңкы уюлдук оператор – «Билайндын» демөөрчүлүгү астында өткөрөт. Аталган уюлдук компания бул иш-чараны кардарларына болгон ыраазычылык катары арнай турганын билдирди.