«АЛА-ТОО» АЯНТЫНДА МУЗЫКАНЫ КИМ КӨЗӨМӨЛДӨЙТ?

Бир нече ирет Бишкектин борбордук «Ала-Тоо» аянтынан өтүп баратып, «мына-мына келип калдым Куршабга, жаным секет, тосуп алчы Фуркаттан...» деген сыяктуу саптары бар ырды угуп калдым. Бул ыр баш калаабыз Бишкекте, анын борбору «Ала-Тоо» аянтында, президент, парламент орун алган имараттын жанында жаңырууда. Мындай жеңил-желпи ырлардын өлкөнүн эң бир маанилүү жайларынын биринде коюлгандыгы бизди ойлонтту. Кыргызда борбордук аянтта жаңырууга татыктуу ыр-күү жокпу? Дүйнөлүк классиканы, шедеврлерди деле уксак болбойбу? Жанагыдай «келдим-кеттим, жеттим-өттүм...» сындуу ырлардан көрө, макул, өзүбүздүкү десек Атайдын «Маш ботоюн», Саламат Садыкованын аткаруусундагы «Кыргыз жерин» койсок неге болбойт?..

«ТАЗАЛЫКТЫН» КАНДАЙ ТИЕШЕСИ БАР?
Адегенде жооп алуу үчүн Бишкек мэриясына чалсак, сөздү аягына чейин угуп-укпай, муниципалдык «Тазалык» ишканасынын номурун шашыла бере салышты. «Акыр-чикир тазалагандардын музыкага кандай тиешеси бар?» деген сурообузга маани буруп да коюшкан жок. Күткөнүмдөй жоопту берип, алар «Биринчи Май районунун акимчилигине чалып көрүңүз» дешти. Акимчилик Маданият башкармалыгына жөнөтүп, аталган ведомствонун жетекчиси Малдыбай Кайыповдун катчысына байланыштык. «Мынакей, тиешелүү адамдарды таптым окшойт» деп кубанып бүтө элегимде башкармалык «ал маселеге биздин тиешебиз жок. «Суу каналына» чалат экенсиз» деген жоопту узатты. Сабырдын да чеги болот эмеспи, катчы кызга «акылга сыйбайт. «Суу каналдын» кызматкерлери жаңырган музыканы да карамак беле?» деп ачуулана бир тийдим. «Бул катчы кызда эмне күнөө?» деп коём ичимден.

«КӨЗӨМӨЛГӨ АЛАБЫЗ»
Үмүттүн шооласы үзүлүп бара жатса да, муниципалдык «Суу канал» ишканасынын номурун аргасыздан тердим. Кабылдамада отурган кызматкери жөн-жайымды башында жакшы түшүнбөй жатып, жетекчисинин орун басарына кошуп кутулду. Ошентип, көктөн издегенибизди «Бишкек суу каналы» ишканасынын башчысынын орун басары Мурадин Сейдалиевден таптык.
– Фонтан 2009-жылы ишке киргизилгенден бери аянтта музыка да уктурулуп турат. Ал жерде жөн гана видеоойнотуучу бар. Башында коюлган композициялардын дээрлик баары классикалык жанрда болчу. Басымдуу бөлүгү кыргыз тилиндеги ырлар. Аларды элге жагымдуулугуна карап тандайбыз. Жеңил-желпи ырлар боюнча, балким, ошондой окуялар, кемчиликтер орун алып жаткандыр. Ал жерде нөөмөттө турган кызматкерлер биз берген дисктер чийилип же керектен чыгып калса, өздөрүнүкүн коюп салышы мүмкүн. Сиздердин кайрылууңуздардан кийин сөзсүз көзөмөлгө ала баштайбыз,- деп жооп берди Мурадин мырза.

«АЛА-ТОО» АЯНТЫНЫН «ДИ-ДЖЕЙИ»
Кечке маал «Ала-Тоо» аянтына барып, өз көзүм менен көрүп келмекчи болдум. Киев көчөсүнүн боюнда жайгашкан күркөгө баш багып, дал ушул фонтанга жооп берчү насостук жабдуунун машинисти Максат Алымбабаевди кепке тарттым.
– Жетекчилер мага беш диск берген. Анда классикалык ырлар жана комуз күүлөрү бар. Гүлнур Сатылганова, Динара Акулованын ырлары жаздырылган, бирок анда жаш ырчылардын чыгармалары жок. Аянтта сейилдеп жүргөндөр «кечке эле окшош ыр-күүлөрдү уга беребизби?» дешкенинен үйдөн эки диск ала келгем. Алар деле кыргызча. Гүлжигит Сатибеков ошол мен алып келген дисктин ичинде болсо керек, аларды койсо болбойт бекен? Кабарым жок экен,- деген жообун алдык.

«АЛА-ТОО» – КЫРГЫЗ МАДАНИЯТЫНЫН ЖҮЗҮ!
Саат жети жарымда башталган фонтандын музыкасы менин көзүмчө «Бишкегим, Бишкегим, борборум сен» деген жагымдуу, ары шаңдуу ыр саптары менен старт алды. Андан ары үч-төрт комуз күүсү коюлду.
Эмне демекчибиз? Чет өлкөлөрдө, алсак, Дубайдын асман тиреген Бурж-Халифа имаратынын жанындагы же АКШнын Лас-Вегасынын Беллажио мейманканасынын тушундагы фонтандарды коштогон композицияларга кылдаттык менен карашат. Негизинен, өлкөнүн же шаардын гимни менен башталып, андан ары шедеврге айланган ырларды беришет. Европадагы белгилүү фонтандардын музыкасынын басымдуу бөлүгү опералардын үзүндүсү, композиторлордун концерттеринен турат.
Бул макалабыздан кийин Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов менен ведомствонун Маданият башкармалыгы «Ала-Тоо» аянтындагы фонтандын музыкасына көңүл буруп, өз көзөмөлүнө алышар, жетекчилик айыптуу катары катардагы жумушчуну көрсөтпөс деген үмүттөбүз. Ал жерди көрүүгө Кыргызстандын булуң-бурчунан эле эмес, дүйнөнүн төрт бурчунан туристтер келип турушат. «Ала-Тоо» аянты – кыргыз эл-жеринин маданиятынын жүзү экенин эстен чыгарбашыбыз зарыл.

Эльвира Караева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (60)
Tendik
2012-09-26 19:50:42
Жаны фонтанды курганда эле мага жаккан эмес, бизде ансыз деле фонтандар толтура го..андан көрө аянттын бош турганы жакшы болчу. ЦУМ дун Тарых музеинин, филармониянын жанында фонтандар бар. Андан көрө шаарда канчадан бери бүтпөй турган жолдорду куруш керек. Ошол жылы площадка барсам өзүнчө эле ар күн майрам. Кино коюлуп атат, элдер кино көрүп отурушат.. Аянт ошондо кыргызстандын чыныгы жүзүн көрсөтп
0
Tendik
2012-09-26 19:52:48
Бул эми мурдагы бийликтин 2007 жылы болуп кете турган митингден тайсалдап, киев көчөсүн баш кылып жакшынакай эле турган тротуарларды бузуп, оркойгон таштарын чыгарып коюп бир нече күн созушкан. Фонтанды дагы бош жер калбасын деген максатта курулган деп ойлойм.
0
Асылжан
2012-09-26 21:13:44

Tendikтин жазган ар бир сүйлөмүндөгү катасын көрүп, анан белгилеген "катасын" окуп күлкүм келди. Сиз айткан сөз айкаштары кеңири эле колдонулуп жүрөт. Балким, алар сиздин гана лексиконуңузда жоктур. "Бүткөн ишке сынчы көп" дейт. Көтөрүлген маселеге терең көз жүгүртсөк...
0
Tendik
2012-09-27 11:16:47
Асылжан, менин жазгандарымда техникалык каталар болушу мүкмүн..Ал эми грамматикалык жана сүйлөмдүн структурсынын түзүлүшүндөгү каталарды мен айтып чыктым..
0
Асылжан
2012-09-26 21:15:51
Эльвира Караева, азаматсыз! Мамлекетибиздеги ушундай чыныгы каталарды таап, жазыңыз. Көч бара-бара түзөлөт, биз да акырындап өнүгөбүз.
0
Мэри
2012-09-26 21:23:32
Тендик,адабиятта, тилде троп (көркөм сөз каражаттары) деген тушунук, анын метафора, метонимия сыяктуу турлору бар. Ал боюнча, мисалы,"Алыкулду окудум" деп айтууга жол берилет. Сиздин оюнуз боюнча, "Алыкулдун чыгармаларын окудум" болуш керек эле, бирок "Алыкулду окудум" деп айтсак, эч кандай эреже бузганга жатпайт. Булар тилде ынгайына жараша колдонула берет. Мындай суйломдор бизде абдан коп, анан ошонун баарын толук вариантында беруу шарт эмес го...
0
Tendik
2012-09-27 17:58:02
Ооба, ыңгайына жараша колдонула берет, өзгөчө биздин тилдеги поэзиялык чыгармаларда, "алыкулдун ак боз ат" дегендей. Эгерде тексттин ичинде же оозеки түрүндө айтылса боло бермек, сиз айткандай мындай сүйлөмдөр бизде абдан көп жана баарынын толук вариантын берүү шарт эмес. Ал эми темалар (аталыштар) бардык текст үчүн бирөө эле да, келгиле ошолор туура, толук берилсин..
0
Мэри
2012-09-26 21:25:18
Композиция боюнча,мунун эмнесин туура эмес деп жатасыз? Музыкалык композиция деген термин бар да.
0
Tendik
2012-09-27 11:23:19
кылдаттык менен бир этиш кыймылды караса же ишке ашырса туура болмок, биерде композицияга (композицияны да эмес) кылдаттык менен карап коюп атпайбы..дегеле,кылдаттык менен кароо деген сөз айкашы барбы? "композициялардын фонтандарды коштошун кылдаттык менен карашат" туурасы. Жакшылап карап көргүлө
0
Tendik
2012-09-27 11:27:01
же "коштогон композициялардын ойнотулушун кылдаттык менен карашат"..Бирок баяндоочко баары бир башка этиш сөз колдонуш керек.
0
Tendik
2012-09-27 11:32:05
көп сөздөр оозеки сүйлөмдөрдө боло бергени менен, жазуу түрүндө кылдаттыкты талап кылат.
0
AFRODITA-89
2012-09-28 18:23:02
Tendik, озун менен озун эле жыргайсынго ээ
0
Мэри
2012-09-26 21:31:18
Суйломду, бере турган ойду терендетип, кучотуу максатында "ди-джей" деген соз колдонулса керек. Ал деле орундуу эле колдонулган деп ойлойм.
0
Мэри
2012-09-26 21:36:08
Тендик, тилибизге, анын тазалыгына конул кош карабаганыныз жакшы, балким, талашып-тартышып жакшы натыйжаларга жетишет чыгарбыз.
0
IRA
2012-09-26 23:19:44
oo биздин КУРШАП жонундо аянтта ырдалып жатканын уксам ошол моментте соонун ырахаттанып укмакмын. Менин созумо Адахан Мадумаров, Ыргал Кыдыралиева,Абдумалик Шерматов, Чолпон Баекова жана башкалар кошулат деп ойлойм
0
meliss
2012-09-26 23:55:09
да
0
vvvb
2012-09-27 10:46:25
Тундук, Туштук деген илдеттен кутулсан эле бары жакшы болот туугандар ишенгилечи...
0
tatakozy
2012-09-29 15:56:06
vvvb, ияя.
0
tolik
2012-09-27 11:51:04
Негизинен маанилуу маселе экен. Эми буга жакшылап конул бурулаар деп ойлойм.
0
Nara_zi
2012-09-28 02:01:54
"Myna myna kelip kaldym Kurwabka, janym seket tosup al4y Furkattan" )))) bolgondo da borborduk ayant4abyzda uwundai yrlar ukturulup jatkan bolso ee,))) "janym sekettin" borborduk ayant4aga emne tiewesi bar?..demek ayantka "tamada" ele jetiwpei jatkan go. Elderdi "ary tur,beri bas" degenge,.))) tamasha;)
0
AFRODITA-89
2012-09-28 18:25:16
Nara_zi, туура айтасын если что той болуп да кетеби
0
aturarova
2012-09-29 23:04:06
ой бой туугандар, ушундай кичинекей бирок койгойлуу масале козголуптур анан 6-7 адамдын комментарийин окуп отуруп бир зээнин кейит бир паста бири-биринерди чукулап, кемсинтип жазасынар аягы барып кулкуго айланыптыр! Туугандар мындай масалени туура кабыл алып анан аны туура жолго салганга умтулалы, эн башкысы ЫНТЫМАКТУУ бололучу.
0
ylia
2014-04-14 18:52:30
бул маселени мен эми окуп жатам.айта кетсем биздин менталитетке туура келбеген клиптер деп-узунду чагылдырылган эле.эми дубуй м.н акшга тен келе алсак неге бул узунду чыгарылган?айтайын дегеним Гулжигиттин ыры биздин ментелитетке аябай туура келет го.же бул жерде да тундук туштук б.п кеткенби?Р.Абдыкадыровдун издейм сени деген чыгармасындай эле корунуш го деп ойлойм.бир аз заманбапталган!
0
№ 516, 21-27-сентябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан