ЖӨНӨКӨЙ, БИРОК ПАЙДАЛУУ

ТУЗ

  • Туздуу сууга чыланган чүпү­рөккө сырды ороп туруп муздаткычка салып койсоңуз, сыр узак убакытка сакталат.
  • Ичи май кө­мөч­танга текши кылып туз сээп, бир канча мүнөттөн соң жуусаңыз, май оңой кетип, ичи таза жуулат.
  • Сүт ирип калбаш үчүн ага азыраак туз салып коюу жетиштүү.
  • Тердеп, жыттанып кеткен бут кийимдин ичине туз сээп койсо, жагымсыз жыт жок болот.
  • Сүлгүнү таза жууп-чайкагандан кийин туздуу сууга 15 мүнөт чыла­саңыз, жупжумшак болуп калат.
  • Пияз, сарымсак, балык жыттанган колду туз менен сүртүп, андан соң самындап жуусаңыз, жагымсыз жыт калбайт
  • Бычакты өтө туздуу эмес сууга 30 мүнөт салып коюп, андан кийин гана курчутса, жакшы курчуйт жана көпкө мокобойт.

САМЫН

  • Топурак, чаң, жер менен алектенип иштөөнүн алдында ко­лу­ңузга самынды көбүртүп, жуубастан кургатып алыңыз да, андан кийин иштей бериңиз. Ошондо колуңуз кесилбейт.
  • Атыр жыттуу самындын кесиндисин терезеге коюп койсоңуз, ал жерге курт-кумурскалар келбейт.

 

 

КУМШЕКЕР

  • Нан, токочтор салынган идиштин түбүнө жука кылып шекер сээп койсоңуз, көпкө чейин катыбай жумшак сакталат.
  • 1 литр жылуу сууга 3 аш кашык шекер, 2 аш кашык уксус кошосуз. Муну менен гүлдөрдү сугарсаңыз, курт түшпөйт жана топурагы семиз болуп, жалбырактары, гүлдөрү көпкө чейин соолубайт.
  • Эгерде колуңуз май болуп калса, шекер менен сүртүңүз. Анткени ал майды оңой кетирет.
  • Мештеги же очоктогу от жакшы күйбөй жатса, отко бир аз шекер сепсеңиз, ойдогудай күйө баштайт.

ТИШ ПАСТАСЫ

  • Бут ки­йи­миңизге тиш пастасын сыгып, аны алгач кургак, андан кийин ным чүпүрөк менен сүртсөңүз, бут кийимиңиз жаңы кезиндегидей жаркырап көрүнөт.
  • Балаңыз тамдын бооруна карандаш менен сүрөт тарттыбы? Анда сүрөт тартылган жерди тиш пастасы жана щётка менен сүрүп тазалаңыз. Андан соң суу менен жуусаңыз таптаза болот.
  • Колуңуз жагымсыз жыттанып калса, тиш пастасы менен жууп койсоңуз дароо кетет.
  • Кирдеп калган үтүктү тазалаш үчүн да тиш пастасы колдонулат. Ал үчүн үтүк муздак кезинде бетине тиш пастасын сыгып, аны чүпүрөк менен сүртөсүз да, акырында жууп коёсуз.

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
Ananasky
2012-09-24 18:14:53
Супер инфо рахмат пайдалуу кенештериниздерге
+1
aiba.
2012-09-25 04:55:30
самын суйкомоктон перчатки кийседа кесилген кол кесиле берет
+1
AFRODITA-89
2012-09-28 18:21:01
жакшы кенештер экен рахмат сиздерге!
0
tatakozy
2012-09-29 16:10:09
Сонун кенеш экен супер инфо!
0
Meris
2012-10-12 11:29:12
Rakhmat keneshterdui okum dep jatyp kacha ishim jasalbay kalyp jatat. kobun unutup da koup jatam^0
0
Birimdik5555
2015-09-01 19:58:20
Эн жакшы +5
0
№ 516, 21-27-сентябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан