БАТКЕНДЕ ЭЛ ТЕАТРГА БАРБАЙБЫ?

Баткен музыкалык драма театры жөнүндө кененирээк маалымат берүү үчүн театрдын түптөлүшүнөн бери иштеп келе жаткан жазуучу, театрдын адабий кеңешчиси Аскаралы Ражабалиев менен маек курдук.

Cиз эмгектенген Баткен музыкалык театры качан түзүлдү эле, ошол жөнүндө айтып берсеңиз?
– Баткен музыкалык театрынын ачылышын эл көп күттү. Көптөн күткөн жаңылык 2005-жылы болду. Аталган жылы өкмөттүн токтому менен Баткен музыкалык театры ачылып, Кыргыз Эл артисти, белгилүү обончу Апаз Жайнаков жетекчи болуп дайындалды. Ал Мансур Парпиев менен мени ишке чакырды. Ошентип, райондук Маданият үйүнүн имараты театрга өткөрүлүп берилип, театрды уюштуруу иши башталган. Дал ошол кезде биз кыйынчылыкка туш болдук. Анткени Баткенде профессионал артисттер, режиссёр, театр сүрөтчүсү, кыскасы, театралдык кесипти аркалаган кесипкөй артисттер жок болуп чыкты. Апаз Жайнаков баш болуп райондук Маданият үйлөрүнүн өнөр кызматкерлерине кайрылдык. Сырттан бизге артисттердин келиши кыйын, себеби Баткенде толук шарт жок эле. Ошентсе да биз бул кыйынчылыктарга көз жумуп, ишибизди жигердүүлүк менен баштадык. Биринчи жолу «Пейилиңден көр» деген драма коюлган.

– Баткен музыкалык театры спектакль коюп турабы? Кандай жетишкендиктер менен мактана аласыз?
– Театрдын түзүлгөнүнө 7 жыл болсо, ошол убакыт аралыгында 15 спектаклди сахналаштырдык. 3 жолу облустардын борбор шаарларында өткөрүлгөн Республикалык театралдык фестивалдарга катышып, байгелүү орундарды ээлеп, театр чөйрөсүнө аралашып, элге таанылдык. Жакында эле Башкортостандын Уфа шаарында түрк тилдүү элдердин «Тууганлык» театралдык фестивалына барып келдик.

– Мамлекет маданиятты жакшы колдобойт деп угуп калабыз. Кандай көйгөйлөрүңүздөр бар?
– Эгер мамлекет колдобосо, театр мынчалык деңгээлге жетмек эмес. Анткени биз театрдык сахна чеберчилигин өздөштүрүү менен бирге көрүүчүлөрдү өзүбүзгө тартуу ишин бирге алып барып жатабыз. Азыркы учурда мамлекеттин эсебинен каржыланабыз. Ал эми азыркы күндөгү көйгөйлөр жөнүндө айтсам, техникалык базасы начар. Бүгүнкү театр үчүн зарыл болгон жарык берүү, декорация, тыштан артисттерди алып келүү үчүн шарт түзүү жагынан жарды. Ушул көйгөйлөр чечилсе, театрдын алдында көптөгөн мүмкүнчүлүктөр бар.

– Баткенде эл театрга келеби? Театр искусствосун баалагандар барбы?
– Алгач ачылганда бизди ушул маселе аябай ойго салган. Көбүнчө залды мектеп окуучулары менен толтуруп жүрдүк. Эл ушунчалык театрдан алыстап калыптыр. «Акчасын берейин, бирок барууга убактым жок» деген учурлар да болгон. Көрүүчүлөрдүн театрга өз каалоолору менен келүүсү үчүн күрөштүк. Бул үчүн, албетте, чыгармачыл жамааттын сахналык аткаруу чеберчилигин өздөштүрүү, жарыктык декорация жактарын ордуна коюу керек эле. Ошол аракеттердин үзүрүн эми көрө баштадык десем болот. Башкача айтканда, учурда театр сүйүүчүлөрү көбөйүп, акыркы «Жүрөлүчү жүрөк оорутпай» аттуу спектаклди койгондо зал толо эл келип, бизди аябай кубантты.

– Театрдын жакынкы пландары кандай?
– Жакынкы күндөрдө жогоруда айтылган спектаклдерди жаңыртып, облусту кыдырып, гастролго чыгууну пландап жатабыз.

Бегайым Тажибай кызы
batken@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
almasha
2012-10-24 12:04:52
Да Баткен Баткен,оркундоп осо бер!!! И главное элдин пейили он болсун!!!!
0
№ 517, 28-сентябрь-4-Октябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан