КИЙМЕ ТИШТЕР

Эсиңизде болсо, өткөн сандарыбызда кийме тиштер тууралуу макала жарык көргөн. Бул макала көптөгөн адамдарды кайдигер калтырбагандыгын мындан билиңиз, ошол күндөн тарта редакциябызга кайрылып, кийме тиштер жөнүндө кеңири маалымат берүүнү сурангандар көбөйдү. Бул туурасында «Strong» стоматология борборунун врач-стоматологу Игорь Евстифейкин ой бөлүштү.


– Жаш өткөндөн, тиштерди жакшы күтпөгөндөн же кандайдыр бир кырсыктын кесепетинен тиштеринен айрылып калган адамдарга тамак чайноо кыйынга турат. Ошол учурда кийме тиштер (салып-алып коюлуучу тиш протездери) жардамга келет. Кийме тиштердин бир нече түрлөрү болот.



 

НЕЙЛОНДОН ЖАСАЛГАН ТИШ ПРОТЕЗДЕРИ
– Мунун 3 түрү бар: толук протез, жарым-жартылай протез жана 1-2 тиш үчүн протез. Материал катары термопластикалык (ысык-суукка чыдамдуу пластик) серпилгич, гипоаллергендүү күлгүн нейлон колдонулат. Мындай протездер бүйлөлөрдү кыспайт жана адам жасалма тишине тез көнүп кете алат. Өзгөчө материалдан жасалгандыктан, бул протездер ээсине түбөлүктүү кызмат өтөй алат. Ал ийилет, бирок сынбайт. Мындай материал Кыргызстанга Израиль, Америка жана Германиядан алынып келинет. Баалары протездин чоң-кичинесине жараша 10 000ден 20 000 сомго чейин.



АКРИЛДЕН ЖАСАЛГАН ТИШ ПРОТЕЗДЕРИ
– Мындай протездин 2 түрү бар.

• Толук протез. Ооз көңдөйүндө бир да тиш калбай калган учурда колдонулат.
• Жарым-жартылай протез. Ооз көңдөйүндө бир нече тиш жок болгон учурда пайдаланылат. Материал катары акрилдүү желим колдонулат. Морт болгондуктан, протездердин бул түрүн этият урунуш керек. Жерге түшүп кетсе, үстүнө оор нерсе коюлуп калса, сынып калуу коркунучу бар.

БЮГЕЛДҮҮ ТИШ ПРОТЕЗДЕРИ
– «Бюгель» «дого» же «жаача» (дуга) дегенди түшүндүрөт. Демек, бюгелдүү тиш протездери дого сымал конструкциядан турат. Таңдайда жаактын эки жагындагы тиштерди көпүрө сымал туташтырат. Сырттан караган адамга байкалбайт жана тамак ичкенде ыңгайсыздык жаратпайт.

АТТАЧМЕНТ СИСТЕМИ
– Аттачмент (кошуу, бекитүү) – протездеги кулпу сымал конструкция.
Аттачменттин кызматы – салып-алып коюлуучу протезди калган тишке, азууга же имплантатка кошуп бекитүү. Бул 2 бөлүктөн турат. Биринчи бөлүгү тиштин ичине бекитилет. Экинчи бөлүгү тишке же имплантатка бекитилет. Экөөнү бириктиргенде кулпу сымал биригип, конструкция көрүнбөй калат.

КАМ КӨРҮҮ
Кам көрүүдө кийме тиштер өзгөчө ыкманы деле талап кылбайт. Кадимки тишке кам көргөн сыяктуу эле күнүгө тазалоону адатка айландыруу керек. Кийме тиш чечилген соң кадимки сууда тиш тазалоочу щётканын жардамы менен тазаланат. Андан кийин атайын таблетка кошулган сууга салып, түнү менен коюп койсоңуз, протезге жабышкан тамактын калдыктары эрип, өзүнчө бөлүнүп калат. Эртең менен кайрадан щётка менен тазалап, салып алууга болот.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 517, 28-сентябрь-4-Октябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан