БАЗАРБАЙ МАДОМОРОВ, маданият кызматкери: «БААРЫБЫЗ БОРБОРГО КАЧСАК, БУЛ ЖАК ЭМНЕ БОЛОТ?»

Биздин облуста кайсы маданий иш-чара болбосун, ушул таланттуу түгөйлөр дайыма көзгө урунат. Райондун маданият кызматкерлери Базарбай Мадоморов жана Чынара Дооронова менен маек курдук.

– Саламатсыздарбы? Эки чыгармачыл адам бир үйгө кантип батып жүрөт? Кандайча табышып калгансыздар?
Чынара Дооронова: – Биздин табышып үйлөнгөнүбүздүн тарыхы узун. Экөөбүз тең Жалал-Абад маданият техникумунда окучубуз. Базарбай элдик кол аспаптар, мен актёрдук жана режиссёрдук бөлүмүндө окугам. Алгач сөз айтып жүрдү, мен болсо көңүл бура бербедим. Сүрөттү жакшы тартчу да, сүрөт тарта турган болгондо жардам берип жүрүп, айтор, менин көңүлүмдү тапты окшойт. Ал мезгилде окуу жайдагыларды чөп чабыкка алып барышчу. Мен чөп чапканды эптей албай аябай кыйналып жүрдүм, кыз киши үчүн кыйын эмеспи. Ошондо Базарбай жардамга келер эле.
Базарбай Мадоморов: – Чынара окууну бүтүп үйүнө кетерде ала качмакчы болдум. Аңдып жүргөндө аны ата-энеси келип алып кетти. Анан ал Ала-Бука райондук Маданият үйүндө иштеп жаткан экен. Бир күнү гастролдоп жүргөн жерибизден театр менен чогуу жөнөп калдым. Ала-Букага барсак, бул майрамдап тээ тоо жакка кетип калыптыр. Жатар маалга жакындаганда Чынараны эптеп курбу кыздарынан алыстатып машинага салдык. Арзыбек Бедияров баштаган топ алдына барууга жөнөп калдык. Айтор, ызы-чуу болуп, «алып кетебиз, калтырабыз» деп жатып үйлөнгөнбүз. Учурда 3 балам, ширин неберем бар.

–Балдарыңыздардын ичинен сиздердин жолду улагандар барбы?
Ч.Д.: – Балдарымдын баары ыр чөйрөсүнө жакын. Бири комузга кызыгат, бири фортепианодо ойнойт. Улуу балам банк кызматкерлигине окуганы менен, ал да чыгармачылыкка жакын, обон жазып калат. Биз ырдаган ырлардын дээрлик баарын өзү аранжировкалап берет. Кызым Бишкектеги Улуттук консерваторияда окуп, ошону менен бирге Опера-балет театрында иштеп жатат.

– Экөөңүздөр чогуу жүргөндө кокустан тийишип алгандар болбой койбосо керек... Кызганыч жаатында кандайсыздар?
Б.М.: – Тойлордо эл кызматында болуп калабыз. Бир жолу тойдун ээси той бүткөндөн кийин ыраазычылык сөзүн айтып, Чынарага карап: «Кызым, сен мага жактың. Балам бар, сени ошого алып берип, келин кылып алайын»,- дейт. Мен «бул менин жубайым болот, мунун небереси бар» деп түшүндүргөм. Айтор, «аялыңыз жаш көрүнөт» деп калышат. Кызганыч, албетте, болбой койбойт, болот, бирок чеги менен.
Ч.Д.: – Мен кызганыч сезимимди ичиме катам. Ишенич бар жерде кызганычка алдырганды туура көрбөйм.

– Кызыктуу окуялардан бир үзүм...
– Студент кезде спектакль ойноп экзамен тапшырчубуз. Окууну бүтөр жылы дипломдук иш катары спектакль ойноп калдык. Мен башкы ролду аткармакмын. Менин каарманым башында бой көтөргөн кыз болуп, кийинчерээк бир жигит зордуктап, боюнда болуп калмак. А мен ошол кош бойлуу келиндин ролун ойномокмун. Аңгыча спектакль башталды. Мен кош бойлуунун образында сахнага чыктым. Базарбай кейпимди көрүп эле эшикти тээп чыгып кетти. Бир аздан кийин «эмне үчүн ал ролду сага берет? Жаман ою бар да» дей берди. Режиссёр менен айтышып, урушуп кетти. Ошондон уламбы, турмушка чыккандан кийин актрисалык кесибим менен иштетпей койду. Экөөбүз баш кошкондон кийин мени ырчы кылып жиберди. Анткени мен өзүм да «актриса болбосом ырчы болом» деп туруп алдым (күлүп). Жаш кезимде уруксат бербегени менен, карыган кезде эч ким карабайт деди окшойт. Барпы атындагы драма театрда иштеп жатам азыр.

– Чыгармачылыкта жүргөнүңүздөргө канча болду?
Б.М: – Жаш кезимден эле чыгармачылыкка сүңгүп кирип кеткен экенмин. Окуу жайды бүткөндөн бери элге ыр туртуулап келе жатам. Үйдө уулдардын эң кичүүсү болгондуктан, ушул шаарда эле калдым. Болбосо мен да борбордо жүрмөк белем, ким билет... Борборго баарыбыз кете берсек, «теледен чыгып, Эмгек сиңирген артист болобуз» дей берсек болбойт да. Облустун маданияты эмне болот анда?
Чыгармачылык жолумда көп нерсени көрдүм. Мындан 8 жыл мурун Ташкентке филармониянын тобун жетектеп барып келдим. Жалал-Абад шаарындагы Т.Тыныбеков атындагы филармонияда 14 жылдай иштедик жубайым экөөбүз. Ал жерде башчынын орун басары кызматында эмгектендим. Бакиевдин убагында алар тарабынан түшкөн сунуштан улам жумуштан чыгып кеткенбиз. Себеби «Ак жол» партиясы мамлекеттик деңгээлдеги топ түзмөк болгон. 16 адамдан турган топко мени жетекчи кылып дайындашкан болчу. Стадиондо бир жолу концерт берип, эл сынына түшкөн элек. Бишкектен гитарада, фортепианодо, саксофондо, айтор, бардык аспаптарда кол ойноткон адамдар топтолгон болчу. Эстраданы да, фольклорду да чогуу алып кетип, жалаң жандуу үн менен ырдоо талабы менен 6 айда топтун курамын бекемдедик. ТоптоГүлзина Мамаева, Гүлзада Рыскулова өңдүү ырчылар бар болчу. Андан кийин төңкөрүш болуп кетти. Айтор, ал топтун өмүрү көпкө узаган жок. Балким, топ жакшы ийгиликтерди жаратмак...

– Маегиңиздер үчүн чоң рахмат. Чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз.

Гүлжан Эшбаева
jalalabad@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 517, 28-сентябрь-4-Октябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан