АСКЕР КЫЗМАТЫНДАГЫ КУРМАНДЫКПЫ ЖЕ КЫРСЫКПЫ?

Кеңсебиз Нарын шаарында ачылгандан бери эшигибиз тынбайт. Бул жолу аскерде кызмат өтөп жаткан жигиттин оор абалда ооруканага түшкөнү тууралуу кабар келди.

БЕТИНЕ ТҮТҮК ТҮШҮП КЕТТИ
Редакциябызга Орозобек Накинов аттуу мырза байланышып, Нарын шаардык ооруканасына аскер кызматын өтөп жаткан жигитти оор абалда алып келишкенин кабарлады. Кабарды уккандан кийин эле ооруканага жөнөп калдым. Жигиттин абалы чын эле оор, жандандыруу бөлүмүндө жаткан экен. Тилекке каршы, бизди киргизген жок. Дарыгер «башы аман калды, шүгүр дейли» деп жигиттин энесин жоошутуп жатыптыр. Апасы Гүлмира Акматованын абалы айтпаса да түшүнүктүү. Көз жашын көлдөткөн эне төмөндөгүлөргө токтолду:
– Менин 8 балам бар, төртүнчүм Кундузбек 1991-жылы туулган. 2011-жылдын ноябрь айынын онунда аскерге кеткен. Балама «барбай эле кой» десек болбой, «жигиттик милдетимди өтөшүм керек, барам» деп кетип калбадыбы. 22-сентябрь күнү түштөн кийин «балаңыздын үстүнө түтүк түшүп кетип, ооруканага келди, келгиле» деп аскер бөлүмүнөн телефон чалышты. Бирок акча-тыйын жок болгондуктан, эртеси келдим. Атасы да иштебейт, пенсияны карап отурабыз. Балдарымдан эң зиреги, тыңы жана мен үмүттөнгөн балам ушул эле.
Эртең менен келсем, уулумдун бети таанылбай калыптыр. Шишип кеткенде адам башкача болуп калат тура, тилин бери тарттырып коюшуптур. Менин баамымда, уулум сабалган өңдүү, бирок командири бетине түтүк түшүп кеткенин айтты. Тамак иче албай жатат. Кечинде барып шорпо ичирсем, кичине кашыктын жарымын эле ичти, оозунан кан куюлуп жатат. Баламдын келечегин эч ким ойлогон жок. Аскер кызматындагылар биз дарылатабыз деп жатышат. Жылдар өткөндөн кийин баламдын ден соолугу кандай болот? Жаак сөөгү сынып кеткендиктен, тилин бери тартып койгонбуз дешти. Өзү тилге келип эч нерсе деп айта элек.

«ЭЧ КАНДАЙ САБАЛГАН ЭМЕС, ЖӨН ГАНА КЫРСЫК»
Чырактай жигиттин абалын көрүп, «келечекте ден соолугуна ким жооп берет, чын эле кырсыкпы же сабалганбы?» деген ойлор жаралбай койбоду. Ушундан улам Нарын шаарынын 25-аскер бөлүмүнө кайрылганыбызда өзүн Аманат Темиров деп тааныштырган аскер бөлүмүнүн юристи:
– 2012-жылдын 22-сентябрь күнү саат 15:45 чамасында «Кынды» заставасында ЭЦВ 8 насосун орнотуп жатканда Турарбек уулу Кундузбектин бет жагына түтүк түшүп кетип жаракат алган. Ал бир айдан кийин кызматын өтөп бүтүп, үйүнө кетмек. Биз бардык каражатын мойнубузга алабыз, бекер дарыланат. Эч кандай сабалган эмес, жөн гана кырсык,- деп билдирди.
Балыкчы гарнизонунун аскер прокурору Максатбек Молдалиевге байланышканыбызда:
– Мен маалыматты 22-сентябрда алдым. Бул боюнча иликтеп жатабыз, төрт-беш күндүн ичинде жыйынтык чыгарабыз. Кызмат өтөп жаткан балдар ошол жумушту жасаш керек беле же жок беле? Чын эле түтүк түшкөнбү? Мына ушунун баарын изилдеп, тактап чыгабыз,- деп жооп берди.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (80)
ded
2012-10-04 22:18:16
Токмок жегени корунуп эле турбайбы.
0
kuba1985
2012-10-05 17:09:55
чыдап кой брат отуп кетет,
0
JanumAkisha
2012-10-05 18:06:52
ушинтип ургандар олуп эле калбайсынарбы чондору баш болуп асынып эле алгылачы чондордун балдарында ушинтип сабап коруш керек да анан билишет ал акмактар байкуш энелерге эле кыйын болот качан энелердин коооз жашы акпай калат ким ушул ишти кылсада эч качан жакшылык корбосун омур бойу жакшылык корбой отуп кетишсе экен....
0
MaRmeLaDka
2012-10-05 18:12:17
Сабалганы көрүнүп эле турбайбы! Кайдагы жомокторду айтышат да. Жазасын беребиз дешет, бирок ал жазасын албайт, 100 % ишенем.
0
anteya
2012-10-05 18:32:58
Жараткан колдоп, энесинин багына сакайып кетсин. Албетте ушундай корунуштордон улам ата-энелер балдарын армияга жибергиси келбейт, эптеп пара берип алып калайын дейт. Тиги тактайбыз, изилдейбиз дегендерге ишенбейм. Тилеке каршы олкобуздо чындыкты табуу жомоко айланды го. Эмнеси болсо да мындай кызмат отоого мен каршымын, бул кызмат отоо эмес, бул карапайым элди шылдындоо деп эсептейм.Ким кылса да жазасын алсын, ошол сабаган кир колдору экинчи эч кимге которулбой калсын!!!
0
prezent
2012-10-06 11:13:48
Салам баарына! армиядан ушундай корунуштор болуп турса,биздин муун баргысы келбейт.демек армияны жоюу керек.же барса акча толоп беришсин мамлекет.олумдор акыркы кундору коп болуп жатат.Кычкасы кыргыздарда армияны да аялы башкарат окшойт,чиновниктер бул балага жардам бербейсинерби?баланыз сакайса ачыгын айтсын,коркпостон.Кыргызда ушундай боло берсе "омур бою" онукпойбуз.100% кепилдик берем.ууффф жиним келди,ак уйдогулор да козомолго албаганына
0
emantekova
2012-10-06 13:43:19
акмактар ,зоокурлор сабалган эмес деп калпты суйлоп отурушат ушундай корунуштордон кийин кантип биздин жигитер кызмат отогусу келсин бул зоокурлор армияда болгон жумуштарын жасатып тепкилеп тамак бербейт менин иним же балам болсо жибермек эмесмин
0
bopos
2012-10-06 18:25:50
байкуш баягы эле тушкон туйушук ата-энеге,кичинекейинен уйку корбой чонойтуп койсо мынтип корунгондон токмок жеп жатып калып эми да уйку корбой кудайдан тиленип отурушат.айыгып озу баарын айтса ошондо да биздин устубуздогулор жаап-жашырып чыга келишет,алар жакшылык корбосо экен ушундай кылгылыкты кылып коюшуп.токмок жеп байкуш эми жакшы болуп кет кудайдын шыпаасы менен.ата-энеге кайрат берсин.
0
emilkyrshab
2012-10-07 17:45:19
кудай урган акмактар,эркекче иш жасабайсынарбы,жалгыз адам мынча урбаса керек,групповой сабаган баланы,тутук-мутук эмей эле,жаш баланы алдагандай алдабай эле койгулачы акмактар! оорунун кадрын соо билмек беле,озунорду да ушундай сабаш керек эшектер
0
tynchtuk
2012-10-07 19:11:08
Кудайым озу колдосун айыгып кет
0
Pegasus
2012-10-12 10:36:50
атайын сабашканы корунуп турат, кырсыка кабылкандай корунбойт го
0
kylych...91kg
2012-12-14 21:16:20
sabawkany korunup turat,
0
merlis
2013-05-05 12:32:17
ар бир иштин оз специалисти(жумуш адиси) болот,кандай жумуш болбосун кызмат учурунда созсуз турдо специалисти жок жумуш кылууга мумкун эмес,ар бир аскерге жоопкерчилик менен караш керек аскердин ошол кызматы менен эле турмуш чектелбейт ал эртен кандай? жашайт,канча жашайт буга эч ким кепил эмес.мындай корунуштор аз эмес ар бир обла ар бир тоолуу районо бар.
жаш жигиттерге эн биринчи денсоолукту караш керек баатыр болуп,отко куйуп,суука тонгондун кереги жок "АР НЕРСЕ ОЗ ООРДУ МЕНЕН"
0
merlis
2013-05-05 12:57:31
ата-энелер оз уулдарын аскерге узатып жатканда тарбия насаатын айтбайт озунду кара,бироону сабаба,жаман иштен алыс бол деп,комбат айтты тигинин чобун чабыш керек,мунун дубалын уруш керкек,анын уйун кооруш керек десе эле кете бербей.Армия коргонууну,уйронуу курал жарак кармоо,бардык аскер сырларын уйронуу.Аскердик болуктун жумушун мамлекет кам корушу керек курулушун тажрыйбалуу куруучулар аркылуу,канип кечеги жаш балдарга ушундай жумуштарды тапшырат.
0
merlis
2013-05-05 13:05:22
куруучунун акчасы чонтоко 5 аскер кыбырап бутурот алар кантип бутурот ишиделе жок.БИРОК ДЕГЕН ЖЕРИ БАР КИМ БИЛЕТ ДЕДОБШИНА ОНУККОН БИЗДЕ !!!
0
№ 517, 28-сентябрь-4-Октябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан