НАРЫНДА ЭҢ ЧОҢ АЛМА 410 ГРАММ БОЛДУ

Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Баетов айылында Алма фестивалы өттү. Мындай саамалык жетинчи жолу өткөрүлүп жатат. Чындыгында, Ак-Талаада алма өсөт деп ойлогон эмесмин. Токочтор, түркүн тамактар, ар кандай сувенирлер жана кийимдерден бери алмадан даярдалган экен. Фестивалдын негизги максаты – Нарын жана Ысык-Көл облустарында багбанчылыкты өнүктүрүү жана базар катнаштарын түзүү менен тажрыйба алмашуу.
Фестивалга 60тан ашуун айылдардын багбандары чогулду. Ошондой эле айылдын тургундары өз таланттарын көргөзүшүп, ар кандай ыр-бий менен коштолду. Саамалыктын жүрүшүндө карвинг (алманы кооздоп кесүү өнөрү), эң мыкты таңгактоо (кагаз, камыш, талдан жасалган себеттер), алма ашканасы (алма кошулуп жасалган даамдар) көргөзүлдү. Жыйынтыгында «Эң чоң алма» наамын Коңорчок айыл өкмөтүнөн келген Аида Апасованын 410 грамм салмактагы «Кыргыз кышкысы» алмасы жеңип алды.
«Коңорчок айылында алманын көптөгөн түрү өсөт. Мен жаңы келин болуп келгенде эле апам, атамдар (кайнене-кайнатасы) алма өстүрүшчү экен. Биз да алардын жолун улап, өстүрүп келебиз. Алма тазалыкты сүйөт, дайыма тегереги таза болуп турушу керек. Ал музыкага өтө жакын болот. Жаз келип, бүрдөп баштаган мезгилде классикалык музыкаларды коюп койсо, кадимкидей жанданат. Эгер биз жакшы көңүл бурбай калсак, өспөй калат. Апам менен атамдын көзү өткөндө кадимкидей жоктошуп, өспөй калган. Мурда 12 түп алма болсо, азыр 8 түп бар. Канчалык эркелетип, жылуу сөздөрдү айтса, алма жакшы түшүм берет»,- дейт жеңүүчү.

naryn@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
TolonturCN
2012-10-01 18:53:19
410 ГРАММ укмуш чоң го, ошол алманын сүрөтүн көрсөк болгон экен?
+1
ayildik_kiz
2012-10-05 10:25:33
Мен да уйумдогу алмалардын эн чонун таразага тартып корушум керек экен...
0
№ 517, 28-сентябрь-4-Октябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан