КОЛУНАН КӨӨРҮ ТӨГҮЛГӨН ӨНӨРПОЗДОР

Кара-Кулжага барып калып, чыныгы өнөр ээлерине кезиктим. Бири уста Курманалы мырза болсо, экинчиси чебер Бегимай.

Бегимай Жаныбек кызы, чебер:«МАХАБАТ ДАСТАНЫНДАГЫ» БЕГИМАЙДЫН АТЫН АЛЫП ЖҮРӨМ»

– Бегимай, атыңды ким койгон?
– Атымды чоң атам койгон. Мен төрөлгөн жылдары «Махабат дастаны» деген кино жаңы эле тартылып, эл арасында популярдуу болуп жаткан экен. Ошондогу башкы каарман – Бегимайдын комуз черткени чоң атама жагып калып, мени да комуз чертип жүрсүн деп атымды Бегимай коюптур.
Чоң атам комуз чапчу, бирок черте алчу эмес. Мен 12 жашка толгондо көз жумду. Ошондо мени чакырып атым жөнүндөгү окуяны айтып берип, мага акыркы чапкан комузун белек кылган. Кызык, бирок эч кимдин жардамысыз эле үйрөнүп алгам комуз черткенди. Азыр уккан күүмдү күүгө салып черте берем.

– Оюм-чийим түшүрүп уз турбайсыңбы?
– Чоң атам каза болгондо баары башталды окшойт. Ага чейин куурчакка эле кийим тигип жүрсөм, чоң атамдын сөзүнөн кийин негедир кыргыз буюм-тайымдарын тиге баштадым. Мисалы, жөлөнгүч, буюм салып коё турган баштыкчаларды тиккем. Мектепти бүткөндөн кийин Бишкектеги тигүү цехинде бир жарым жыл иштедим. Кыргыз көйнөктөрүн тигип, жууркан жасачубуз. Ал жактан себимди даярдап келгенимде апам аябай кубанган.

– Кайненең да чебер экен, тажрыйбаң дагы жогорулап жатабы?
– Ооба, шырдактарды оюп, тигип жатабыз. Сумка токуган­ды, курактын татаал түрлөрүн да үйрөнүп калдым.

Кайненеси Жумабү эже:
– Келиниңизди өзүңүз издеп тапкансыз го?..
– Келиним менен уулум сүйлөшүп жүргөнүн билген эмесмин. Үйгө келгенде байкагам мындай өнөрүн. «Кайнененин камырынан» дегендей, келиним өзүмдү тарткан.

– Ийне-жипти келинге өткөрүп бериптирсиз да?
– Келиним, кыздарым, баары тиге беришет. Акыркы кездерде көп ооручу болдум, өнөрүмдү улап кетчүлөр ушулар. Бир көрсөтүп берип койсом, калганын өздөрү бүтүрүп коюшат. Жаш кезимден бери чебер болсом да, өнөрүмдүн бактысы 2002-жылы чет элдик уюмдардын «Тоолуу аймактарды өнүктүрүү» деген долбоору биздин айылга келгенде ачылды. Ошондон бери чет элдиктер менен байланышып, жасаган буюмдарыбыз чет жакка кымбат баада кетип турат.

Курманалы Сулекеев, уста:«АТА ЖОЛУН УЛАП КЕЛЕМ»
– Курманалы мырза, атагыңызды алыстан угуп келип калдык. Ат жабдыктарын жасайт экенсиз. Кантип жасалат, бөлүшпөйсүзбү?
– Кош келипсиңер.Эми өнөр тууралуу айтайын. Атка токулуучу ээр талдан жасалат. Биринчи талды кыйып алып, бир жыл коюп коёбуз. Саратан мезгилди көргөндө тал толугу менен кургап, ээр чапканга даяр болот. Анан негизги курал – чоң керки (теше) менен ээрдин формасын түшүрүп алабыз да, майда иштерди кичинекей керки менен улантабыз. Бир айдын ичинде 5-6 ээрди тери менен каптап, оймо түшүрүп даярдап коё алам. Талдан жасаганымдын себеби, мындай ээр атка жеңил жана ыңгайлуу болот. Башка жыгачтардын ээрлери жарылып кетет. Тал ийилчээк келип, устанын түйшүгүн жеңилдетет.

– Ээрге тери каптоонун жолдорун айта аласызбы?
– Негизи, уйдун териси менен капталат. Семиз уйдун териси калың болот. Мындай тери менен капталган ээр бир кылымга дейре чыдайт. Мал союлганда терисин агын сууга байлап коюу керек. Эрте жазда же күз мезгилиндеги суу, күндүн табы он күндүн ичинде терини түктөрүнөн жакшы ажыратат. Анан тазалап ээрге каптап коёбуз. Күкүрт кислотасы менен да тазаласа болот. Бирок анда тери ууланып, сапаты начар болуп калат.

– Өзүңүз кайсы кесиптин ээсисиз?
– Бишкекте 4 жылдык техникумда окуп, «Булгаарыны көркөмдөп жасоо боюнча чебер» деген адистик боюнча диплом алгам. Негизи, атам чоң уста болгон. Мен 6-класстан баштап эле атама жардам бере баштагам. Ата жолун жолдогонум бир чети болсо, экинчиден, кыргызга керек болгон буюмдарды унутта калтырбай жасап келе жатам. Боз үйдүн жабдыктарын да жасайм. Курт түшпөгөн, ийилчээк, бирок калыбынан жазбаган жыгач болгондуктан, ага деле талдын жыгачы керектелет.

– Бир ат жабдыгы толугу менен канча турат?
– Жүгөн, ээр, басмайыл, үзөңгү, жазы, тердиктери менен 15 000 сом.

– Жубайыңыз менен бирге өздүк чеберчилик боюнча райондук сынактан биринчиликти алганыңызды уктум...
– Ооба, жубайым да чебер. Экөөбүз Кара-Кулжа району тарабынан уюшулган айыл өкмөттөр аралык «Үлгүлүү үй-бүлө» аттуу сынакта 1-орунду жеңип алдык. Өзүбүздүн эмгек менен ийгиликтерди жаратып келе жатабыз.

Курманалы устанын жубайы Аида Эже:
– Кыргыздын буюм-тайымдары акыркы учурларда аябай баркталып жатат. Жолдошум улуттук буюмдардын эркек кишилерге керектүүсүн жасаса, мен аял кишилерге тиешелүү бардык буюмдарды тигем. Тогуз баланы төрөп, «Баатыр эне» деген наамга да ээ болгом. Коомдук кызматта иштебесек да, балдарыбызды чеберчилик жана устачылык өнөрүбүз менен багып келе жатабыз.
Учурда улуу кызыбыз студент, калгандары мектепте окушат. Элчилеп Орусияга кетирбей, баарын жогорку билимдүү кылабыз деген ниетибиз бар. Кыздарым мага, уулдарым атасына жардам беришет. Баары тең эптүү, биздин өнөрүбүз балдарыбызда да бар экени байкалып турат.

– Маегиңиздерге рахмат.

Уулбү Каныбекова
оsh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (16)
mari20
2012-10-01 13:11:17
Ай ий бул Бегимайдын чоноюп калганын билбепмин
+1
anteya
2012-10-01 13:54:47
Сиздерге ийгилик каалайм,онорунор оркундой берсин.
+1
tolik
2012-10-01 14:42:57
Эн жакшы азаматсыздар! Мына ушундай улгулуу уй булоолор мекенибизде кооооооп болсо экен.
0
Kidnessmoon
2012-10-01 15:30:14
Кыргызстанда таланттуу силердей адамдар кобойо берсин, силерге ден соолук каалайм.
0
bob
2012-10-02 03:27:06
Ай мобул кыз биздин айылдаш болотго
+4
mari20
2012-10-02 17:44:07
bob, Сен Сайдан болот окшойсун,айылдаш экенбиз
0
ayildik_kiz
2012-10-02 10:33:04
Онорун болсо ачка калбайсын деген кепке дагы бир далил!
0
Danita
2012-10-02 22:11:04
Менин апам , круче шьет !!!
-1
ABIL
2012-10-03 15:36:00
Kара-Kулжанын буркуту болгонума сыймыктанам!
0
dinar83
2012-10-03 16:01:33
Онорунор оркундой берсин мекендештер
0
Delicacy
2012-10-04 12:43:13
Мына ушул инсандарды нукура кыргыз десе жарашат. Баракелде.
+2
Asul
2012-10-05 09:35:07
Оймо салынган ээрлер сонун экен. Дегеле кыргыз буюмдары эн сонун, коз жоосун алат.
0
zak81
2012-10-05 13:00:09
онорунор оркундой берсин!.
0
elif
2012-10-07 08:32:05
ishinerge iygilik,onorunor orkundoy bersin.
0
fbd
2012-10-09 17:46:56
ОО менин балдызым го. Азаматсын Бегимай.
0
torrero-81
2012-10-09 18:39:45
Азаматсын Курман ака..ийгилик сизге...Жетим-добого салам
0
№ 517, 28-сентябрь-4-Октябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан