2012-жылдын 13-июнунан 14-июнга караган түнү Бакай-Ата районунун Наматбек айылында кырсык катталган. Бирок каза тапкан адамдын үй-бүлөсү аны жерге бергенден бир топ күндөн соң гана анын киши колдуу болуп өлгөнүн айтып, кылмыш иши козголгон. Чуулгандуу иштин баяны төмөндөгүдөй экен.
ӨЗ АЖАЛЫ МЕНЕН ӨЛДҮ ДЕП...
14-июнда Бакай-Ата районундагы Наматбек айылынын 1965-жылы туулган тургуну Т.Т. өз ажалы менен каза тапты делинип жерге берилет. Маркумдун аялы жана баласы «эч кимге дооматыбыз жок, маркум жүрөк оорусунан каза тапты» деп билдиришкен. Анткени маркумдун жүрөк оорусу болгон экен, коңшулары жана башкалардын тилине кирип, алгач ушундай деп айтышкан.
Бирок 9-июль күнү каза болгон адамдын баласы, 1988-жылы туулган К.Т. Бакай-Ата РИИБине арыз менен кайрылат. Анда 14-июнда түнкү 24:30дар чамасында айылдашы А.Т. аттуу жигит атасын үйдөн чакырып чыгып, эшик алдында таш менен уруп өлтүрүп койгондугун жазган. Бул эле эмес, «биз түшүнбөстүктүн айынан милицияга арыз жазып кайрылбастан, жерге көмүп койгонбуз» деп белгилеп, күнөөлүү адамга карата мыйзам чегинде жаза берүүлөрүн суранат.
10-июлда аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, өлгөн адамды эксгумация жүргүзүү токтому чыгарылат. Соттук-медициналык экспертизаны жүргүзүү иши эксперттерге дайындалган.
Ошентип, маркум Т.Тнын сөөгү алынып чыгып, эксперттер тарабынан кароо жүргүзүүдө Т.Тнын оң көзүнүн үстү жагында жарааттын бар болгондугу, ошондой эле денесинин оң тарабында, колтугунун астында, кабыргалар жагында жана далысында катуу нерсе тийгенинен улам кан уюп калгандыгы такталат.
«ЭРКЕК БОЛСОҢ ЭШИККЕ ЧЫК!»
Кылмыш иши боюнча күбө катары суралган маркумдун аялы Г.Т. «13-июнь түнү жолдошум үйгө кызуу абалында келип, «азыр мага бирөөлөр келет, келсе мени чакырып кой» деди. Ошондон 15-20 мүнөт өтпөй үйгө коңшубуз А.Т. кызуу абалында келип, жолдошумду оозго алгыс сөздөр менен тилдеп, «эркек болсоң эшикке чык!» деп эшикти тепкиледи. Тигинин кызуу экенин көргөн соң жолдошумду «эшикке чыкпа» деп үйдө кармап турдум. Бирок ал атасы менен тең болгон күйөөмдү сөгүп, тилдей бергендиктен, күйөөм чыдабай сыртка чыгып, аны менен уруша кетти.
Көп өтпөй А.Т. көчөдөгү төгүлүп жаткан кумдун үстүндөгү таштарды ала калып, жолдошумду бир нече ирет уруп жиберди. Мен чуркап барып А.Тнын үйүнөн инисин чакырып келдим. Бирок бизге А.Т. баш бербей мушташып, күйөөмө асылганын токтотподу. Уруш башталгандан болжолу 30-40 мүнөт өткөндө күйөөм чарчап, эшик алдындагы чөптүн үстүндө отурган маалда А.Т. инисинин колунан чыгып, жолдошумду көздөй чуркап келип, катуу нерсе менен чаап жиберди. Караңгы болгондуктан, жакшы көрбөй калдым. Ошол замат күйөөм «оох» деп үн чыгарган бойдон кулап түшүп, өзүнө келбей каза тапты» деп көрсөтөт.
Жогорудагы кылмышка шектүү деп 1984-жылы туулган А.Т. камакка алынган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатканын
Бакай-Ата РИИБинин жетекчиси Андаш Мураталиев билдирди