«АЯЛЫМ МЕНИ АЛДАП ТИЙИПТИР, АЖЫРАШТЫМ»

Эртең менен Талас шаарындагы кеңсебизге баш баккан мырза алгач сырын айтмакка келгенин билдирди. Саламдашып отурган соң бул оюнан кайтып, кетүүгө камынды. Бирок чыгып баратып ойлонду окшойт, «мынчалык келген соң айтайын» деп кайрылып, кеп баштады.

– Биринчи аялым кайтыш болуп кетип, 3 балам менен калгам. Мезгил бир орунда турбайт экен, анын үстүнө аял жок, 3 эркек балам болуп кыйналып кеттик. Ошентип, экинчи ирет үйлөнүүгө туура келди. Ошол кездерде тааныштар аркылуу жашы 37деги бир келин менен таанышып калдым. Ал тааныштары таластык болуп, ушул жакка келгенин айтты. Абдан жүдөө, сыртынан эле турмуштун запкысын көп тартканы көрүнүп турат. Үстүнө кийген кийими да эски экен. Ал мага жолдошу аракеч болгондуктан ажырашып кеткенин, 1 уулу бар экенин, ал атасында калганын айтты.
Жолугуп сүйлөшүп калган кездерде байкасам, сөзү орундуу, жүрүш-турушу жакшы эле неме көрүндү. Башканы кайдан издемек элем деп ага баш кошууну сунуштасам, макул болду. Ошентип, бирге түтүн булата баштадык. Үйдө бекер отурбай деп ал кафеде иштеп жүрдү. Үстү жаңырып, багуусу жарашып, өңүнө чыгып калды.
Бир жолу базарга чогуу барып калдык. Базардан бир эркек жолугуп калып, аялымды ашатып сөгүп, «касиети жок, 3 баланы мага таштап, эрге тийип...» деп жулмалап кирсе болобу?! Жиним келип, мушташып жатып калдык. Жаныбыздагылар ортого түшүп ажыратышты. Бир убакта кепке келип сүйлөштүк. Көрсө, ал аялымдын мурунку күйөөсү экен. Аялымдын кафеде иштеп жүргөнүн бирөөлөрдөн угуп, атайын Нарындан Таласка издеп келген экен. Аялыма «күйөөгө тийген болсоң, 3 баланы тең ошол жерге алып барып бак. Болбосо аныңды таштап, үйгө кел. Энем өлүп, 3 баланы бага албай кыйналдым. Башка аял өгөй балдарды карабайт экен. Же балдар үйүнө берип салайынбы?» деп кыйкырып жүрөт. Көрсө, экөөнүн 3 баласы бар экен да. Ошондо гана аялым мага калп айтканын билдим. Мурунку күйөөсү «бул аял менен жашайм десең, 3 баланы тең өзүң багасың» деп күпүлдөйт. Аялым болсо «кет, көзүмө көрүнбөй жогол! «Башка аял алам, балдарды сага эч качан бербейм» деп кубалабадың беле?! Энең бир өлмөктөн үч өлбөйбү?! Көк мээ, ичкич...» деп бакырат.
Ошондо гана аялымдын калп айтканын, калп айткандан тышкары тили да заар экенин билдим. Үйгө келген соң унчукпай кийимдерин түйүп берип, жолуна деп акча карматтым да, сыртка чыгарып койдум. Элден «кээ бир аялдар күйөөгө калп айтып тийип алышат» дегенди угуп, көп маани бербей жүрсөм, эми минтип өз башымдан өткөрүп отурам. Эне деген ыйык дечү элек. Ушинтип 3 баласын бирдей таштап, менин башымды айлантып жүргөнүнө өтө таң калдым. Ушундай аялдар азайса, эркектердин деле жүрөгү бар экенин унутушпаса дээр элем.

Каныбек
Канымжан Усупбекова
talas@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (22)
nelli
2012-10-01 19:38:03
как всегда аял куноолу эркек апапакай
+1
Baratali0706
2012-10-02 00:02:39
Ошон учун ар бир адам, озунун башынан отконуну айтканда, созсуз бирдемкени жашынтып айтат. Ким биринчи айтса ошол адам апапакай болот, эки тарапты тен уккан сон, анан тушуносун.
0
benka80
2012-10-02 09:30:14
ишене албай жатам 3баласын таштап куйоосу туруп ушуларга тангалам да
0
mirgul-83
2012-10-02 23:40:41
карес,эн туура айтат. мен дагы ар дайым окусам редакцияга келип деп жазат. Андай болбосо керек менин оюмча.
0
Jaigz
2012-10-03 11:17:31
эркектер аппакай болуп, ким жаман аял жаман болуп калыптырго, аны кууп салган дан кийин турмшка чыгып атпайбы, бул жерде аялда куноо жоок, баарына эркектер куноолуу
0
Aya86
2012-10-03 16:29:39
качан караба аялдар бар жокко куноолу эркектер башын иштетиш к-к да анан аял аял болот да мен эркекти куноолойм мындай турмушка...
0
naglyi
2012-10-04 11:33:37
Тушуном. Эркекти эркек кылган ошол аял. Аялын жаман болсо ошондой экен да эхх..... (озум да ошентип журом жылаандын айынан уйго барбай) жапжаш туруп кайра турмуш кургум келбей калды.
0
Meris
2012-10-04 16:47:59
эгерде жакшы бакса, кара катын ак болот дейт. Кантип эле 3 баланы ьташтап кетип калсын тынч жеринен еще 37 чыгып алып. ошондой кетиш керек болгондо кетти айла жок кыйналганда кайра куйоого тийди да - чуйжая семья темный лес куноо 2 жакта.
0
Meris
2012-10-04 16:51:05
аялдар алкаш болсо да балдарын таштабай алып багып журушот, коп кыынчылыктардан ичип анан алкаш болуп кетет. Кобу ажырашканы мн жалгыз бала багуу ор бьолуп арга жок алыс жерден акча табуу чун кетип жатышат. Жашаган жери, же айлыгы жетиштуу болсо баласын кучактап эле мандайында отурганга не жетсин. Бир таанышым азр алыс жерде иштейт, кунуно чалат баласы учун-жашоо болот, акчасы да болот, бирок бала учун кыйналып кеттим деп аран журот эми чыдаса эмки жылы жазда келет. Так что у
0
Meris
2012-10-04 16:55:34
Так что уйдун башы-эркектер балдарынарды тируулой жетим кылбасанар - баары бир 2 эне оз енесиндей болбойт. Аракет кылып уйунорду сактап калсанар - кечиргиле Кыргыздардын "Эркектери" жалкоороок, уйбулого-аял кишиге орой, кобунор балага мамиленер жок адам болосунар. Жетпесе аялды куноолоп, байысанар аялды чанып баары бир кобунчо таштайсынар- анан аял куноолу. Кыздарынардай кыздарды бузасынар- Илгерки еркектер аталар кандай уй-булосун сактап- аталарын кандай сыйлышчу. Арак ичип тордо жатса кайдагы
0
mir_ak.kg
2012-10-06 00:53:26
Бир гана жараткан билет кимде куноо ким таза. Бирок бар нерсенин баркын билип баалай билген жакшы го урматтуу достор!?
0
Bakin
2012-10-06 15:37:19
Астафирулло. Ыйманга келгиле! Акыр заман адамы алп болуп, коздорун май басып жатканы анык го...
0
Angel_Akberdi_
2012-10-07 05:48:59
Бул жерде биз олтуруп алып, уч адамдын тагдырын чече турган "шер" боло берээрбиз, бирок чынына жакын келгенде - ал адамдык касиеттин, чыдамкойлугун текшере турган, озу - турмуш... Ал аялды, куйоосун куноологондой биздин даражабыз жок, аны кудай чечээр, болгону адамга кыйыны - кун сайын адам болуу, бул жерден озубузго сабак болоор узгултук алуубуз ыктымал.
0
tuigan.
2012-10-07 12:21:24
ээй турмушун эшек араба туулдун калдын балееге дейт экен да
0
Daiis
2017-10-23 01:18:25
Иии байкушум ай, аялдын кадырын билип, караанына зар болуп турган экенсин, балдарга жаман болуптур эч качан энеси жок бала жакшы сөз эч кимден укпайт, оорубай чонойушсун эми
0
№ 517, 28-сентябрь-4-Октябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан