Баткен мамлекеттик университетинин маданий залында 20-сентябрь күнү агартуу жаатындагы кызматкерлердин, коомчулук өкүлдөрүнүн катышуусу менен таланттуу жазуучу Мурзапар Үсөндүн «Өмүрдөгү узак жол» аттуу китебинин бет ачары болду. Салтанатта жазуучу өзүнүн жаңы эмгеги жөнүндө маалымат берди. Андан тышкары «Муз булак» корук-комплекси жөнүндө слайд-шоу коюлду. Бул китеп «Муз булак» корук-комплекси жөнүндө жазылган. Китепте комплекстин курулуу тарыхы жана азыркы учурда туристтик жайга айланып бараткандыгы тууралуу баяндалган.