Баткен районунун Карабак айыл өкмөтүнүн тургундары губернатордон жүрөк өйүткөн бир маселесин чечип берүүнү суранышты. Айыл элинин атынан айыл өкмөт жана активисттер мындай дешет: «Биз, карабактыктар, өндүргөн товарларыбызды 2 чоң базарга алып барып сатабыз. Алар: Баткен шаарынын базары жана Самаркандек айылынын базары. Тилекке каршы, аталган 2 базар тең ишемби күнү болот. Товарларыбызды сатууга 1 күн жетишсиз болуп, кошумча Тажикстанга алып барууга аргасыз болуп жатабыз. Ал жакка баруу үчүн чек арадан өтүүгө туура келип, түрдүү маселелер жаралууда. Эгер Баткендин базары жума күнгө жылдырылса жакшы болмок. Жума күнү Баткенде, ишемби күнү Самаркандекте базар болуп элге абдан ыңгайлуу болмок. Тажиктер өрүк жана башка нерселерди алуу үчүн бизге өздөрү келишмек».