24-25-сентябрь күнү Баткен шаарынын Маданият үйүндө «Эл аралык ынтымак» көргөзмөсү болуп өттү. Көргөзмөдө Кыргызстанда жашаган түрдүү улуттардын тарыхы, каада-салты, улуттук кийимдерин чагылдырган буюмдар тартууланды. Мындай көргөзмө узак убакыттан бери болбогондуктан, баткендиктер акылына акыл кошуп, руханий жан дүйнөсүн байытып кетишти десек жаңылышпайбыз. Көргөзмө «Ош үңкүр» комплекси тарабынан көрсөтүлдү.